Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 3-марты № 83-б
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-апрелиндеги № 74 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясын ишке ашыруу максатында, этностор аралык кагылышуулардын эртерээк алдын алуу жана болтурбоо боюнча системалык ишти андан ары күчөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-октябрындагы № 430-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясын ишке ашыруу боюнча 2013-2017-жылдар мезгилине биринчи кезектеги иш-чаралар планында:
- 6-пунктунда:
"Аткаруу мөөнөтү" графасы "2015-жыл" деген цифралар жана сөздөн кийин "2016-жыл" деген цифралар жана сөз менен толукталсын;
"Каржылоо булагы (миң сом)" графасы "4300" деген цифралардан кийин "4300" деген цифралар менен толукталсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |