Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 397-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 16-ноябры № 554-б
Тегене кенин ("Тегене-Шахта" участогун) комплекстүү жана рационалдуу өздөштүрүүгө инвестицияларды тартуу максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-декабрындагы № 541-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган буйруктун преамбуласы, 1-пункту жана тиркемесинин аталышы "Тегене" деген сөздөн кийин "("Тегене-Шахта" участогу)" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Тегене таш көмүр кенин ("Тегене-Шахта" участогун) иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттары жана тартиби жана жеңүүчүнү аныктоонун критерийлери тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-декабрындагы № 541-б буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия белгиленген тартипте Тегене таш көмүр кенин ("Тегене-Шахта" участогун) иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик Тегене таш көмүр кенин ("Тегене-Шахта" участогун) иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү жөнүндө кулактандырууну жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяласын.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетика комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-январындагы № 18-б буйругунун редакциясына ылайык)
1. Тегене таш көмүр кенин ("Тегене-Шахта" участогун) иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс Кыргыз Республикасы үчүн пайдалуу шарттарды сунуштаган жеңүүчүнү аныктоо үчүн өткөрүлөт.
2. Конкурска техникалык долбоорго ылайык андан ары узартуу менен 5 жылдык мөөнөткө Тегене таш көмүр кенин ("Тегене-Шахта" участогун) иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугу коюлат.
3. Тегене таш көмүр кени ("Тегене-Шахта" участогун) Таш-Көмүр шаарынан түндүктү карай 30 чакырым, Кара-Суу дарыясынын сол жээгинде жайгашкан. Административдик жактан Тегене таш көмүр кенинин аянты ("Тегене-Шахта" участогун) Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районуна кирет.
Кендин борборунун географиялык координаттары 41º31100II түндүк кеңдикте жана 72º14I00II чыгыш узундукта.
Лицензиялык аянттын координаттары төмөнкүдөй:
№ | x | у |
1 | 13265650 | 4605760 |
2 | 13267770 | 4606520 |
3 | 13268780 | 4604500 |
4 | 13272540 | 4603880 |
5 | 13271310 | 4602020 |
6 | 13270880 | 4602060 |
7 | 13270910 | 4601700 |
8 | 13270370 | 4601210 |
9 | 13268540 | 4601300 |
10 | 13268350 | 4601570 |
11 | 13266840 | 4601520 |
12 | 13265500 | 4602170 |
13 | 13265410 | 4602730 |
14 | 13265730 | 4603120 |
15 | 13264960 | 4604590 |
S = 22,98 км2 | ||
Топографиялык негизинин номенклатурасы: К-43-85. Аянттын өлчөмү - 2298,0 га.
Тегене таш көмүр кенинин ("Тегене-Шахта" участогун) табигый чек аралары төмөндөгүлөр болуп саналат: чыгышта - Жалгыз-Кыр жээгинин суу бөлгүчү, түндүктө - Сүйөк тоосу, түштүктө - Тогур тоосу, батышта - Кичи-Жол өзөнү.
Тоо-геологиялык жактан Тегене таш көмүр кени 2 участокко бөлүнөт: "Карьер" жана "Тегене-Шахта" (мурда - "Тегене-Алча").
4. "Тегене-Шахта" участогу кендин терең бөлүгүн ээлейт жана "Карьер" участогунан кенди ачуу үчүн казылган кыртыштын 1:20 тилкелик коэффициентине ылайык келген шарттуу тилке менен бөлүнөт. Кендин аянты - 23 км2 батыштан чыгышка карай тектердин тереңдиги боюнча созулушу 7,5 км жана эңкейиши боюнча максималдуу кеңдиги - 3,8 км.
5. Кендин рельефин негизинен батыш жана түштүк-батыш багыттагы өзөн, майда бөлүнгөн, сейрек - терең сайлар менен дөңсөө түзөт. Кендин үстүңкү бетинин абсолюттук белгилери 900дөн баштап 1500 метрге чейин. Рельеф түштүк-батыштан түндүк-чыгышка карай, Жалгыз-Кыр тоо тилкесине карата жогорулайт. Жалгыз-Кыр тоолорунун максималдуу абсолюттук белгиси – 2017,94 м. Сайлардын тальвегинин үстүнөн суу бөлгүчтүн салыштырмалуу жогорулашы - 120 м.
6. Кендин гидрогеологиялык элементи Алча, Кара-Жылга, Ак-Кала жана Кызыл-Сай куймалары менен Чат суусу болуп саналат. Чат суусунун сууну чыгымдоосу болжол менен 30 л/сек түзөт. Чат суусунун жана анын куймаларынын суусу өтө катуулугунан жана туздуулугунан улам ичүүчү суу катары кызмат кыла албайт (бирок жергиликтүү калк ичүү муктаждыктары үчүн булактардын сууларын пайдаланышат). Чат суусунун жана анын куймаларынын суусу техникалык суу катары пайдаланылышы мүмкүн. Райондун негизги суу артериясы түндүктөн түштүккө караган багытта кенден түштүк-батышты карай 2-4 кмде агуучу жана Нарын дарыясына кошулуучу Кара-Суу дарыясы болуп саналат. Кара-Суу дарыясынын суу чыгымы 11,7 м3/сек түзөт. Кендин батыш чек арасына жакын жерде Кичи-Жол дарыясы агат, ал Кара-Суу дарыясынын сол куймасы болуп саналат. Кичи-Жол дарыясынын суу чыгымы 0,48 м/сек (сентябрь) баштап 3,3 м3/сек (март) чейин өзгөрөт. Кара-Суу жана Кичи-Жол дарыяларынын суусу келечектеги шахтанын ичүү жана техникалык муктаждыктары үчүн кызмат кыла алат. Ичүү муктаждыктары үчүн Кара-Суу дарыясынан же Кичи-Жол дарыясынан баштап 5-6 км аралыкта жылууланган суу түтүгүн жаткыруу керек.
7. Экономикалык жактан кен чыккан район кыйла өнүккөн жана эл отурукташкан. Бул жерде Караван, Жаңы-Жол, Кичи-Жол, Чат калктуу пункттары жана Таш-Көмүр шаары (30 км) жайгашкан. Бардык аталган калктуу пункттар өз ара жыл бою жүрүүгө жарактуу кара жол менен байланышат.
8. Кендин көмүрү кара түстө, сызыгынын түсү - күңүрт-күрөң, сыныгы тегиз эмес, сейрек - тикендүү. Жаңы казылган көмүр бекем, алыс аралыкка ташууга жакшы чыдайт.
Казылып алынган көмүрдүн механикалык бекемдиги ачык жерде сактоодо кыйла төмөндөйт. Көмүр нымды көп берүүнүн эсебинен майдаланат, буга жайкы жогорку жана кышкы төмөнкү аба температурасы шарт түзөт. Кайталап нымдалуудан көмүрдүн бузулушу өзгөчө күчөйт. Узак сактоодо көмүрдүн бузулуусунун алдын алуу үчүн атайын чараларды көрүү - штабелдин үстүңкү бетин чопо менен чаптоо, шыбоо жана жабык жайда сактоо керек.
9. "Тегене-Шахта" участогунун 2014-жылдын 1-январына карата баланстык запасы төмөнкү таблицада берилген.
Участоктордун аталышы | 2014-жылдын 1-январына карата абал боюнча баланстык камдыктары миң тонна | ||||
В | С1 | В+С1 | С2 | Бардыгы | |
1 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
Тегене-Шахта | 30460 | 22257 | 52717 | 3732 | 56449 |
10. Катмардын кен жаткан жеринин тереңдиги күнөстүү бетинен 0-1000 м, ошондуктан катмарлар жер астындагы ыкма менен гана иштетилиши мүмкүн. Тегене таш көмүр кени ("Тегене-Шахта" участогун) геосинклиналдык типтеги жабык көп комплекстүү массивге кирет. Кенде үч түзүмдүк кабаттарга кирүүчү тоо тектери төрт комплекске бөлүнөт. Биринчи түзүмдүк кабатка палеозой пайда болуулары, экинчисине - юр жана мел пайда болуулары, үчүнчүсүнө - төртүнчүлүк катмарлашуулары кирет. Төртүнчүлүк катмарлашуулары пролювиалдык лесса түрүндөгү кумдуу жана жайылма тектердин сыныктарын кошкондо кум топурак түрүндө берилген.
11. Конкурска катышууга төмөнкүлөргө жол берилет:
- Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жактар;
- чет мамлекетте катталган юридикалык жактар (мындан ары - "чет өлкөлүк юридикалык жактар");
- Кыргыз Республикасынын жеке жактары, ошондой эле чет өлкөлүк жеке жактар.
12. Ушул Шарттардын 11-пунктунда көрсөтүлгөн жактар конкурска катышууга жол берүү үчүн төмөндөгү талаптарга шайкеш келүүсү керек:
- кен чыккан жерди иштетүү жаатында 2 жылдан кем эмес тажрыйбага ээ болуу;
- пайдалуу кен чыккан жерди чалгындоодо, казууда жана пайдалуу казылма кенди кайра иштетүүдө заманбап технологияларга ээ болуу жана колдонуу;
- Тегене таш көмүр кенин ("Тегене-Шахта" участогун) иштетүү үчүн керектүү болгон өздүк каражаттарына жана/же кошумча каржылоону тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу.
Аталган жактар өзүнүн ишинде өнөр жай коопсуздугу, экологиялык коопсуздук, жер казынасын коргоо жана жер казынасын сарамжалдуу пайдалануу жаатындагы эл аралык стандарттарды жана Кыргыз Республикасынын стандарттарын сактоого тийиш.
13. Конкурстун катышуучулары конкурстук комиссиянын кароосуна адистердин квалификациясынын деңгээли, өндүрүштүк, финансылык жана Тегене таш көмүр кенин ("Тегене-Шахта" участогун) иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алуу үчүн керектүү болгон башка мүмкүнчүлүктөр жөнүндө кошумча маалыматты жана документтерди берүүгө укуктуу.
14. Конкурстун жеңүүчүсү деп таанылган жана Тегене таш көмүр кенин ("Тегене-Шахта" участогун) иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия (мындан ары - "лицензия") алган жактын бир катар милдеттенмелерди аткаруусу жер казынасын пайдалануунун негизги шарттары болуп саналат, анын ичинде:
1) конкурска катышууга тийиштүү өтүнмөдө көрсөтүлгөн өлчөмдө, бирок 3200000 (үч миллион эки жүз миң) АКШ долларынан кем эмес конкурстун объектисинин жер казыналарын пайдалануу укугуна бааны (мындан ары - конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн баа) төлөө;
2) лицензия берилген датадан тартып 1 жылдан кечикпей өнөр жай, экологиялык коопсуздук жана жер казынасын коргоо боюнча эксперттик оң корутундусу менен Тегене таш көмүр кенин ("Тегене-Шахта" участогун) иштетүүнүн техникалык долбоорун даярдоону жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашууну камсыздоо;
3) Тегене таш көмүр кенин ("Тегене-Шахта" участогун) иштетүүнүн техникалык долбоорун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашкан күндөн 3 айдан кечиктирбей шахтаны курууну баштоо. Шахтаны курууну баштоо мөөнөтү бузулган учурда лицензиат Кыргыз Республикасынын "Жер казыналары жөнүндө" Мыйзамында аныкталган форс-мажордук жагдайлардан тышкары, кенди иштетип баштоонун мөөнөтү бузулган ар бир толук ай үчүн жалпы сумманын 0,5% өлчөмүндө айып төлөөгө макул болот (Аксы районун өнүктүрүү фондуна);
4) Тегене таш көмүр кенин ("Тегене-Шахта" участогун) иштетүүнүн техникалык долбоорунда өнөр жай жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо, жер казынасын коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча чараларды, тийиштүү фондду түзүү менен бузулган жерлерди рекультивациялоо жана андан ары мониторинг жүргүзүүнүн долбоорун, тоо-кен мүлкүн жоюу долбоорун иштеп чыгууну, эл аралык стандарттарга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жооп берген жер казынасын кыйла сарамжалдуу, коопсуз жана натыйжалуу пайдалануу үчүн керектүү болгон лицензиаттын башка аракеттерин сүрөттөөнү кароо;
5) бургулоо-жардыруу иштерин колдонууну максималдуу жокко чыгаруу менен, көмүр кенин жер астында иштетүү ыкмасы аркылуу заманбап технологияларды жана көмүр казуунун механизацияланган ыкмасын колдонуу;
6) кен чыккан жерди иштетүүдө заманбап тоо-кен-шахта жабдуусун пайдалануу;
7) инвестициялардын салынышын, анын ичинде лицензия берилген датадан тартып алгачкы 3 (үч) жылда конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугуна бааны кошпогондо, долбоорго ылайык банктык жана финансылык институттар тарабынан каржылоону тартуу жолу менен камсыздоо;
8) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашылган техникалык долбоорлордун жоболорун сактоо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, анын ичинде жер казынасын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо жана өнөр жай коопсуздугу боюнча талаптарды аткаруу;
9) лицензия алган датадан тартып 2 айдан кечиктирбей жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү коомдоштукту жана аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн программасын, жергиликтүү инфратүзүмдү өнүктүрүүгө инвестициялардын программасын, иштердин районунда жашаган калк үчүн жумушчу орундарын уюштурууну, кенди өздөштүрүүдө жергиликтүү эмгек ресурстарын максималдуу пайдаланууну, калкты кенди өздөштүрүү менен байланышкан иштерди өткөрүүгө тартуу максатында аларды кесиптик даярдоону уюштурууну, Аксы районун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына байланыштуу башка маселелерди чечүүгө көмөктөшүүнү камтыган социалдык пакетти (мындан ары - Макулдашуу) даярдоо жана андан ары кароо жана жактыруу үчүн берүү.
