Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 3-февралы № 43-б
Кыргыз Республикасында уяң жүндүү кой чарбачылыгын кайра жандандыруу жана өнүктүрүү, уяң жүндү өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү боюнча шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-2019-жылдарга уяң жүндүү кой чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) ушул тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги жарым жылда бир жолу, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн,
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-2019-жылдарга Кыргыз Республикасында уяң жүндүү кой чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Чаралар, иш аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжалар (продукт) | Жооптуу аткаруучулар |
1 | Бирдиктүү тармактык маалымат системасын түзүү | 1. Маалымат базасын, портал, сайт түзүү, алардын түзүлүштөрүн иштеп чыгуу жана тиешелүү контенттер менен толтуруу. 2. Соода аянтын түзүү жана аны ишке киргизүү, уяң жүндүү кой чарбачылыгын жарнамалоо жана "кыргыз тоо мериносу" брендин түзүү | 2016-жылдын 25-декабры | 1. Тармакты башкарууну жакшыртуу. Тармакты маалыматтык камсыз кылууга жетишүү. Фермерлердин - эт, жүн жана тери өндүрүүчүлөрдүн билимин жогорулатуу. Кой чарбасынын продукциясын кайра иштетүү жөнүндө маалыматка жетишүү. 2. Койлорду өстүрүүдөн алынган пайда көрүү жөнүндө фермерлерге маалымдоо | АЧММ, фермерлер ассоциациясы (макулдашуу боюнча) |
2 | Уяң жүндүү кой чарбачылыгын өнүктүрүүнү экономикалык колдоо | 1. Финансылык институттардын каражаттарынын эсебинен эл аралык гранттык жардамдарды тартуу 2 . "Айыл чарбаны каржылоо" долбоору боюнча жеңилдетилген кредиттерди берүү | Жыл сайын | 1. Илимдин жетишкендиктерин жана алдыңкы тажрыйбаны колдонуу менен уяң жүндүү койлордун санынын өсүшү. 2. Асыл тукум баалуулугун жакшыртуу жана асыл тукум койлордун санынын көбөйүшү. 3. Койлордун азыктуулугунун жогорулашы. 4. Кой чарбачылыгынын продукциясынын көлөмүнүн жогорулашы. 5. Тармактын кирешелүүлүгүнүн жогорулашы | АЧММ, фермерлер ассоциациясы (макулдашуу боюнча) |
3 | Тоют базасын жакшыртуу жана койлорду тоют менен камсыздоо | 1. Жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу жана абалын жакшыртуу боюнча чараларды көрүү. 2. Жайыттарды жакшыртуу. 3. Талаада тоют өндүрүү потенциалын күчөтүү жана тоют өндүрүүнү көбөйтүү | 2017-жылдын аягына чейин | 1. Койлордун азыктуулугунун жогорулашы. 2. Эт, жүн жана тери алуунун көбөйүшү. Тери сырьесунун сапатынын жана койлордун генетикалык баалуулугунун жакшырышы. 3. Тармактын өндүрүлгөн продукциясынын көлөмүнүн көбөйүшү. 5. Кой чарбачылыгынын кирешелүүлүгүнүн жогорулашы | АЧММ, Кыргыз мал чарба жана жайыттар илим-изилдөө институту, фермерлер ассоциациясы (макулдашуу боюнча) |
4 | Кой чарбачылыгындагы эпизоотиялык абалды жакшыртуу, тармактын экспорттук дараметин жогорулатуу, региондук жана дүйнөлүк базарларга чыгуу | Ветеринардык лабораторияларды түзүү, менчик-мамлекет өнөктөштүгүн өнүктүрүү | Дайыма | 1. Инфекциялык ылаңдардын таралышынын кыскарышы жана жаныбарлардын саламаттыгынын жакшырышы. 2. Койлордун азыктуулугунун жогорулашы. 3. Кой чарбачылыгынын кирешелүүлүгүнүн жогорулашы. 4. Тармактын продукциясынын экспорттук дараметинин жогорулашы. 5. Адамдардын ооруп калуу коркунучунун азайышы | Ветинспекция, Ветеринардык палата (макулдашуу боюнча), ветеринардык врачтар ассоциациясы (макулдашуу боюнча), фермерлер ассоциациясы (макулдашуу боюнча) |
5 | Породанын сапатын жакшыртууда генетикалык прогрессти камсыздоо | Жогору баалуу генетикалык ресурстардын репродукцияларынын заманбап биотехнологиялык ыкмаларын киргизүү | 2018-жылдын 25-декабры | 1. Жогорку баалуу генетикалык ресурстардын репродукциясынын заманбап биотехнологиялык ыкмаларынын киргизилиши. 2. Малдын генетикалык (асыл тукум) баалуулугунун жогорулашы. 3. Койлордун азыктуулугунун жогорулашы. 4. Генетикалык прогресстин ылдамдашы. 5. Асыл тукум малдын санынын көбөйүшү. 6. Тармактын кирешелүүлүгүнүн жогорулашы | АЧММ, Кыргыз мал чарба жана жайыттар илим-изилдөө институту, Улуттук илимдер академиясы, фермерлер ассоциациясы (макулдашуу боюнча) |
6 | Тармактык ассоциацияны жана Кой чарбачылыгы тармагынын продукцияларынын өндүрүлүүчү түрлөрү - кой эти жана уяң жүндүү меринос койдун жүнү боюнча тармактын ассоциациясын өндүрүү үчүн шарттарды түзүү | 1 .Ресурстук борборлорду түзүү. 2.Фермерлерди колдоо жана кызыкчылыктарын коргоо. 3. Айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өз ара байланышта иштөөсү | 2018-жыл | 1. Жүн боюнча ассоциация түзүү. 2. "Кыргыз-Эт" ассоциациясынын дараметинин күчөшү. 3. Фермер - кой өстүрүүчүлөрдүн проблемаларын чечүүдө ассоциациялардын ролунун жана маанисинин жогорулашы. 4. Тармакты башкарууну жакшыртуу. 5. Кой чарбачылыгынын кирешелүүлүгүнүн жогорулашы | АЧММ, демилге көтөргөн фермерлер тобу (макулдашуу боюнча), эл аралык финансылык институттар (макулдашуу боюнча), тармактык долбоорлор, (макулдашуу боюнча) |
7 | Эт, жүн жана тери сырьесу тармагынын продукцияларын жакшылап кайра иштетүүгө жетишүү | 1. Заманбап кайра иштетүүчү ишканаларды, лабораторияларды, логистикалык борборлорду куруу | 2018-2019-жылдар | 1. Заманбап эт комбинаттары, мал союучу цехтердин, лабораториялардын, логистикалык борборлордун курулушу. 2. Кайра иштетилген продукциянын көлөмүнүн көбөйүшү. 3. Кой чарбачылыгынын продукциясынын кошумча наркынын жогорулашы. 4. Фермерлердин кирешелеринин өсүүсү. 5.Тармактык экспорттук дараметинин жогорулашы. 6. Өлкөнүн бийик тоолуу региондорунда кедейликтин деңгээлинин кыскарышы | АЧММ, Экономмин, фермерлер ассоциациясы (макулдашуу боюнча) |