Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 397-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 18-январы № 18-б
Тегене кенин ("Тегене-Шахта" участогун) комплекстүү жана рационалдуу өздөштүрүүгө инвестицияларды тартуу максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-ноябрындагы № 554-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Тегене ("Тегене-Шахта" участогу) көмүр кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттарында жана тартибинде:
- аталышы "тартиби" деген сөздөн кийин "жана жеңүүчүнү аныктоо критерийлери" деген сөздөр менен толукталсын;
- 17-пункттун 1-пунктчасында:
"9216,7 сом (тогуз миң эки жуз он алты сом жетимиш тыйын)" деген цифралар жана сөздөр "5629401 (беш миллион алты жүз жыйырма тогуз миң төрт жүз бир) сом" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Конкурстун жеңүүчүсү аныкталгандан кийин ага 9216700 (тогуз миллион эки жүз он алты миң жети жүз) сом нарктагы (кыскача геологиялык маалымат пакетинин наркын эске алуу менен) толук геологиялык маалымат пакети берилет. Бул пакеттин наркына конкурстук объекттин жер казынасын пайдалануу укугунун акыркы баасы киргизилет;";
- 44-пункттун биринчи абзацында жана 1-тиркеменин 1-пунктунда:
"9216,7 сом (тогуз миң эки жүз он алты сом жетимиш тыйын)" деген цифралар жана сөздөр "5629401 (беш миллион алты жүз жыйырма тогуз миң төрт жүз бир) сом" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |