Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2016-жылдын 24-февралы № 98
Туризмди өнүктүрүү боюнча маселелерди кароодо аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, туристтик ассоциациялардын натыйжалуу өз ара аракеттенүүлөрүн камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Туризмди өнүктүрүү маселелерин координациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) 1-тиркемеге ылайык түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ведомстволор аралык комиссияга мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин, көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
4. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук-техникалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине жүктөлсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
1-тиркеме
Социалдык блоктун маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары - Туризм департаментинин директору, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз туроператорлор ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Коомчулукка негизделген Кыргыз туризм ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Жибек жолу туризми ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргызстандын мейманкана жана ресторан бизнеси ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргызстандын курорттук-ден соолукту чыңдоо мекемелер ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Альпинизм, аскага жана мөңгүгө чыгуу федерациясынын вице-президенти (макулдашуу боюнча);
Экономикалык палата ассоциациясынын директору (макулдашуу боюнча).
2-тиркеме
1. Туризмди өнүктүрүү маселелерин координациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) мамлекеттик органдардын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн туризм тармагын өнүктүрүү боюнча иш-аракеттерин координациялоону камсыз кылат.
2. Ведомстволор аралык комиссиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, туристтик ассоциациялардын, коомдук жана эл аралык уюмдардын туризмди өнүктүрүү боюнча чараларды ишке ашырууга багытталган иштерин координациялоо;
- туристтик тармактын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча маселелерди кароо;
- туризм чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
3. Ведомстволор аралык комиссия төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
- өз жыйындарында аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка уюмдардын туризмди өнүктүрүү маселелери боюнча маалыматтарын карайт жана талкуулайт;
- туризмди динамикалуу өнүктүрүүгө тоскоол болгон көйгөйлөрдү аныктоо жана жоюу максатында туризм чөйрөсүндөгү абалга талдоо жүргүзөт;
- чет өлкөлөр менен туризм чөйрөсүндө кызматташууну кеңейтүү боюнча маселелерди карайт.
4. Ведомстволор аралык комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, башка уюмдардан жана мекемелерден туризмди өнүктүрүү боюнча зарыл болгон маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- туризмди өнүктүрүүгө байланышкан маселелерди кароо боюнча көчмө жыйындарды өткөрүүгө.
5. Ведомстволор аралык комиссиянын жыйындары зарылдыкка жараша, бирок кварталына бирден кем эмес жолу өткөрүлөт.
Ведомстволор аралык комиссиянын чечими жыйынга катышкан ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн добуштары менен кабыл алынат. Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнүн добуштарынын саны тең болуп калган учурда төраганын добушу чечүүчү болуп саналат.
6. Ведомстволор аралык комиссиянын чечими протокол менен таризделет, ага төрага же жыйынга төрагалык кылган адам кол коёт.
Ведомстволор аралык комиссиянын жыйынынын жүрүшүндө протоколду Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлү жүргүзөт.
7. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
- ведомстволор аралык комиссиянын жыйындарын даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан иш-чараларды уюштурууну;
- ведомстволор аралык комиссиянын жыйынына материалдарды даярдоону жана жиберүүнү;
- ведомстволор аралык комиссиянын чечимдеринин аткарылышына күнүмдүк контролду.