Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 29-февралы № 76-б
2017-2019-жылдарга Кыргыз Республикасынын бюджетинин орто мөөнөттүү болжолунун жана 2017-2019-жылдарга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин долбоорлорун өз убагында жана сапаттуу даярдоо максатында, "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9 жана 40-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги 2016-жылдын 10-мартына чейинки мөөнөттө 2017-2019-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орточо мөөнөттүү болжолунун долбоорун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд 2016-жылдын 22-мартына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине акционердик коомдордун акцияларынын мамлекеттик пакетинен дивиденддердин түшүүсүнөн алынуучу кирешенин, чарба жүргүзүүчү субъекттер боюнча мамлекеттик ишканалардын пайдасынын, мамлекеттик менчикти менчиктештирүү акысы, радио жыштык тилкелеринин ижарасы үчүн төлөмдөрдүн, ошондой эле 2017-2019-жылдарга мамлекеттик менчикте турган жайларды, имараттарды жана курулмаларды ижарага берүү төлөмдөрүнүн түшүүсүнүн болжолун берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына 2016-жылдын 22-мартына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 2017-2019-жылдарга Кыргыз Республикасынын бюджетине которулууга тийиш болгон Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасынан түшүүлөрдүн суммасынын болжолун берүү сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы 2016-жылдын 22-мартына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 2017-2019-жылдарга салыктардын жана салыктык эмес кирешелердин бюджетке түшүүлөрүнүн негизделген болжолун беришсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик 2016-жылдын 22-мартына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 2017-2019-жылдарга пайдалуу кендерди пландалган иштетүү жана алардан республиканын бюджетине кирешелердин түшүүлөрү жөнүндө маалыматты берсин.
6. Ушул буйруктун тиркемесинде көрсөтүлгөн 2017-2019-жылдарга Кыргыз Республикасынын бюджетинин орто мөөнөттүү болжолунун долбооруна бюджеттик чыгымдардын сектордук стратегияларын көрсөтүүчү министрликтер жана административдик ведомстволор:
- 2016-жылдын 24-мартына чейинки мөөнөттө кызыкдар мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен коомдук кеңештер жана жарандык коом менен сектордук стратегияларды талкуулоону жүргүзүшсүн;
- 2016-жылдын 4-апрелине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине зарыл болгон эсептөөлөрү жана негиздемелери менен тийиштүү багыттар боюнча программалык негизде 2017-2019-жылдарга орто мөөнөттүү стратегияларды беришсин.
7. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана республикалык бюджеттен каржылануучу Кыргыз Республикасынын башка бюджеттик уюмдары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине төмөнкүлөрдү беришсин:
- 2016-жылдын 4-апрелине чейинки мөөнөттө - тийиштүү эсептөөлөрү жана негиздемелери менен 2017-2019-жылдарга атайын каражаттар боюнча болжолду;
- 2016-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин сунуштамаларына жана бекиткен сметалардын формаларына ылайык программалык негиздеги зарыл болгон эсептөөлөрү жана негиздемелери менен өнүктүрүүнүн мамлекеттик тармактык программаларына негизделген 2017-2019-жылдарга бюджеттик каражаттардын чыгашаларынын жыйынды сметаларынын жана атайын каражаттар боюнча кирешелердин жана чыгашалардын сметаларынын долбоорлорун. Мында контролдук цифралар милдеттүү сакталышы камсыздалсын;
2017-2019-жылдарга бюджеттик мекемелердин тармактары, штаттары жана контингенттери боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрдү;
2017-2019-жылдарга программалык форматтагы бюджеттик документтерди;
программалардын түрлөрү боюнча бюджеттик каражаттарды потенциалдуу үнөмдөө варианттары;
2017-2019-жылдарга бюджеттин долбооруна киргизилбеген артыкчылыктуу чыгымдар.
8. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 2016-жылдын 4-апрелине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине консолидацияланган бюджетти түзүү үчүн 2017-2019-жылдарга каражат түшүүнүн жана чыгымдардын болжолун беришсин.
9. Айыл өкмөттөрдүн башчылары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин райондук аймактык бөлүмдөрүнө төмөнкүлөрдү берүүсү сунушталсын:
- 2016-жылдын 16-майына чейинки мөөнөттө - 2017-2019-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгүнүн жергиликтүү кеңештер менен макулдашылган болжолун;
- 2016-жылдын 16-июнуна чейинки мөөнөттө - 2017-2019-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгаша бөлүгүнүн жергиликтүү кеңештер менен макулдашылган болжолун берүү сунушталсын.
10. Бишкек жана Ош шаарларынын, облустук жана райондук маанидеги шаарлардын мэриялары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине төмөнкүлөрдү берүүсү сунушталсын:
- 2016-жылдын 2-июнуна чейинки мөөнөттө - 2017-2019-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгүнүн жергиликтүү кеңештер менен макулдашылган болжолун;
- 2016-жылдын 27-июнуна чейинки мөөнөттө - 2017-2019-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгаша бөлүгүнүн жергиликтүү кеңештер менен макулдашылган болжолун.
11. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- 2016-жылдын 10-мартына чейинки мөөнөттө ушул буйруктун тиркемесинде көрсөтүлгөн министрликтерге жана административдик ведомстволорго сектордук стратегияларды иштеп чыгуу үчүн 2017-2019-жылдарга пландалган чыгымдардын болжолдуу көлөмүн берсин;
- 2016-жылдын 2-майына чейинки мөөнөттө 2017-2019-жылдарга Кыргыз Республикасынын бюджетинин орто мөөнөттүү болжолунун долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин кароосуна киргизсин. Анын негизинде 2017-2019-жылдарга министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор үчүн чыгашалар боюнча жалпы контролдук цифраларды даярдасын;
- 2016-жылдын 31-майына чейинки мөөнөттө министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, административдик ведомстволорго жана республикалык бюджеттен каржылануучу Кыргыз Республикасынын башка бюджеттик уюмдарына 2016-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы боюнча баалардын иштелип чыккан болжолдуу индекстерин жана 2017-2019-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн башка негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрүн эсепке алуу менен 2017-2019-жылдарга бюджеттин долбоорун түзүү боюнча нускамалык материалдарды, ошондой эле 2017-2019-жылдарга чыгымдар боюнча контролдук цифраларды даярдасын жана билдирсин;
- 2016-жылдын 15-августуна чейинки мөөнөттө:
2017-2019-жылдарга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин долбоору боюнча коомдук угууларды өткөрсүн;
2017-2019-жылдарга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин долбоорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна берсин.
12. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
2017-2019-жылдарга бюджеттик чыгымдардын сектордук стратегияларын көрсөтүүчү Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана административдик ведомстволорунун ТИЗМЕСИ
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитети;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду;
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик.