Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 16-февралы № 58-б
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 5408-V токтому менен бекитилген 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонд:
- "Эйр Кыргызстан" ачык акционердик коомунун акцияларынын 49 пайызын сатуу боюнча инвестициялык конкурсту белгиленген тартипте даярдасын жана өткөрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен биргеликте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык конкурстун шарттарын, милдеттенмелердин тизмесин, ошондой эле милдеттенмелерди ишке ашыруу мөөнөттөрүн бир айлык мөөнөттө иштеп чыксын;
- "Эйр Кыргызстан" ачык акционердик коомунун акцияларынын 49 пайызын сатуу боюнча инвестициялык конкурсту өткөрүү үчүн ушул пункттун 3-абзацында көрсөтүлгөн документтерди белгиленген тартипте бекитсин.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |