РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-январындагы № 4-б (Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Сан-Марино Республикасынын Финансылык чалгындоо агенттигинин ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун расмий тилде тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө) буйругу

Редакция13.01.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2016-жылдын 13-январы № 4-б

Акчалардын изин жашырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык:

Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Сан-Марино Республикасынын Финансылык чалгындоо агенттигинин ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун расмий тилде тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев