Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2016-жылдын 19-январы № 26
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын жана тажик-кыргыз мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн делегациясынын топографиялык-жерге жайгаштыруу жумушчу топторунун биргелешкен жолугушуусуна катышуу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын топографиялык-жерге жайгаштыруу жумушчу тобу тиркемеге ылайык курамда 2016-жылдын 25-30-январында Тажикстан Республикасынын Согду облусунун Бобожон Гафуров районуна жиберилсин.
2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Искандаров Курбанбай Алибаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү; |
Касмалиев Ажыбек Кадыркулович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директору, топографиялык-жерге жайгаштыруу жумушчу тобунун жетекчиси; |
Абдырахманов Сайитбек Кутбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
Абдураимов Бекназар Элмуратович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти; |
Калматов Азамат Маматысакович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин бөлүмүнүн начальниги; |
Эралиев Таалай Каскаевич | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги; |
Мурзаев Абдималик Мурзаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директорунун орун басары; |
Ботобаев Каныбек Калбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары; |
Эргешов Абдиназар Мамытович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Мамаюсупов Исматилла Абдуллаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Сүлүктү-Лейлек аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Борубаев Назирбек Нарматович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түштүк региондук бөлүмүнүн начальниги; |
Юнусов Чынгыз Амангелдиевич | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чектеш өлкөлөр департаментинин экинчи катчысы. |