РаспоряжениеКүчүндө

КР Президентинин 2016-жылдын 17-февралындагы ПБ № 33 (Кыргыз Республикасы менен Эфиопия Федеративдик Демократиялык Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү тууралуу биргелешкен коммюникенин долбоорун жактыруу тууралуу) буйругу

Редакция17.02.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН

БУЙРУГУ

2016-жылдын 17-февралы ПБ № 33

1. Кыргыз Республикасы менен Эфиопия Федеративдик Демократиялык Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү тууралуу биргелешкен коммюникенин долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисине жогоруда аталган Биргелешкен коммюникеге принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

А.Ш. Атамбаев