Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 2-марты № 81-б
Мамлекеттин мүлкүн натыйжалуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасы Бишкек шаары, Камская көчөсү, 6 дарегинде жайгашкан имараттын биринчи кабатындагы жалпы аянты 506,8 чарчы метр болгон жайды жана цоколдук кабатындагы жалпы аянты 431,8 чарчы метрди түзгөн жайды Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-сентябрындагы № 376-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |