Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 1-февралы № 34-б
Кыргыз Республикасынын спортчуларын 2016-жылы өтө турган эл аралык комплекстүү спорттук оюндарга (Рио-де-Жанейро (Бразилия) шаарында өтө турган XXXI жайкы Олимпиадалык жана XV жайкы Паралимпиадалык оюндарга, Лиллехаммер (Норвегия) шаарында өтө турган өспүрүмдөрдүн II кышкы Олимпиадалык оюндарына) ийгиликтүү даярдоо жана ага катыштыруу максатында:
1. 2016-жылы өтө турган эл аралык комплекстүү спорттук оюндарга катышууга Кыргыз Республикасынын спортчуларын даярдоо боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - Уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.
2. Уюштуруу комитети 2016-жылы өтө турган эл аралык комплекстүү спорттук оюндарга спортчуларды даярдоонун жана катышуусунун негизги маселелери боюнча жумушчу кеңешмелерди өткөрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин күн мурдатан жиберилген өтүнүчүнүн негизинде 2016-жылы өтө турган эл аралык комплекстүү спорттук оюндарга катышууга кетип жаткан Кыргыз Республикасынын спорттук делегациясынын мүчөлөрүнө чет мамлекеттердин кирип-чыгуу визаларын тариздөө боюнча табыштамаларды даярдоого жана жөнөтүүгө көмөк көрсөтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик берген графикке ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин 2016-жылга бекитилген бюджеттик каражаттарынын чегинде Кыргыз Республикасынын курама командаларын даярдоо үчүн финансы каражаттарын өз убагында бөлүүнү камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2016-жылы боло турган эл аралык комплекстүү спорттук оюндарга катышууга даярданып жаткан спорттун түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын спортчуларын акысыз негизде комплекстүү медициналык кароодон өткөрсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы зарылчылыкка жараша белгиленген тартипте 2016-жылы боло турган эл аралык комплекстүү спорттук оюндарга катышууга кетип жаткан Кыргыз Республикасынын спорттук делегациясынын мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортторун берүүгө көмөк көрсөтсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясына, "ЭлТР" Кыргыз Республикасынын мамлекеттик телерадиоберүү компаниясына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына 2016-жылы боло турган эл аралык комплекстүү спорттук оюндарга даярдыктын жана катышуунун жүрүшүн чагылдырууну камсыз кылуу сунушталсын.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) 2016-жылы боло турган эл аралык комплекстүү спорттук оюндарды өткөрүү мезгилинде көчөлөрдү талаптагыдай жасалгалашсын.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиадалык комитети, Кыргыз Республикасынын спорттун түрлөрү боюнча федерациялары менен бирге 2016-жылы боло турган эл аралык комплекстүү спорттук оюндарга Кыргыз Республикасынын курама командаларын даярдоо жана катыштыруу планына ылайык аларга зарыл шарттарды камсыз кылсын;
- жогоруда аталган оюндарда жогорку натыйжаларды көрсөткөн спортчуларды сыйлоону бекитилген бюджеттин чегинде жүргүзсүн;
- 2016-жылы боло турган эл аралык комплекстүү спорттук оюндарда спорттун түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командаларынын спортчу мүчөлөрүнө XXXI жайкы Олимпиадалык оюндарга жана XV жайкы Паралимпиадалык оюндарга катышкан спортчуларга бир жолку акчалай сыйлыктын төмөнкүдөй өлчөмү каралсын:
1-орун үчүн - алтын медаль - 7000000 (жети миллион) сом;
2-орун үчүн - күмүш медаль - 5000000 (беш миллион) сом;
3-орун үчүн - коло медаль - 3500000 (үч миллион беш жүз миң) сом;
4-орун үчүн - 2000000 (эки миллион) сом;
5-орун үчүн - 1000000 (бир миллион) сом;
6-орун үчүн - 900000 (тогуз жүз миң) сом;
7-орун үчүн - 800000 (сегиз жүз миң) сом;
8-орун үчүн - 700000 (жети жүз миң) сом;
- башкы жана жеке машыктыруучунун ар бирине спортчунун акчалай сыйлыгынын 25 пайызынын өлчөмүндө сый акы белгиленсин;
- өспүрүмдөрдүн II кышкы Олимпиадалык оюндарына катышкан спортчуларга төмөнкүлөр каралсын:
- биринчи орун үчүн - 1000000 (бир миллион) сом;
- экинчи орун үчүн - 500000 (беш жүз миң) сом;
- үчүнчү орун үчүн - 250000 (эки жүз элүү миң) сом;
- улук жана жеке машыктыруучунун ар бирине спортчунун акчалай сыйлыгынын 25 пайыз өлчөмүндө сый акы белгиленсин.
10. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Кудайбердиева Гульмира Каримовна | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Бакиров Шейшенкул Турдумамбетович' | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; |
Абдыкеримов Шаршенбек Шайлообекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиадалык комитетинин Президенти, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча). |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Абдылдаев Эрлан Бекешович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри; |
Касымалиев Адылбек Алешович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри; |
Батыралиев Талантбек Абдуллаевич | - | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри; |
Сарпашев Тайырбек Дуйшекеевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы; |
Бардинова Нуржан Арзыкуловна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы; |
Аманкулов Канат Маратович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиадалык комитетинин башкы катчысы (макулдашуу боюнча); |
Кулматов Кубанычбек Кенешович | - | Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Кадырбаев Айтмамат Тентибаевич | - | Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Карыпбеков Илим Майрамбекович | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Мусаев Айбек Рысалиевич | - | Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору. |