Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2016-жылдын 16-февралы № 88
"Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмегине калктуу конуштарды киргизүү критерийлерин аныктоону караган мыйзамдын долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын, ишканалардын жана уюмдардын адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартуу укугу берилсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Рыспаев Б.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Бусурманкулов Э.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Курманова А.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы; |
Дооталиев У.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; |
Кармышаков У.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Каденова З.А. | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары; |
Уезбаев У.К. | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; |
Мурзалиев А.Дж. | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары; |
Чодуев Э.У. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары; |
Алимбаев А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары; |
Халитов М.Г. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Шамканов К.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары; |
Бакиров Ж.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун башчысы; |
Момбеков А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти; |
Масаидов Б.Ю. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн инспектору; |
Катанаев А.Г. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директору; |
Ботобаев К.К. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары; |
Парамонов Н.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин архитектура, шаар куруу жана аймактарды өнүктүрүү башкармалыгынын начальнигинин милдетин аткаруучу; |
Мамасалиева Т.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу, ведомстволор аралык жумушчу топтун жооптуу катчысы. |