Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 26-январы № 28-б
Кыргыз Республикасынын пилоттук айыл аймактарында тубар бодо малды жасалма уруктандыруу жана айылдык товар өндүрүүчүлөрдү жогорку сапаттагы асыл тукум уруктар менен камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Тубар бодо малга жасалма уруктандыруу жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын пилоттук айыл аймактарынын тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги:
- пилоттук айыл аймактарында малга жасалма уруктандыруу жүргүзүү үчүн асыл тукум букалардын жогорку сапаттагы уруктары менен камсыз кылсын;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен бирдикте:
бодо малды өз убагында жасалма жол менен уруктандырууну камсыз кылсын жана породасыз букалар менен табигый куудурууга жол бербесин;
малды жасалма уруктандыруунун пайдалуу жактары жөнүндө айыл элине кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция бодо малды жасалма уруктандырууну жүргүзүүдө практикалык жардам көрсөтсүн.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Тубар бодо малга жасалма уруктандыруу жүргүзүлүүчү Кыргыз Республикасынын пилоттук айыл аймактарынын ТИЗМЕСИ
Айыл аймактарынын аталышы | Райондор | Тубар мал, саны | ||
Жалал-Абад облусу | ||||
1 | Барпы (1 айыл) | Сузак району | 400 | |
2 | Достук (1 айыл) | Ноокен району | 500 | |
Ош облусу | ||||
3 | Мады (1 айыл) | Кара-Суу району | 300 | |
4 | Алля Анаров (1 айыл) | Араван району | 530 | |
Баткен облусу | ||||
5 | Кулунду (1 айыл) | Лейлек району | 976 | |
6 | Дара (1 айыл) | Баткен району | 985 | |
7 | Ак-Турпак (1 айыл) | Кадамжай району | 864 | |
Ысык-Көл облусу | ||||
10 | Түп (1 айыл) | Түп району | 2361 | |
11 | Кутургу(2 айыл) | Түп району | 647 | |
12 | Талды-Суу (2 айыл) | Түп району | 805 | |
13 | Сары-Булак (1 айыл) | Түп району | 691 | |
14 | Саруу (1 айыл) | Жети-Өгүз району | 2100 | |
15 | Ак-Дөбө (2 айыл) | Жети-Өгүз району | 2700 | |
Талас облусу | ||||
16 | Ак-Дөбө (1 айыл) | Бакай-Ата району | 250 | |
17 | Чолпонбай (2 айыл) | Кара-Буура району | 922 | |
18 | Өмүралиев (1 айыл) | Талас району | 400 | |
Нарын облусу | ||||
19 | Миң-Булак (1 айыл) | Нарын району | 750 | |
20 | Жаңы-Талап (1 айыл) | Ак-Талаа району | 420 | |
21 | Бирлик (1 айыл) | Ат-Башы району | 1136 | |
Чүй облусу | ||||
22 | Кызыл-Октябрь (1 айыл) | Кемин району | 350 | |
23 | Таш-Мойнок (1 айыл) | Аламүдүн району | 300 | |
24 | Ак-Беппш (1 айыл) | Чүй району | 1269 | |
25 | Сын-Таш (1 айыл) | Ысык-Ата району | 620 | |
26 | Ак-Башат (1 айыл) | Жайыл району | 2653 | |
27 | Беловодск (1 айыл) | Москва району | 700 | |
28 | Чапаев (1 айыл) | Москва району | 200 | |
29 | Төш-Булак(1 айыл) | Сокулук району | 643 | |
Республика боюнча бардыгы | ||||
Бардыгы | 31 айыл | 22 район | 24472 баш | |