Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 13-январы № 5-б
Акчанын изин жашырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык:
Кылмыштуу кирешелердин изин жашыруу, предикаттык кылмыштар жана терроризмди каржылоо менен байланышкан маалыматтарды алмашуу чөйрөсүндө кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Кипр Республикасынын Кылмыштуу кирешелердин изин жашырууга каршы аракеттенүү боюнча бөлүмүнүн (МОКАС) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
Кылмыштуу кирешелердин изин жашыруу, предикаттык кылмыштар жана терроризмди каржылоо менен байланышкан маалыматтарды алмашуу чөйрөсүндө кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Кипр Республикасынын Кылмыштуу кирешелердин изин жашырууга каршы аракеттенүү боюнча бөлүмүнүн (МОКАС) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө МЕМОРАНДУМ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Кипр Республикасынын Кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү боюнча бөлүмү (МОКАС) мындан ары "Тараптар" деп аталышып,
кызматташтыкты жана өз ара кызыкчылыкты каалап, ошондой эле өз ара жактыруучулук принцибинин негизинде жана Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарынын алкагында,
кылмыштуу кирешелердин изин жашыруу, предикаттык кылмыштар жана терроризмди каржылоо менен байланышкан маалыматтарды алмашууга көмөк көрсөтүү үчүн,
төмөнкүлөр жөнүндө өз ара түшүнүшүүгө жетишишти:
1-берене.
Тараптар кылмыштуу кирешелердин изин жашыруу, предикаттык кылмыштар жана терроризмди каржылоо менен байланышкан маалыматтарды топтоодо, иштеп чыгууда жана талдоодо кызматташышат. Бул максатта Тараптар өз демилгеси боюнча же суроо-талап боюнча кылмыштуу кирешелердин изин жашыруу, предикаттык кылмыштар жана терроризмди каржылоо, ошондой эле ага тартылган жеке жана юридикалык жактар менен байланышкан финансылык операцияларды Тараптардын иштеп чыгуусуна же маалыматтарды талдоосуна же иликтөөсүнө тиешеси болушу мүмкүн болгон колдо болгон же алынган маалыматтардын кеңири спектри менен алмашууну жүзөгө ашырышат.
2-берене.
Тараптар суроочу Тараптын атынан суроо-талаптарды аткарат жана өлкө ичинде мындай суроо-талаптарды алууга мүмкүн болгон бардык маалыматтарды беришет. Ошону менен бирге эле Тараптар төмөнкүлөрдү беришет:
2.1. жеткиликтүү же түз же кыйыр алынган бардык керектүү маалыматты: бул ошону менен бирге эле Тараптар өзүнүн ички талдоосу үчүн алууга укуктуу болгон маалыматты өз ичине камтыйт;
жана
2.2. улуттук деңгээлде алар алууга укуктуу же алар алууга түз же кыйыр мүмкүндүгү бар ар кандай башка маалыматтарды.
3-берене.
Суроо-талаптарды өз убагында жана натыйжалуу аткаруу үчүн, Тараптар суроо-талаптардагы тийиштүү фактылык жана юридикалык маалыматтарды, анын ичинде талдануучу ишти баяндоону жана суралуучу Тараптын өлкөсү менен потенциалдуу байланышты камсыздоо үчүн бардык күчтөрүн жумшашат. Алар ошондой эле каалаган муктаждыкты шашылыш тартипте көрсөтүшөт.
4-берене.
Тараптар суроо-талаптардын себептерин, ал кайсы жерде колдонулат, алар кимдин атынан жөнөтүлгөн жана мүмкүн болушунча маалымат кайсы максатта колдонулаарын көрсөтүшөт.
5-берене.
Тараптар суроо-талаптарга өз убагында жооп беришет жана андан ары толук жоопту берүүдө кечигип калуу мүмкүн болгон учурларда ортодогу же жарым-жартылай жоопторду камсыздоо үчүн бардык күчтөрүн жумшашат.
6-берене.
Тараптар жардам берүүнүн төмөнкүдөй негиздеринде жардам берүүдөн баш тартышы мүмкүн:
6.1. суралуучу Тараптын акчанын изин жашырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө ченемдик укуктук актыны колдонуунун чегинен чыгып кетсе;
6.2. суралуучу Тараптын мамлекетинде болуп жаткан жазык тергөөсүн же соттук териштирүүнү начарлатса;
6.3. суралуучу Тараптын эгемендүүлүгүнө, коопсуздугуна, улуттук кызыкчылыктарына же мамлекеттин башка маанилүү кызыкчылыктарына зыян келтирсе.
