Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 13-январы № 6-б
Акчалардын изин жашырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык:
Кылмыштуу кирешелердин изин жашыруу жана терроризмди каржылоо менен байланышкан маалыматтарды алмашуу тууралуу кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Бельгия Королдугунун Финансылык чалгындоо бөлүмүнүн ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
Кылмыштуу кирешелердин изин жашыруу жана терроризмди каржылоо менен байланышкан маалыматтарды алмашуу тууралуу кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Бельгия Королдугунун Финансылык чалгындоо бөлүмүнүн ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө МЕМОРАНДУМ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Бельгия Королдугунун Финансылык чалгындоо бөлүмү,
кызматташуу духунда жана өз ара кызыкчылыкты каалап, ошондой эле өз ара түшүнүшүү принцибинин негизинде жана Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарынын алкагында,
кылмыштуу кирешелердин изин жашыруу, предикаттык кылмыштар жана терроризмди каржылоо менен байланышкан маалыматтарды алмашууга көмөк көрсөтүү үчүн,
төмөнкүлөр жөнүндө өз ара түшүнүшүүгө жетишишти:
1-берене.
Тараптар кылмыштуу кирешелердин изин жашыруу, терроризмди каржылоо же алар менен байланышкан кылмыш ишине байланыштуу маалыматтарды чогултууда, иштеп чыгууда жана талдоодо кызматташышат.
Ушул максатта Тараптар өз демилгеси боюнча же суроо-талап боюнча Тараптардын кылмыштуу кирешелердин изин жашыруу же терроризмди каржылоо, ошондой эле аларга катышкан жеке жана юридикалык жактар менен байланышкан финансылык операцияларды териштирүүгө тиешеси болушу мүмкүн болгон ар кандай маалыматты алмашышат. Маалыматтын кайсыл суроо-талабы болбосун негизги факторлорду кыскача баяндоо менен негизделиши керек.
2-берене.
Ачык мүнөздөгү маалыматтардан тышкары, тийиштүү Тараптардан алынган маалыматтар же документтер үчүнчү жактарга жайылтылбайт же суралуучу Тараптын алдын ала макулдугусуз административдик, тергөө же соттук максаттарда пайдаланылбайт.
3-берене.
Тараптар тийиштүү Тараптан алынган кайсыл маалымат болбосун суралуучу Тараптын алдын ала макулдугусуз ушул Меморандумда көрсөтүлгөндөн башка айырмаланган максаттарга колдонууга же жайылтууга уруксат беришпейт.
4-берене.
Ушул Меморандумга ылайык алынган маалымат купуя болуп саналат, ошондой эле кызматтык сырдын предмети болуп саналат да жана эң эле аз дегенде суроочу Тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамдарында каралган купуялуулуктун талаптары менен корголот.
5-берене.
Тараптар ушул Меморандумду ишке ашыруу максатында байланыштын алгылыктуу жол-жоболорун биргеликте өз өлкөлөрүнүн мыйзамдарына ылайык уюштурушат жана бири-биринен консультация алышат.
6-берене.
Тараптардын ортосундагы байланыш Эгмонттун корголгон тармагы аркылуу англис тилинде жүзөгө ашырылышы керек.
7-берене.
Эгерде бул суроо-талаптагы ошол эле фактыларга тийиштүү учурдагы соттук териштирүүлөргө түздөн-түз зыян келтирсе, Тараптар жардам берүүгө милдеттүү эмес. Кандай болбосун баш тартуу тиешелүү түрдө түшүндүрүлүшү жана негизделиши керек.
8-берене.
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Меморандумга анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
9-берене.
Кайсы Тарап болбосун каалаган убакта ушул Меморандумдун колдонулушун анын колдонулушун токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү кабарлоону алган датадан тартып токсон (90) күн өткөндө анын колдонулушун токтотуу ниети тууралуу дипломатиялык каналдар боюнча экинчи Тарапка жазуу жүзүндөгү кабарлоону жиберүү аркылуу токтото алат.
10-берене.
Мурда алынган маалыматтын купуялуулугун камсыздоону караган ушул Меморандумдун жоболору ушул Меморандумдун колдонулушу токтотулгандан кийин күчүндө калат.
11-берене.
Ушул Меморандум Тараптар кол койгон датадан тартып күчүнө кирет.
________________ шаарында 20___-жылдын "___" _____________ эки түп нускада, ар бири кыргыз, орус жана англис тилдеринде түзүлдү. Бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Ушул Меморандумду чечмелөөдө же колдонууда кайчы пикирлер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы үчүн |
| Бельгия Королдугунун Финансылык чалгындоо бөлүмү үчүн |
_______________________ |
| _______________________ |
Мэлис Мамбетжанов төрага |
| Jean Claude Delepière директор |