Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 23-декабры № 623-б
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Иран Ислам Республикасынын Саламаттык сактоо, медицина жана медициналык билим берүү министрлигинин ортосундагы Саламаттык сактоо, медицина, фармацевтика жана медициналык жабдуулар чөйрөлөрүндө биргелешип кызматташуу ниеттери жөнүндө протоколдун тиркелген долбооруна макулдук берилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Иран Ислам Республикасынын Саламаттык сактоо, медицина жана медициналык билим берүү министрлигинин ортосундагы Саламаттык сактоо, медицина, фармацевтика жана медициналык жабдуулар чөйрөлөрүндө биргелешип кызматташуу ниеттери жөнүндө ПРОТОКОЛ
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Иран Ислам Республикасынын Саламаттык сактоо, медицина жана медициналык билим берүү министрлиги (мындан ары "Тараптар" деп аталуучу),
саламаттык сактоо, медицина, фармацевтика жана медициналык жабдуулар чөйрөсүндө достук мамиледеги эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо жана кеңейтүү ниетин жетекчиликке алып,
достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында,
Тараптардын жалпы, тең укуктарын жана өз ара пайдаларын белгилөө менен, төмөндөгүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене. Медициналык жана ооруканалык кызмат көрсөтүүлөр жаатында кызматташуу
1. Иран Тарап Кыргыз Республикасында заманбап адистештирилген жеке менчик ооруканаларды куруу жана ишин жөнгө салуу үчүн жеке сектордогу кызыкдар инвесторлорго дем берүүгө жана зарыл болгон колдоолорду көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.
2. Иран Тарап Тараптардын мамлекеттеринин саламаттык сактоо уюмдарынын ортосунда эмгектик макулдашууларды түзүү аркылуу Кыргыз Республикасынын медициналык борборлоруна дарыгерлерди жана ортоңку медициналык персоналды жиберүүгө даяр экендигин билдирди.
3. Иран Тарап Тараптардын ортосунда макулдашылган шарттарда Кыргыз Республикасынын медициналык борборлоруна медициналык адистердин жана бир багыттагы кесиптик адистердин топторун кыска мөөнөттүү командировкаларга жиберүүгө даяр экендигин билдирди.
4. Иран Тарап Тараптардын ортосундагы макулдашылган шарттарда Кыргыз Республикасынан бейтаптарды иран медициналык борборлорунда кабыл алууга жана дарылоого даяр экендигин билдирди.
2-берене. Фармацевтика, медициналык жана лабораториялык жабдуулар чөйрөсүндө кызматташуу
Фармацевтика, медициналык жана лабораториялык жабдуулар чөйрөсүндө кызматташуу төмөнкү жолдор менен ишке ашырылат:
1) Талаптагыдай өндүрүштүк практиканын стандарттарына ылайык (GMP-Good Manufacturing Practice) препараттарды каттоо жана сапатына сертификат берүү жөнүндө жоболорду алмашуу (англис тилинде);
2) Тараптардын макулдугу боюнча зарыл болгон дары препараттары жана медициналык жабдуулар менен камсыздоого көмөк көрсөтүү;
3) Тараптардын макулдугу боюнча эксперттерди жиберүү жана кыска мөөнөттүү окутуу курстарын өткөрүү форматында препараттардын сапатын контролдоо жаатында маалымат алмашуу жана кызматташуу;
4) препараттарды каттоо жана сертификациялоо процессин тездетүүгө Тараптардын көмөк көрсөтүүлөрү;
5) Кыргыз Республикасында фармацевтик препараттарды чыгаруу боюнча заводдорду куруу мүмкүнчүлүгүн иликтөө;
6) Тараптар өткөрүүчү фармацевттик көргөзмөлөргө Тараптардын активдүү катышуусу үчүн колдоо көрсөтүү жана зарыл болгон жеңилдиктерди берүү;
7) медициналык жана стационардык борборлорду жабдуу жана пайдаланууга киргизүү жана инженердик-техникалык кызматтарды көрсөтүү үчүн Иран Тараптын инженердик-техникалык кызматтарды көрсөтүүсү, ошондой эле адистештирилген медициналык жабдуулар чөйрөсүндө тажрыйба жана көндүмдөрдү алмашуу.
3-берене. Медициналык илимдер боюнча илимий-изилдөө жана билим берүү чөйрөлөрүндө кызматташуу
Медициналык илимдер боюнча илимий-изилдөө жана билим берүү чөйрөлөрүндө кызматташуу төмөнкү жол менен ишке ашырылат:
1) Тараптардын мамлекеттеринин университеттеринде жана илимий борборлорунда биргелешкен конференцияларды, семинарларды жана илимий форумдарды өткөрүү;
2) эл аралык илимий семинарлардын (конференциялардын) программалары жөнүндө маалыматтарды үзгүлтүксүз алмашуу жана өз ара чакырышуу;
3) Тараптардын мамлекеттеринин медициналык жогорку окуу жайларынын ортосунда медициналык билим берүү системасында маалымат жана тажрыйба (жана илимий макалалар менен) алмашуу;
4) Тараптардын мамлекеттеринин медициналык жогорку окуу жайларынын, илимий-изилдөө борборлорунун жана мекемелеринин ортосундагы илимий-билим берүү кызматташтыгын жөнгө салуу;
5) Тараптардын ортосунда макулдашылган шарттарда Тараптардын дарыгерлик жана ортоңку медициналык персоналынын кызматкерлеринин топтору үчүн кыска жана орто мөөнөттүү адистештирилген жана квалификациялык окутуу курстарын өткөрүү;
6) Тараптардын ортосунда макулдашылган шарттарда Иран Ислам Республикасынын окутуучуларын жиберүү жолу менен Кыргыз Республикасынын дарыгерлик жана ортоңку медициналык персоналынын кызматкерлеринин топтору үчүн кыска мөөнөттүү адистештирилген жана квалификациялык окутуу курстарын өткөрүү;
7) жогорку медициналык жана орто медициналык билим берүүнүн бардык багыттары боюнча окутуучуларды жиберишүү.
4-берене. Медициналык жардам, инфекциялык жана инфекциялык эмес оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө кызматташуу, ден-соолукту чыңдоо-дарылоо тармактарын өнүктүрүү
1. Тараптар макулдашкан шарттарда Тараптар биргелешкен программаларды иштеп чыгуу жана инфекциялык (өзгөчө туруктуу болгон кургак учук, СПИД, адамдар жана жаныбарлар үчүн жалпы оорулар жана жергиликтүү факторлор менен шартталган оорулар) жана инфекциялык эмес ооруларды көзөмөлдөө чөйрөсүндө кызматташат, тажрыйба алмашуу жана оорулардын алдын алуу жана контролдоо боюнча зарыл болгон макулдашууларды жүргүзүү жана пландоо максатында биргелешкен окутуу курстарын жана лабораториялык сабактарды өткөрүшөт, таанышуу иш сапарларын жүргүзүшөт.
2. Тараптар макулдашкан шарттарда Тараптар алгачкы медициналык-санитардык жардам (АМСЖ) көрсөтүү чөйрөсүндө биргелешип кызматташат, алган тажрыйбасын алмашуу жана берүү, ошондой эле Тараптардын мамлекеттеринин аймактарында саламаттык сактоо системасын жакшыртуу, ден соолукту чыңдоо жана дарылоо тармактарын өнүктүрүү максатында биргелешкен окутуу курстарын жана лабораториялык сабактарды өткөрүшөт.
3. Тараптар макулдашкан шарттарда Тараптардын мамлекеттеринин аймактарында кыска мөөнөттүү адистештирилген медициналык курстарды өткөрүүгө Иран Тарап даяр экендигин билдирди.
5-берене. Көзөмөлдөө механизми
1. Тараптардын эл аралык кызматташтык бөлүмдөрү ушул Ниеттер жөнүндө протоколдун талаптагыдай аткарылышы үчүн жооптуу болуп саналышат.
2. Тараптардын жетекчилери үчүн ушул Ниеттер жөнүндө протоколдун ишке ашырылышы жөнүндө ар жылдык отчетту (баяндаманы) иштеп чыгуу жана берүү Тараптардын эл аралык кызматташтык бөлүмдөрү тарабынан ишке ашырылат.
3. Ушул Ниеттер жөнүндө бул протоколдо көрсөтүлгөн жоболорду ишке ашыруу максатында иш-чаралар (иш графигин) планын иштеп чыгуу жана ишти баалоо үчүн Тараптардын биргелешкен жумушчу топтун мүчөлөрүн дайындоосу жана сунуштоосу ушул Ниеттер жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин бир айдын ичинде ишке ашырылат.
4. Биргелешкен жумушчу топтун жыйыны Тараптардын мамлекеттеринин аймактарында кезек-кезеги менен жылына бир жолу өткөрүлөт.
6-берене. Чыгымдарды камсыз кылуу механизми
Ушул Ниеттер жөнүндө протоколдун алкагындагы иш-чараларды (долбоорлорду.) ишке ашырууга байланыштуу чыгымдарды камсыз кылуу биргелешкен сүйлөшүүлөр жана чечимдер аркылуу аныкталат.
7-берене. Күчүнө кирүү механизми жана колдонуу мөөнөтү
Ушул Ниеттер жөнүндө протокол кол коюлган датадан тартып күчүнө кирет жана төрт (4) жыл бою колдонулат. Тараптардын бири дипломатиялык каналдар аркылуу ушул Ниеттер жөнүндө протоколдун колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндө экинчи Тарапка анын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин алты (6) ай мурун кабарлабаса, ушул Ниеттер жөнүндө протокол автоматтык түрдө кийинки төрт (4) жылга узартылат.
Ушул Ниеттер жөнүндө протоколдун колдонулушун токтотуу учурдагы иш-чараларды жана долбоорлорду ишке ашырууга таасирин тийгизбеши керек.
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Ниеттер жөнүндө протоколго анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
Преамбуладан жана жети беренеден турган ушул Ниеттер жөнүндө протоколго ______________ шаарында 2015-жылдын "__"___________ (бул күн хиджрасынын _______________ жылынын "__" ___________ дал келет), кыргыз, орус, фарси жана англис тилдеринде эки түп нускада кол коюлду, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги үчүн | Иран Ислам Республикасынын Саламаттык сактоо, медицина, медициналык билим берүү министрлиги үчүн | |
__________________________ |
| __________________________ |