Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 18-февралы № 63-б
2016-жылдын 9-июнунан 13-июнуна чейин Москва шаарынын аймагында өткөрүү пландалган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (мындан ары - КМШ) 25 жылдыгына арналган, "КМШга 25 жыл: Интеграциянын жана өнөктөштүктүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү" деп аталган мамлекеттер аралык көргөзмөнү өткөрүүгө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. КМШнын 25 жылдыгына арналган Мамлекеттер аралык көргөзмөгө Кыргыз Республикасынын катышуусуна даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитетинин (мындан ары - уюштуруу комитети) курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Уюштуруу комитети:
- КМШнын 25 жылдыгына арналган Мамлекеттер аралык көргөзмөгө Кыргыз Республикасынын катышуусуна даярдык көрүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин;
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен бирге КМШнын 25 жылдыгына арналган Мамлекеттер аралык көргөзмөгө Кыргыз Республикасынын катышуусу жана экспозиция уюштуруу боюнча сарптоолорду кийин финансылоо менен чыгымдардын сметасын түзүү жана бекитүү үчүн зарыл болгон эсептөөлөрдү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин;
- КМШнын 25 жылдыгына арналган, Мамлекеттер аралык көргөзмөгө Кыргыз Республикасынын катышуусуна даярдык көрүү боюнча иш-чаралардын планына ылайык Кыргыз Республикасынын ишкердик жана маданий программасын даярдасын.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасы КМШнын 25 жылдыгына арналган Мамлекеттер аралык көргөзмөгө Кыргыз Республикасынын катышуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укук берилген өкүлү катары бардык уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү жана мамлекеттер аралык пландуу кеңешмелерге катышуу боюнча функциялары ыйгарылуу менен Кыргыз Республикасынын улуттук көргөзмө оператору болуп аныкталсын.
4. Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясына жана Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясына (макулдашуу боюнча) жакында өтүүчү КМШнын 25 жылдыгына арналган Мамлекеттер аралык көргөзмө жөнүндө коомчулукка кабарлоо үчүн акысыз убакыт берүү сунушталсын.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
КМШнын 25 жылдыгына арналган Мамлекеттер аралык көргөзмөгө Кыргыз Республикасынын катышуусуна даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасынын башкы директору;
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын башкы окумуштуу катчысы (макулдашуу боюнча).