Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-мартындагы № 81-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 4-сентябры № 376-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын иштөөсү үчүн шарттарды түзүү жана аны зарыл кызматтык жайлар менен камсыздоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкармасы белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасын Бишкек шаары, Камская көчөсү, 6 дареги боюнча жайгашкан имаратка биринчи кабатындагы жалпы аянты 506,8 кв.м жайды жана жертөлө кабатындагы жалпы аянты 431,8 кв.м жайды берүү аркылуу коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө жана пайдалануучу сарптоолорго акы төлөө менен бекер пайдалануу шартында жайгаштырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 2-октябрындагы № 560-6 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |