Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 30-октябры № 430-б
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 83-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын улуттук биримдигин чыңдоо жана туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо, этностор аралык мамилелерди жөнгө салуу боюнча узак мөөнөттүү чараларды кабыл алуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-апрелинде № 74 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясын ишке ашыруу боюнча 2013-2017-жылдар мезгилине биринчи кезектеги иш-чаралар планы (мындан ары - Биринчи кезектеги иш-чаралар планы) бекитилсин.
2. Биринчи кезектеги иш-чаралар планынын аткаруучулары болуп саналган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- Биринчи кезектеги иш-чаралар планынын тийиштүү пункттарын ишке ашырууну камсыз кылышсын;
- ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сына чейин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигине иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө отчетторду беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги жыл сайын 15-мартка чейин Биринчи кезектеги иш-чаралар планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымдап турсун.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-октябрындагы № 430-б буйругу менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 83-б буйругунун редакциясына ылайык)
I. Этностор аралык мамилелерди мамлекеттик-укуктук жөнгө салуу | |||||||
№ | Иш-чаралар | Иш-аракет | Аткаруучулар | Аткаруу мөөнөтү | Каржылоо булагы (миң сом) | Күтүлүүчү натыйжа | |
1 | Этностор агенттигинин кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу | Этностор агенттигинин кызматкерлери үчүн төмөнкү темаларда тренингдер сериясы: - "Этностук көп түрдүүлүктү башкаруу"; - "Этностук көп түрдүүлүктү башкаруу жана жалпы жарандык бир түрдүүлүктү түзүү"; - "Кыргызстандагы этномаданияттын көп түрдүүлүгү"; - "Кыргызстандагы этностук азчылыктын укуктарын коргоо жаатындагы азыркы абал: аларда практикада ишке ашыруунун айрым аспекттери"; - "Азчылыктардын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү эл аралык стандарттар"; - "Кыргызстанда этностор аралык мамилелерди жөнгө салуунун саясий-укуктук аспекттери"; - "Этностукту үйрөнүүнүн теориялык-усулдук негиздери"; - "Азыркы кездеги этностор аралык мамилелер" | Этностор агенттиги |
| Республикалык бюджет | Этностор аралык мамилелер чөйрөсүндө натыйжалуу иштөөчү адистердин тобу түзүлдү. Этностор аралык мамилелер жана этностук көп түрдүүлүктү башкаруу чөйрөсүндө адистердин кесиптик квалификациясы жогорулатылды | |
2013-2014-жылдар | 100 | ||||||
2 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин көп этностуу коомчулукта иштөө жана чыр-чатактардын алдын алуу боюнча кесипкөйлүк компетенттүүлүгүн баалоо критерийлерин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын, ИИМ, МУККнын кызматкерлеринин көп этностуу коомчулукта иштөө боюнча иштерин баалоо критерийлерин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | Кадр кызматы (макулдашуу боюнча), ИИМ, МУКК, КЭА (макулдашуу боюнча) | 2013-2014-жылдар | Талап кылынбайт | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын, ИИМ, МУККнын кызматчылардын көп этностуу коомчулукта чыр-чатактарды болтурбоо боюнча иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу | |
3 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын кадрларын окутууну, кесиптик кайра даярдоону уюштуруу жана этностук көп түрдүүлүктү башкаруу боюнча квалификациясын жогорулатуу үчүн окутуу модулдарын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, ага этностук процесстерге мониторинг жана талдоо жүргүзүү көндүмдөрүн өнүктүрүү, аларды улуттук жана жергиликтүү өнүктүрүүнү пландоодо эсепке алуу кирет | Этностор аралык мамилелерди башкаруу боюнча атайын курстарды киргизүү | Кадр кызматы (макулдашуу боюнча), Башкаруу академиясы (макулдашуу боюнча), УИА (макулдашуу боюнча) | 2013-2014-жылдар | Талап кылынбайт | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын кызматкерлери тарабынан этностор аралык процесстерди башкаруу көндүмдөрүнө ээ болуу | |
4 | Түрдүү улуттагы жарандардын биргелешкен иштери боюнча көп этностуу коомчулуктун демилгелерин колдоо | Биргелешкен иштер боюнча этностордун демилгелерин ар тараптуу колдоо, Кыргызстанда жашаган "Этностук коомчулуктун күндөрүн" өткөрүү, этностук театрлардын, фольклордук ансамблдердин чыгууларын, поэзия кечелерин уюштуруу, түрдүү этностук топтордун өкүлдөрү үчүн биргелешкен бизнес долбоорлорду уюштурууга жардам берүү. | Этностор агенттиги |
| Республикалык бюджет | Этностор аралык мамилелерди жакшыртуу | |
2014-жыл | 2400 | ||||||
2015-жыл | 2000 | ||||||
2016-жыл | 1600 | ||||||
2017-жыл | 1000 | ||||||
2014-жыл | 1000 | ||||||
2015-жыл | 1000 | ||||||
2016-жыл | 1000 | ||||||
"Алтын өрөөн" фестивалын өткөрүү | ММТМ, ЖМА, КЭА (макулдашуу боюнча) | 2017-жыл | 1000 | ||||
5 | Көп этностуу райондордо чыр-чатактарды болтурбоо жана кырдаалды баалоо, мониторинг жүргүзүү үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын алдында көп этностуу коомдук консультациялык кеңештерди түзүү | Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Чүй облустарынын көп этностуу райондорунда чыр-чатактарга мониторинг жүргүзүү жана алдын алуу үчүн коомдук-консультация- лык кеңештерди түзүү | Этностор агенттиги, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2013-жыл | Талап кылынбайт | Чыр чатактарды эртелеп алдын алуу тутумун түзүү | |
6 | Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда жана шаарлардын мэрияларында этностор аралык мамилелер маселелери боюнча коомдук кабылдамаларды түзүү, көп этностуу жамааттар жашаган жерлерде чыр-чатактарга эрте чара көрүү жана болтурбоо үчүн, ошондой эле жарандык сектор менен натыйжалуу аракеттенүү үчүн мониторинг жүргүзүү жана кырдаалды баалоо | Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Чүй облустарынын көп этностуу райондорунда Этностор агенттигинин коомдук кабылдамалары үчүн 1 жооптуу катчынын штаттык бирдигин жана кеңсе товарларына, коммуникацияларга чыгымдарды камтуу менен 20 кабинет ачуу | Этностор агенттиги, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
| Республикалык бюджет | Мамлекет көп этностуу коомчулуктарда түзүлгөн кырдаалдар жөнүндө "Биринчи колдон" алынган маалыматтын толук спектрине ээ болот, даректүү кайрылуулар боюнча чара көрүү ишке ашырылат, анонимдүү кайрылуулар "чындыкты аныктоо" методу боюнча талдоо үчүн пайдаланылат. Чыр чатактарды эртелеп алдын алуу боюнча тутумду түзүү | |
2014-жыл | 4300 | ||||||
2015-жыл 2016-жыл | 4300 4300 | ||||||
7 | Ишенимди чыңдоо жана коомду бириктирүү боюнча демилгелерди ишке ашыруу | Жыл сайын этностук коомчулуктардын "Диаспоралар күнү" деген аталыштагы 12 иш-чарасын этносторду жакындаштырууга багытталган мыкты улуттук тамак-ашка, мыкты улуттук оюндарга ж.б. конкурстарды уюштуруу менен өткөрүү пландаштырылат. | Этностор агенттиги |
| Республикалык бюджет | Белгиленген демилгелерди ишке ашырууда коомчулуктар мамлекет тарабынан туруктуу колдоого алынат. Коомдун биримдиги жана ынтымагы чыңдалат | |
2014-жыл | 1800 | ||||||
2015-жыл | 1500 | ||||||
2016-жыл | 1200 | ||||||
2017-жыл | 1000 | ||||||
"Биз - кыргызстандыкпыз" деген патриоттук ырлардын конкурсун өткөрүү | ММТМ ЖМА, КЭА (макулдашуу боюнча) | 2014-жыл | 625 | ||||
2015-жыл | 625 | ||||||
2016-жыл | 625 | ||||||
2017-жыл | 625 | ||||||
8 | Этностор аралык чыңалууларды жана чыр-чатактарды болтурбоо, алардын пайда болуу мүмкүндүгүнө жана тийиштүү түрдө өзгөчө кырдаалдарды алдын ала чечүүгө даяр туруу маселелери боюнча укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу | Укук коргоо кызматкерлери үчүн этностор аралык чыр-чатактардын алдын алуу боюнча атайын курстарды уюштуруу | МУКК, ИИМ, Чек ара, МБК, КЭА | 2013-2017-жылдар | Талап кылынбайт | Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин потенциалы жогорулайт | |
