Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ПРЕМЬЕР-МИНИСТР КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
РАСПОРЯЖЕНИЕ
2016-жылдын 1-февралы № 57
Балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын жөлөкпул берүү механизмдерин иштеп чыгуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ бир айлык мөөнөттө балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын жөлөкпул берүү механизмдерин иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко зарыл болгон учурда белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын адистерин жана көз карандысыз эксперттерди ишке тартууга уруксат берилсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Назарбаев К.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Рысбекова Ж.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөкпулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын начальниги; |
Мамбеталиева М.У. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин саламаттык сактоо жана социалдык коргоо бөлүмүнүн башчысы; |
Шевченко Г.А. | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун пенсия жана тариф саясаты башкармалыгынын начальнигинин орун басары; |
Орозобекова Д.А. | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Социалдык камсыз кылуу департаментинин ыкчам эсептөө бөлүмүнүн башчысы; |
Андакулов Ж. |
| Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин салык саясаты бөлүмүнүн башкы адиси; |
Исматова Ч.С. | - | Дүйнөлүк банктын "Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо" долбоорунун "Социалдык коргоо" компонентин ишке ашыруу тобунун жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Бектурова Г.А. | - | Дүйнөлүк банктын "Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо" долбоорунун "Социалдык коргоо" компонентинин социалдык саясат боюнча консультанты (макулдашуу боюнча); |
Лукашова И.В. | - | Кыргызстандагы социалдык-экономикалык изилдөө борборунун (CASE-Кыргызстан) эксперти (макулдашуу боюнча). |