15. Жер казынасын пайдалануу укугун берүүнүн шарттары, анын ичинде жогору баяндалган негизги шарттар конкурстун жеңүүчүсүнө берилүүчү лицензияга карата лицензиялык макулдашууда бекитилет. Жогоруда аталган жер казынасын пайдалануунун шарттарын аткарбоо Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган, жоопкерчилик чараларын колдонуу үчүн негиздеме болуп саналат.
16. Конкурстун катышуучусунун жер казынасын пайдалануунун жогоруда саналган негизги шарттарын тааныгандыгы жана конкурстун жеңүүчүсүнө берилүүчү лицензиялык макулдашууга аларды кошууга макул болушу конкурска катышууга өтүнмө берүүнүн фактысы катары саналат.
17. Геологиялык кыскача маалыматтар пакети үчүн акы:
1) комиссиянын жумушчу органы ар бир арыз ээсине геологиялык кыскача маалыматтар пакетин берет. Конкурска катышуу үчүн арыз ээлери аталган геологиялык кыскача маалыматтар пакетин 5629401 (беш миллион алты жүз жыйырма тогуз миң төрт жүз бир) сом өлчөмүндө акыга сатып алууга милдеттүү.
Конкурстун жеңүүчүсү аныкталгандан кийин ага 9216700 (тогуз миллион эки жүз он алты миң жети жүз) сом нарктагы (кыскача геологиялык маалымат пакетинин наркын эске алуу менен) толук геологиялык маалымат пакети берилет. Бул пакеттин наркына конкурстук объекттин жер казынасын пайдалануу укугунун акыркы баасы киргизилет;
2) ушул пункттун 1) пунктчасында көрсөтүлгөн, геологиялык кыскача маалыматтар пакети үчүн акы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары - Геология агенттиги) - ушул Шарттардын 21-пунктунда көрсөтүлгөн конкурстук комиссиянын жумушчу органынын атайын эсебине түшөт жана анын тескөөсүндө калат. Геологиялык маалымат арыз ээсине анын баасын толук төлөгөндөн кийин берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-январындагы № 18-б буйругунун редакциясына ылайык)
18. Конкурска катышуу үчүн жыйым.
Конкурстун катышуучулары 1000000 (бир миллион) сом же төлөө күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча АКШ доллары менен эквиваленттеги өлчөмүн (мындан ары - катышуу үчүн жыйым) төлөөгө милдеттүү. Конкурска катышуу үчүн жыйым конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугунун акыркы баасына кошулбайт жана документтерди кароонун жыйынтыктарына жана/же конкурс өткөрүүнүн жыйынтыктарына карабастан кайтарылып берилбейт. Аталган каражаттар комиссиянын жумушчу органынын атайын эсебине түшөт жана анын тескөөсүндө калат.
19. Катышуучунун кепилдик төгүмү.
Конкурстун катышуучулары 320000 (үч жүз жыйырма миң) АКШ доллары өлчөмүндө кепилдик төгүмүн төлөөгө милдеттүү. Ушул Шарттардын 20-пунктунда каралгандай, конкурстун жеңүүчүсү тарабынан пайдалануу укугу үчүн баа кийин төлөнгөн учурда кепилдик төгүмү конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугунун наркына кошулуп эсептелет. Эгерде конкурстун жеңүүчүсү ушул Шарттардын 20-пунктунда каралган мөөнөттө конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн бааны толук же жарым-жартылай төлөбөсө, кепилдик төгүмү конкурстун жеңүүчүсүнө кайтарылбайт жана республикалык бюджетке которулат.
20. Конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн акы.
1) Конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн акынын өлчөмү 3200000 (үч миллион эки жүз миң) АКШ долларынан кем болбошу керек. Акынын өлчөмү өзүнө бонус суммасын (жер казынасын пайдалануу укугуна салык) жана жер казыналары жөнүндө геологиялык кыскача маалыматтар пакети үчүн бааны камтыйт, мында конкурсанттар жогорку бааны сунуштоого укуктуу. Бонусту жана жер казыналары жөнүндө геологиялык кыскача маалыматтар пакети үчүн бааны эсептен чыгарып салгандагы жалпы сумма Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы № 834 токтому менен бекитилген Жер казыналарын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобого ылайык бөлүштүрүлөт. Конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн баа бир жолку жана кайтарылбас төлөм болуп саналат;
2) конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо жөнүндө конкурстук комиссиянын чечими "Эркин Тоо" гезитине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Геология агенттигинин расмий веб-сайттарында жарыяланган күндөн тартып конкурстун жеңүүчүсү 30 иш күндүн ичинде ал сунуштаган конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугуна бааны төлөөгө милдеттүү.
21. Төлөө үчүн реквизиттер.
Геологиялык кыскача маалыматтар пакети үчүн акы, конкурска катышуу үчүн жыйым, конкурстун катышуучусунун кепилдик төгүмү, ошондой эле конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн баа тийиштүү дайындоону көрсөтүү менен төмөндөгү реквизиттер боюнча Геология агенттигинин алыш-бериш эсебине киргизилиши керек:
Алуучу: Бишкек шаарынын Октябрь РОК
Банк: "РСК-Банк" ААК Октябрь райондук филиалы
БИК 129053
Алыш-бериш эсеби: 1290534132810077
Өздүк эсеп: 4402032100002327
Төлөмдү дайындоо: [геологиялык кыскача маалыматтар пакети үчүн акы Геология агенттигинин өздүк эсебине]/[конкурска катышуу үчүн Геология агенттигинин өздүк эсебине жыйым]/[конкурстун жеңүүчүсүнүн кепилдик төгүмү Геология агенттигинин өздүк эсебине]/[кен казыналарын пайдалануу укугу үчүн акы Геология агенттигинин өздүк эсебине (конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн баа)].
22. Конкурстун жеңүүчүсү Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык лицензиялык төлөмдөрдү, салыктарды, салыктык эмес төлөмдөрдү, ошондой эле башка милдеттүү төлөмдөрдү, чегерүүлөрдү жана жыйымдарды төлөөгө милдеттүү.
23. Конкурс эки этапта өткөрүлөт. Биринчи этапта конкурстук комиссия конкурстун катышуучулары берген документтерди кабыл алууну жана экинчи турга жол берүү же жол берүүдөн баш тартуу максаттарында, алардын ушул Шарттар менен белгиленген талаптарга шайкештигин баалоону ишке ашырат. Экинчи этапта конкурстук комиссия конкурстун экинчи этабына жол берилген конкурстун катышуучулары берген документтерди кабыл алууну жана алардын ушул Шарттар менен белгиленген талаптарга шайкештигин баалоону ишке ашырат жана белгиленген критерийлерге ылайык конкурстун жеңүүчүсүн аныктайт.
24. Конкурстун биринчи этабы.
Биринчи этапта конкурстун катышуучулары расмий басма сөз органдарында конкурс өткөрүү жөнүндө кулактандыруу жарыяланган учурдан тартып 20 календардык күндөн кечиктирбей, 2 нускада төмөндөгү документтерди Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 2, № 217 кабинет дареги боюнча Геология агенттигине беришет:
1) 1-тиркемеге ылайык форма боюнча конкурстук комиссиянын төрагасынын наамына конкурска катышууга өтүнмө;
2) кыска геологиялык маалымат пакети үчүн акы төлөөнү ырастаган документтин көчүрмөсү (жана салыштырып текшерүү үчүн түп нускасы);
3) конкурска катышуу үчүн жыйымды төлөөнү ырастаган документтин көчүрмөсү (жана салыштырып текшерүү үчүн түп нускасы);
4) кепилдик төгүмүн төлөөнү ырастаган документтин көчүрмөсү (жана салыштырып текшерүү үчүн түп нускасы).
Чапталган конвертте ошондой эле төмөндөгү документтер берилет:
а) Кыргыз Республикасында катталган (кайра катталган) юридикалык жактар үчүн - мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү жана өзүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн уставынын жана уюмдаштыруу келишиминин көчүрмөлөрү;
б) чет өлкөлүк юридикалык жактар үчүн - уюмдаштыруу документтеринин жана каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү, ошондой эле ал өз өлкөсүнүн мыйзамы боюнча иштеп жаткан юридикалык жак болуп саналаарын күбөлөндүрүүчү, мамлекеттик реестрден апостилдештирилген же легалдаштырылган көчүрмө же башка документ. Чет өлкөлүк юридикалык жактар берген чет тилиндеги уюмдаштыруу документтери жана каттоо жөнүндө күбөлүк мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен берилиши керек. Мамлекеттик реестрден же өз өлкөсүнүн мыйзамы боюнча иштеп жаткан юридикалык жак болуп саналаарын күбөлөндүрүүчү башка документтерден берилген көчүрмөлөрүнүн колдонуу мөөнөтү, аталган документтерди берген күндөн тартып 6 айдан ашпоосу керек.
Эскертүү:
Документтерди легалдаштыруу талап кылынбайт:
- 1961-жылдын 5-октябрындагы Чет өлкөлүк расмий документтерди легалдаштыруу талабын жокко чыгаруучу конвенциянын ("Гаага конвенциясы") катышуучу-өлкөлөрү үчүн, Кыргыз Республикасынын Гаага Конвенциясына кошулуусуна каршы болгон катышуучу-өлкөлөрдөн тышкары, жана
- 2002-жылдын 7-октябрындагы Жарандык, үй-бүлөлүк жана жазык иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө конвенциянын катышуучу-өлкөлөрү үчүн ("Кишинев конвенциясы");
в) жеке жактар үчүн - паспортунун жана жеке ишкер катары каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү. Чет өлкөлүк жеке жактар кошумча паспорттун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилге котормосун беришет;
г) 2-тиркемеге ылайык форма боюнча, конкурстун катышуучусунун ээси жана/же бенефициарлары болуп саналган жактарды ачыктаган маалымат жана документтер;
д) темөндөгүлөрдү караган, 3-тиркемеге ылайык форма боюнча жазуу түрүндөгү милдеттенме:
- конкурстун катышуучусу ал конкурстун жеңүүчүсү деп аныкталган учурда, ушул Шарттар менен каралган бардык айыптарды төлөөгө макул болот;
- конкурстун катышуучусу ал конкурстун жеңүүчүсү деп аныкталган учурда, конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн ал сунуштаган баа кайтарылбас төлөм болуп саналаарына макул болот;
- конкурстун катышуучусу өзүнүн ишинин жыйынтыгында курчап турган айлана-чөйрөгө келтирген зыяндын ордун толтурууга жана эгерде мындай зыян экологиялык укук бузуулардын жыйынтыгында келтирилсе, курчап турган айлана-чөйрөнүн бузулган абалын калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө макул болот.
25. Конкурстун катышуучусу бир конвертте конкурстун катышуучусунун толук аталышын жана дарегин, конкурстун биринчи этабынын алкагында катышууга көрсөтмөнү, берилген документтердин толук тизмегин камтыган документтерди бериши керек. Берилген документтер тигилип, ажыраткычтар менен бөлүнүшү керек, конвертте камтылган бардык беттери номерлениши керек. Документтер мамлекеттик жана/же расмий тилде берилет. Документтерди чет тилде берген учурда аларга карата мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормо тиркелиши керек. Конкурстук комиссия мамлекеттик же расмий тилдерде берилген документтерди карайт. Документтерди берүү мөөнөтү аяктагандан кийин конкурстун катышуучулары берген документтерге өзгөртүүлөр жана толуктоолор кабыл алынбайт. Берилген документтер кайтарылбайт жана Геология агенттигинде сакталат.
26. Документтер бар конверттерди ачуу конкурстук комиссия тарабынан документтерди кабыл алуунун белгиленген мөөнөтү аяктагандан кийин кийинки иш күнү жүргүзүлөт жана протокол менен таризделет, анда конкурстун катышуучуларынын аталышы жана алар берген документтердин бетинин саны көрсөтүлөт. Кворум болбогон учурда конверттерди ачуу датасы кийинки иш күнгө жылдырылат. Конкурстук комиссия конверттерди ачкандан кийин 5 иш күндүн ичинде берилген документтерди карайт жана конкурстун экинчи этабына өткөрүү же өткөрүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алат. Конкурстун экинчи этабына жол берилген жана жол берилбеген конкурстун катышуучулары кабыл алынган чечимдер жөнүндө 3 иш күндүн ичинде конкурстук комиссиянын катчысы тарабынан кабарланат. Конкурстун катышуучулары алар берген документтер ушул Шарттар менен белгиленген талаптарга шайкеш келген шартта экинчи этапка катышууга жол берилет. Берилген документтердин тизмегине, түрүнө жана формасына карата талаптарга байланыштуу суроолор жаралган учурда конкурстук комиссия протокол формасында таризделген кошумча түшүндүрмөлөрдү берүүгө укуктуу.
27. Конкурстук комиссиянын экинчи этапка катышууга жол берүү же жол берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечими Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Геология агенттигинин расмий сайттарында, ошондой эле башка расмий басма сөз басылмаларында жарыяланат.
28. Конкурстун экинчи этабы.
Экинчи этапка катышууга жол берилген конкурстун катышуучулары жол берилгендиги жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып 10 календардык күндөн кеч эмес, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 2 дареги боюнча, Геология агенттигинин № 217 кабинетине чапталган конвертте төмөндөгү документтерди берет:
1) төмөндөгүлөр боюнча алдын ала сунуштарды камтыган, Тегене таш көмүр кенин ("Тегене-Шахта" участогун) иштетүү программасы:
- капиталдык салымдарга, эксплуатациялык чыгымдарга жана долбоордун рентабелдүүлүгүнө байланыштуу техникалык-экономикалык эсептөөлөр;
- бузулган жерлерди рекультивациялоо боюнча иш-чаралар;
- талап кылынган инвестициялардын эсеби;
- кенди иштетүүнүн жыйынтыгында республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге салыктык жана салыктык эмес түшүүлөрүнүн төлөмдөрүнүн эсеби;
конкурстун катышуучусунун каалоосу боюнча башка кошумча маалымат;
2) пайдалуу кенди чалгындоодо, казууда жана пайдалуу кенди кайра иштетүүдө заманбап технологияларды колдонуу, өнөр жай жана экологиялык коопсуздукту, жер казынасын коргоону жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыздоо боюнча сунуштар жана иш-чаралар комплекси;
3) геологиялык чалгындоо жана кенди иштетүү жаатында эки жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар экендиги жөнүндө күбөлөндүргөн маалымат жана документтер;
4) баштапкы капиталдык салымдар үчүн өздүк каражаттардын болушун жана/же финансы каражаттарын тартуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө ырастоо, анын ичинде акыркы 2 жылдагы бухгалтердик отчёттордун, банктык маалымдамалардын көчүрмөлөрү, кредиттерди алуу жөнүндө келишимдер, салыктарды төлөө боюнча карызынын жоктугу жөнүндө күбөлөндүрүүчү документтер жана башка ушундай документтер;
5) жергиликтүү коомдоштукту жана аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын, жергиликтүү инфратүзүмдү өнүктүрүүгө инвестициялардын программасын, иштер жүргүзүлгөн региондо жашаган калк үчүн жумушчу орундарды уюштурууну, кенди өздөштүрүүдө жергиликтүү эмгек ресурстарын максималдуу пайдаланууну, кенди өздөштүрүү менен байланышкан иштерди жүргүзүүгө тартуу максатында калкты кесиптик даярдоону уюштурууну камтыган социалдык пакет боюнча сунуштарды, Аксы районун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы менен байланышкан башка маселелерди чечүүгө көмөктөшүү;
6) ушул Шарттардын 20-пунктунда көрсөтүлгөн сумманын минималдуу өлчөмүнөн кем эмес конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн бааны сунуштоо;
7) тоо-кен тармагындагы иш тажрыйбасы, адистердин квалификациясынын деңгээли, конкурстун катышуучусунун өндүрүштүк, финансылык жана Тегене таш көмүр кенин ("Тегене-Шахта" участогун) иштетүү үчүн керектүү башка мүмкүндүктөрү жөнүндө күбөлөндүргөн башка бардык кошумча маалыматтар жана документтер.
29. Конкурстун экинчи этабына жол берилген катышуучу бир же бир нече конвертте, бир нускада конкурстун катышуучусунун толук аталышын жана дарегин, конкурстун экинчи этабына катышуунун алкагында документтерди бергендиги жөнүндө көрсөтмөнү, берилген документтердин толук тизмесин камтыган документтерди бериши керек. Берилген документтер тигилип, ажыраткычтар менен бөлүнүшү керек, конвертте камтылган бардык беттер номерлениши керек. Документтер мамлекеттик жана/же расмий тилде берилет. Документтер чет тилде берилген учурда аларга карата нотариалдык күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу тиркелиши керек. Документтерди берүүнүн белгиленген мөөнөтү аяктагандан кийин конкурстун катышуучулары берген документтерге өзгөртүүлөр жана толуктоолор кабыл алынбайт. Берилген документтер кайтарылып берилбейт жана Геология агенттигинде сакталат.
30. Документтер бар конверттерди ачуу конкурстук комиссия тарабынан документтерди кабыл алуунун белгиленген мөөнөтү аяктагандан кийинки иш күнү жүргүзүлөт жана протокол менен таризделет, анда конкурстун катышуучуларынын аталышы жана даректери, алар берген документтердин бетинин саны жана конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн сунушталган баа көрсөтүлөт. Конкурстун катышуучулары конверттерди ачууда катышууга укуктуу. Кворум болбогон учурда конверттерди ачуу кийинки иш күнгө которулат.
31. Конверттерди ачуу жөнүндө конкурстук комиссиянын протоколу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Геология агенттигинин расмий веб-сайттарына жарыяланат.
32. Конкурстук комиссия конкурстук комиссиянын конверттерди ачуу жөнүндө протоколу жарыялангандан кийин 5 иш күндүн ичинде конкурстун катышуучуларынын сунуштарын карайт, конкурстун экинчи этабын өткөрүүнүн жыйынтыктары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду тариздейт жана бул протоколдун негизинде конкурстун жеңүүчүсү жөнүндө чечим чыгарат. Конкурстун катышуучулары берген документтерди кароодо конкурстук комиссия берилген документтердин алкагында кошумча түшүндүрмө берүү үчүн конкурстун катышуучусунун ыйгарым укуктуу өкүлүн чакырууга укуктуу.
33. Конкурстун жеңүүчүсү берилген документтерди жана маалыматты баалоо аркылуу аныкталат. Документтерди баалоо төмөнкүдөй критерийлер менен упай системасы боюнча конкурстук комиссия тарабынан жүргүзүлөт:
№ | Критерийлердин аталышы | Упайлар |
1 | Ушул Шарттар менен белгиленген талаптарга анын шайкештигин кошо алганда Тегене таш көмүр кенин ("Тегене-Шахта" участогун) иштетүүнүн сунушталган программасынын сапаты | 3 упайга чейин |
2 | Пайдалуу кен чыккан жерди чалгындоодо, казууда жана пайдалуу кенди кайра иштетүүдө заманбап технологияларды колдонуу, өнөр жай коопсуздугун, экологиялык коопсуздукту, жер казынасын коргоону жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыздоо боюнча сунуштар | 5 упайга чейин |
3 | Тегене таш көмүр кенин ("Тегене-Шахта" участогу) өздөштүрүү үчүн финансылык мүмкүндүктөр (өздүк жана тартылган каражаттар) | 5 упайга чейин |
4 | Ушул Шарттардын 14-пунктунун 9-пунктчасында көрсөтүлгөн суммадан ашыкча социалдык пакетке бөлүнүүчү финансылык каражаттардын көлөмү (суммасы) | 3 упайга чейин |
5 | Конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн акынын минималдуу өлчөмүнөн ашыкчасы | конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн минималдуу баадан ашкан төлөмдүн белгиленген өлчөмүнөн ашыкча төлөнгөн, ар бир кийинки 200000 (он миң) АКШ доллары үчүн 1 упай |
6 | Кен чыккан жерди иштетүүнү баштоонун, ошондой эле инфратүзүмдүн объекттерин куруунун мөөнөтү | 4 айга чейин - 6 упай; беш жыл ичинде - 4 упай |
34. Ар бир катышуучу үчүн конкурстук комиссия тарабынан ар бир критерий боюнча катышуучу алган упайларды жана катышуучунун жалпы упайын көрсөтүү менен упайларды эсептөө протоколу түзүлөт.
35. Катышуучулардын бардык сунуштарын талдоонун жана белгиленген критерийлер боюнча упайларды аныктоонун негизинде комиссия конкурстун экинчи этабын өткөрүүнүн жыйынтыктары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколду тариздейт жана бул протоколдун негизинде конкурстун жеңүүчүсү жөнүндө чечим кабыл алат.
36. Эң көп упай топтогон катышуучу конкурстун жеңүүчүсү деп таанылат, Эки жана андан көп катышуучуларда упайлар тең болгондо комиссиянын төрагасы ачык добуш берүүнүн жол-жобосун дайындайт. Добуш берүү ар бир катышуучу боюнча өзүнчө өткөрүлөт. Мында комиссиянын ар бир мүчөсү өзүнүн добушун бир гана катышуучу үчүн берүүгө укуктуу. Эң көп добуш алган катышуучу жеңүүчү деп таанылат. Эгерде эки жана андан көп катышуучуга бирдей сандагы добуштар берилсе, анда мындай катышуучулар боюнча конкурстун жеңүүчүсүн аныктаганга чейин биринчи турдун эрежелери боюнча добуш берүүнүн кошумча турлары өткөрүлөт. Добуш берүүнүн бардык турларында конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн добуштары тең болгондо конкурстук комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
37. Конкурстук комиссиянын чечими жазуу түрүндө таризделет жана ага конкурстук комиссиянын бардык мүчөлөрү жана конкурстун жеңүүчүсү кол коюшат, конкурстун катышуучуларын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн чакыруу менен комиссиянын жыйынында жарыяланат. Конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо жөнүндө конкурстук комиссиянын чечими расмий басма сөз органдарында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Геология агенттигинин расмий веб-сайттарында жарыяланат.
38. Конкурстук комиссиянын протоколдору эгерде аларга конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү тарабынан кол коюлса, жарактуу деп эсептелет.
39. Конкурстук комиссиянын протоколу конкурстун жеңүүчүсүнө Тегене таш көмүр кенин ("Тегене-Шахта" участогун) иштетүү максатында кенди пайдалануу укугуна лицензия берүү үчүн негиз болуп саналат.
Лицензияга карата лицензиялык макулдашуулар конкурсту өткөрүү үчүн белгиленген шарттарды камтышы керек. Чет өлкөлүк юридикалык жак конкурстун жеңүүчүсү болуп таанылганда лицензия конкурстун жеңүүчүсү Тегене таш көмүр кенинин ("Тегене-Шахта" участогунун) жайгашкан орду боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк юридикалык жак тарабынан түзүлгөн жана катталган туунду компанияга берилет. Чет өлкөлүк юридикалык жак түзгөн туунду компания чет өлкөлүк юридикалык жакты конкурстун жеңүүчүсү деп жарыялаган күндөн тартып бир айдан кечикпей катталышы керек. Туунду компания 100% чет өлкөлүк юридикалык жакка - конкурстун жеңүүчүсүнө таандык болушу керек. Чет өлкөлүк жеке жак конкурстун жеңүүчүсү катары таанылган учурда ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке ишкер катары катталууга милдеттүү.
40. Лицензия конкурстун жеңүүчүсүнө ал конкурстун объектисинин кенин пайдалануу укугу үчүн сунуштаган бааны төлөгөндөн кийин 5 иш күндүн ичинде берилет. Эгерде конкурстун жеңүүчүсү катары чет өлкөлүк юридикалык жак таанылса, анда лицензияны берүү конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн ал сунуштаган баа төлөнгөндөн кийин жана чет өлкөлүк юридикалык жактын туунду компаниясы катталгандыгы жөнүндө күбөлүктүн түп нускасын же нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн бергенден кийин, көрсөтүлгөн даталардын кайсынысы кечирээк болгонуна жараша 5 иш күндүн ичинде берилет.
41. Конкурстун жеңүүчүсү конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тарткан же конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн ал билдирген бааны белгиленген мөөнөттө төлөбөгөн учурда конкурстун жеңүүчүсү лицензия алуу укугун жоготот жана конкурстун жеңүүчүсү катары баш тарткан жеңүүчүдөн кийин башка катышуучуларга салыштырмалуу көп упай топтогон же эгерде конкурстук комиссия тарабынан башкача чечим кабыл алынбаса, кошумча добуш берүүдө көп добуш алган катышуучу таанылат.
8. Конкурсту жокко чыгаруу жана өткөн жок, жараксыз деп таануу
42. Жалпыга маалымдоо каражаттарында конкурсту өткөрүү жөнүндө кулактандыруу жарыяланганга жана конкурстук комиссия жеңүүчүнү аныктоо жөнүндө чечим чыгарганга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү конкурсту жокко чыгарууга укуктуу. Мында конкурстук комиссия таратылууга тийиш. Эгерде конкурс жарыялангандан кийин болбой калса Кыргыз Республикасынын Өкмөтү конкурстук комиссияны жоюуга жана жаңы конкурстук комиссия менен жаңы конкурсту жарыялоого укуктуу.
43. Конкурска катышууга өтүнмөлөр болбогондо же эгерде конкурска катышууга бир катышуучудан гана өтүнмө келип түшсө, же эгерде конкурстун бардык катышуучулары берген документтер конкурстун катышуучуларына карата негизги шарттарга жана талаптарга жооп бербесе, конкурс протокол менен таризделген жана расмий басма сөз органдарында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Геология агенттигинин расмий веб-сайттарында жарыяланган конкурстук комиссиянын чечиминин негизинде өткөн жок деп таанылат.
44. Конкурстун катышуучусу конкурстун экинчи этабына документтерди берүү мөөнөтү аяктаганга чейин конкурска катышууга өзүнүн өтүнмөсүн артка чакырып алууга укуктуу. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин өтүнмөнү жана берилген документтерди артка чакырып алууга жол берилбейт. Мында конкурска катышуу үчүн 1000000 (бир миллион) сом өлчөмүндөгү жыйым жана 5629401 (беш миллион алты жүз жыйырма тогуз миң төрт жүз бир) сом өлчөмүндөгү геологиялык кыскача маалымат пакети үчүн төлөм кайтарылбайт, ал эми кепилдик төгүмү кайтарылууга тийиш.
Сурап-билүү үчүн телефондор: (+996 312) 30-03-71, 30-02-46.
Бул маалымат менен Геология агенттигинин расмий сайтынан таанышууга болот: www.geology.kg
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-январындагы № 18-б буйругунун редакциясына ылайык)
|
| Тегене таш көмүр кенин ("Тегене-Шахта" участогун) иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттары жана тартиби жана жеңүүчүнү аныктоонун критерийлеринин 1-тиркемеси |
Форма
Мен, ________________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
____________________________________________________________________________________
(ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ)
____________________________________________________________________________________
(документтин түрү, сериясы, номери, ким тарабынан жана качан берилген)
____________________________________________________________________________________
(юридикалык жактын толук аталышы, каттоо номери, датасы жана каттоо органынын
____________________________________________________________________________________
дареги, банк реквизиттери)
атынан чыгуу менен: __________________________________________________________________
(негизи боюнча жак аракеттенген документ, эгерде өкүл ишеним кат боюнча
_____________________________________________________________________________________
аракеттенсе - анда ишеним каттын реквизиттери)
_____________________________________________________________________________________
негизинде аракеттенүү менен,
Ишеним кат боюнча:
Мен, ________________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
____________________________________________________________________________________
(ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ)
____________________________________________________________________________________
(документтин түрү, сериясы, номери, ким тарабынан жана качан берилген)
төмөндөгү дарек боюнча жашаган: ______________________________________________________
_____________________________________________________________________________________
(шаар, айыл, көчө, үй жана батир №)
Ушуну менен:
_____________________________________________________________________________________
(орду жана убактысы)
_____________________________________________________________________________________
объект (-тер) боюнча
_____________________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________ лот (-тор) боюнча
боло турган конкурска катышуу ниетим жөнүндө билдирем.
_____________________________________________________________________________________
Бул ниетке ылайык төмөндөгү төгүмдөр төлөндү.
1. 9216,7 сом (тогуз миң эки жүз он алты сом жетимиш тыйын) өлчөмүндө географиялык кыскача маалыматтар пакети үчүн акы.
2. 1000000 (бир миллион) сом өлчөмүндөгү конкурска катышуу үчүн жыйым.
3. 320000 (үч жүз жыйырма миң) АКШ доллары өлчөмүндөгү кепилдик төгүмү.