Мындай баш тартуу суроочу Тарапка тийиштүү деңгээлде негизделип берилиши керек.
7-берене.
Тараптар маалыматты же алынган документтерди чалгындоо максаттары үчүн гана колдонушат. Тараптар тийиштүү Тараптан алынган ар кандай маалыматты же документти ушул Меморандумда аталбаган максаттарда жана суралуучу Тараптын алдын-ала макулдугусуз колдонууга же жарыялоого жол беришпейт.
8-берене.
Маалыматты андан ары колдонуу же жайылтуу үчүн алдын ала макулдук Тараптар тарабынан ыкчам жана максималдуу мүмкүн болгон деңгээлде берилет. Тараптар, эгер алар ушул Меморандумдун 6-беренесинде аталган шарттардын негизинде буларды аткарбаса, берилген маалыматты мындай колдонууга же жайылтууга өзүнүн макулдук берүүсүнөн баш тарта алышпайт.
9-берене.
Суроо-талап боюнча жана качан бул мүмкүн болгон ар бир жолу, Тараптар берилген маалыматты колдонуу боюнча, ошондой эле берилген маалыматтын негизинде жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыктары жөнүндө суралуучу Тарап менен кайра байланышты камсыздашат.
10-берене.
Тараптардын ар бири Өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү ушул меморандумдун шарттарына ылайык берилүүчү ар кандай маалыматка карата натыйжалуу талдоо жүргүзүү колдоого алынаарына кепилдик беришет.
11-берене.
Ушул Меморандумду колдонууда алынган маалымат купуя болуп саналат, ошондой эле кызматтык сырдын предмети болуп саналат да, жок дегенде улуттук булактардан ушул сыяктуу маалыматтар үчүн суроочу Тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамдарында каралгандай купуялуулуктун жана жеке маалыматтарды коргоонун эрежелери менен корголот.
12-берене.
Маалымат алмашуу коопсуз режимде жана ишеничтүү каналдар же механизмдер аркылуу жүргүзүлөт. Бул үчүн Тараптар Эгмонттун Корголгон Тармагын же жок дегенде Эгмонттун Корголгон Тармагына эквиваленттүү коопсуздук, ишенимдүүлүк жана эффективдүүлүк деңгээлин камсыздоочу башка белгилүү тармактарды колдонушат.
13-берене.
Ушул Меморандумду ишке ашыруу максатында Тараптар биргеликте өз өлкөлөрүнүн мыйзамдарына ылайык, байланыштын алгылыктуу жол-жоболорун уюштуруп турушат жана бири-бири менен консультацияларды өткөрүп турушат.
14-берене.
Ушул Меморандумду түшүнүүдө жана ишке ашырууда Тараптар Эгмонт тобунун жоболору, анын ичинде "Уставы" жана "Финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн ортосундагы маалымат алмашуу принциптери" менен макулдашылышын камсыздайт. Тараптар ушул Меморандумда айтылбаган мындан аркы маселелер үчүн да ушул жоболорду бекем сакташат.
15-берене.
Тараптардын ортосундагы байланыш англис тилинде жүргүзүлөт.
16-берене.
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Меморандумга анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделген өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
17-берене.
Тараптардын ар бири ушул Меморандумду колдонууну токтотуу ниети жөнүндө дипломатиялык каналдар боюнча экинчи Тарапка жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жиберүү аркылуу каалаган убакытта токтото алат. Ушул Меморандум аны колдонууну токтотуу тууралуу жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алган күндөн токсон (90) күн өткөндөн кийин колдонууну токтотот.
18-берене.
Ушул Меморандум Тараптар ага кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет.
19-берене.
Мурда алынган маалыматтын купуялуулугун камсыздоо каралган ушул Меморандумдун жоболору Меморандумду колдонуу токтотулгандан кийин да күчүндө калат.
Меморандум 20__-жылы "___" _____________ _____________ шаарында эки түп нускада, ар бири кыргыз, орус жана англис тилдеринде түзүлдү. Бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Ушул Меморандумду түшүнүүдө же колдонууда кайчы пикирлер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы үчүн |
| Кипр Республикасынын Кылмыштуу кирешелердин изин жашырууга каршы аракеттенүү боюнча бөлүм үчүн (МОКАС) |
_____________________ |
| _____________________ |
Мэлис Мамбетжанов төрага |
| Eva Rossidou Papakyriacou Республиканын Прокурору башчы |