Загрузка документа…
ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
РАСПОРЯЖЕНИЕ
2016-жылдын 9-февралы № 48-б
Кыргыз Республикасы менен Европа биримдигинин ортосундагы Кызматташтык боюнча кеңешинин 2016-жылдын 14-17-февралында Брюссель (Бельгия Королдугу) шаарында өтүүчү он төртүнчү жыйынынын ишине катышуу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөндөгү курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын делегациясынын Брюссель шаарына баруусуна байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Абдылдаев Эрлан Бекешович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри, делегациянын жетекчиси; |
Чуйков Николай Алексеевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы, Европа биримдиги менен кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук координатору, делегация башчысынын орун басары. |
Делегациянын мүчөлөрү: | ||
Курманова Айдай Эркиновна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы; |
Баатырова Гульнара Маришовна | - | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Дооталиев Улан Тимурович | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; |
Байгончоков Мирланбек Конушбекович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Абдуллаев Талант Тынычбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору; |
Исаев Асеин Кусеинович | - | Бельгия Королдугундагы Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Кыргыз Республикасынын Европа Биримдигиндеги туруктуу өкүлү. |