Конкурста жеңген учурда төмөнкүлөргө милдеттенем:
1) конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюу;
2) жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга конкурста сатылып алынган объектинин жер казынасын пайдалануу укугунун баасын конкурстун шарттары менен аныкталган мөөнөттө төлөө;
3) жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык керектүү төлөмдөрдү төлөө;
4) жер казынасынын объектисин конкурска коюунун ажырагыс шарттары болуп саналган, конкурстун уюштуруучусу тарабынан жер казынасынын объектисин пайдаланууга карата белгиленген талаптарды аткаруу, ал эми аларды аткарбаган учурда - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "__" __________ 2015-жылдагы № _______ буйругу менен бекитилген Тегене таш көмүр кенин ("Тегене-Шахта" участогун) иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттары жана тартибинде белгиленген айып санкцияларын төлөө. Конкурс өткөн жок деп таанылган учурунда, эгерде билдирилген сунуштардын бири дагы конкурстун шарттарына жооп бербесе, же өтүнмөлөрү болгондо же бир гана өтүнмө келип түшкөндө, конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протоколго мен кол коюуга макулмун, мында геологиялык кыскача маалыматтар пакети үчүн төлөнгөн сумма жана конкурска катышуу үчүн жыйым кайтарылбайт жана жер казынасын пайдалануу боюнча саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда калат.
Конкурска катышуу үчүн ушул арызга кошумча төмөнкүлөрдү тиркейм:
1. _______________________________________________________________________________;
2. _______________________________________________________________________________;
3. _______________________________________________________________________________;
4. _______________________________________________________________________________;
5. _______________________________________________________________________________;
6. _______________________________________________________________________________;
7. _______________________________________________________________________________;
8. _______________________________________________________________________________;
9. _______________________________________________________________________________;
10. ______________________________________________________________________________;
11. ______________________________________________________________________________.
Паспорт өтүнмөнү берүүдө жеке талапкер тарабынан көрсөтүлөт.
Арыз ээсинин (ыйгарым укуктуу адамдын) колу: __________________________________________
Датасы 2015-жыл "___" ______________
Кабыл алынды:
__________________________________________________________________________________
(өтүнмөнү кабыл алган адамдын кызматы)
__________________________________________________________________________________
(так убакытты көрсөтүү менен, өтүнмө кабыл алынган дата)
__________________________________________________________________________________
(өтүнмөнү кабыл алган адамдын аты-жөнү жана колу)
|
| Тегене таш көмүр кенин ("Тегене-Шахта" участогун) иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттары жана тартиби жана жеңүүчүнү аныктоонун критерийлеринин 2-тиркемеси |
Форма
1. Компаниянын толук аталышы
2. Компаниянын юридикалык дареги (жайгашкан орду)
3. Мамлекеттик каттоо датасы жана орду
4. Компания □ жеке менчик □ мамлекеттик болуп саналат
5. Компания 100% акцияга/катышуу үлүшүнө ээ болгон туунду компанияларды санаңыз
6. Компания катышуу үлүшү 5% жана андан көп акцияга ээ болгон башка компанияларды санаңыз
7. Компаниянын менчик ээлери жөнүндө маалымат (акционерлер/компаниянын катышуучулары:
№ | Юридикалык жактын аталышы/Менчик ээсинин аты-жөнү | Катышуу үлүшү | Юридикалык дареги/каттоо дареги | Ырастоочу документтер |
1 |
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
... |
|
|
|
|
8. 7-пунктта көрсөтүлгөн компаниянын менчик ээлери жөнүндө маалымат:
№ | Юридикалык жактын аталышы/Менчик ээсинин аты-жөнү | Катышуу үлүшү | Юридикалык дареги/каттоо дареги | Ырастоочу документтер |
1 |
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
... |
|
|
|
|
9. 8-пунктта көрсөтүлгөн компаниянын менчик ээлери жөнүндө маалымат:
№ | Юридикалык жактын аталышы/Менчик ээсинин аты-жөнү | Катышуу үлүшү | Юридикалык дареги/каттоо дареги | Ырастоочу документтер |
1 |
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
... |
|
|
|
|
Компания ушул маалымдамада көрсөтүлгөн маалыматтар толук, так жана ишенимдүү экендигин кепилдейт.
Колу: | ________________________________ | М.О. |
Аты-жөнү: | ________________________________ | |
Кызматы: | ________________________________ | |
Дата: | ________________________________ |
|
| Тегене таш көмүр кенин ("Тегене-Шахта" участогун) иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттары жана тартиби жана жеңүүчүнү аныктоонун критерийлеринин 3-тиркемеси |
Форма
___________________________________________________________, мындан ары "Катышуучу" деп аталган ________________________________________________________________________________ атынан, _______________________________________________________ негизинде аракеттенип, ушуну менен Тегене таш көмүр кенин ("Тегене-Шахта" участогун) иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурсту өткөрүүнүн шарттарында жана тартибинде жана жеңүүчүнү аныктоо критерийлеринде (мындан ары - Шарттар) каралган бардык талаптарды сактоого жана аткарууга милдеттенет.
Катышуучу Тегене таш көмүр кенин ("Тегене-Шахта" участогун) иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурстун жеңүүчүсү деп аныкталган учурда катышуучу төмөнкүдөй милдеттенмелерди өзүнө алат:
- Шарттарда каралган бардык айыптарды төлөөгө;
- конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугуна ал сунуштаган баа кайтарылбас төлөм болуп саналарына;
- өзүнүн ишинин натыйжасында айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын ордун толтуруу, жана эгерде мындай зыян экологиялык укук бузуулардын жыйынтыгында келтирилсе, айлана-чөйрөнүн бузулган абалын калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды өткөрүүгө.
Катышуучу жогоруда саналган милдеттенмелер Тегене таш көмүр кенин ("Тегене-Шахта" участогун) иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурсту өткөрүүнүн шарттарынын жана тартибинин жана жеңүүчүнү аныктоо критерийлеринин бир бөлүгү болуп саналаарын түшүнөт жана макул болот жана аларды сактоого жана аткарууга милдеттенет.
Колу: | ________________________________ |
|
Ф.И.О: | ________________________________ |
|
Кызматы: | ________________________________ |
|
Дата: | ________________________________ |