9 | Жарандык коомдун, биринчи кезекте этностордун, жаштардын, аялдардын жана башка коомчулуктардын өкүлдөрүнүн жалпы жарандык бирдейлигин жана элдердин биримдигин бекемдөөгө багытталган демилгелерин колдоо | Жергиликтүү демилгелерди колдоо үчүн финансылык фонд түзүү, грант берүү жол-жоболорун иштеп чыгуу, грант берүү иштерин жүзөгө ашыруу, минимум катары ар бири 10000$ өлчөмүндө 20 грант. Этностук коомчулуктардын элдин биримдигин чыңдоо боюнча демилгелерине колдоо көрсөтүү. Кыргыз тилин окуп-үйрөнүүнү пропагандалаган этностук коомчулуктардын демилгелерин колдоо, этностук коомчулуктардын катышуусу менен жалпы маданий-спорттук иш-чараларды демилге кылган жер-жерлердеги жаштар комитеттерин колдоо, үй-бүлөдө ушул райондо жашаган башка этносторго толеранттуу мамиле кылууга тарбиялоо боюнча аялдар уюмдарынын демилгелерин колдоо, этностор аралык никеге турууну бир нече этностор аралык жубайлардын никесин бир учурда каттоо аркылуу колдоо | Этностор агенттиги | Республикалык бюджет | Этностор аралык мамилелер жакшырат. Жарандык демилгелер мамлекеттин тапшырмаларына туура келет жана тутумдуу түрдө ишке ашырылат | ||
2014-жыл | 2400 | ||||||
2015-жыл | 2400 | ||||||
2016-жыл | 2400 | ||||||
2017-жыл | 2400 | ||||||
10 | Кыргызстандын элдеринин ассамблеясынын элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоодогу ишин этностук жамааттардын кызыкчылыктарынын өкүлчүлүктөрү аркылуу өркүндөтүү; алардын укугун коргоо, КМШга катышуучу өлкөлөрдүн консультациялык-кеңеш- ме органдары менен кызматташууну жакшыртуу | Бардык республикалык, облустук, райондук, жергиликтүү деңгээлдерде этностордун өз ара мамилелеринин жаңы формаларын түзүү жана өнүктүрүү; Кыргыз Республикасында биримдикти, ынтымакты жана жарандык тынчтыкты чыңдоо максатында этностук коомдук бирикмелердин иштерине көмөк көрсөтүү | Этностор агенттиги | Республикалык бюджет | КЭАнын иши жакшырат | ||
КЭА (макулдашуу боюнча) | 2014-жыл | 2000 | |||||
II. Мамлекеттик тилдин бириктирүүчү ролу жана тилдик көп түрдүүлүктү өнүктүрүү | |||||||
11 | Тил саясаты чөйрөсүндө башкаруу жана пландоо тутумун оптималдаштыруу, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын потенциалын жогорулатуу | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын ортосундагы мамлекеттик тил саясатын илгерилетүүнүн алкагында өз ара аракеттенүү боюнча иштин жөнөкөйлөштүрүлгөн жана иштиктүү форматын түзүү | БИМ, Тил комиссиясы (макулдашуу боюнча) | 2013-2017-жылдар | Тиешелүү органдардын каралган бюджеттик каражаттарынын чегинде | Билим берүү тутумунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана тил саясаты чөйрөсүндө иштиктүү мамлекеттик саясаттын болушу | |
12 | Кыргыз Республикасынын жарандарынын кыргыз, орус жана чет тилдердин бирин үйрөнүүсү үчүн шарт түзүү. Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамына ылайык этностук коомчулуктардын өкүлдөрүнө эне тилин сактоосуна, үйрөнүүсүнө, өнүктүрүүсүнө көмөк көрсөтүү | Ар кандай курактагы жарандар үчүн ыңгайлаштырылган окутуучу программалар боюнча, тилдерди практикалык үйрөнүү жана сүйлөө боюнча инновациялык маалымат технологияларын өнүктүрүү | БИМ, Тил комиссиясы (макулдашуу боюнча) | 2013-2017-жылдар | Тиешелүү органдардын каралган бюджеттик каражаттарынын чегинде | Өнүккөн инновациялык маалымат технологияларынын болушу, жергиликтүүлүгү жана колдонулушу | |
13 | Окутуу башка тилде жүргүзүлгөн жалпы билим берүүчү мектептерде кыргыз тилин окутуу, кыргыз тилиндеги сабактардын бөлүктөрүн окутуу сааттарынын санын этап менен көбөйтүү үчүн шарттарды камсыз кылуу | Мектептин билим берүү тутумунун окуу планын өркүндөтүү жана оңдоо киргизүү жолу менен окутуу башка тилде жүргүзүлгөн жалпы билим берүүчү мектептерде мамлекеттик тилди окутуу, кыргыз тилиндеги сабактардын бөлүктөрүн окутуу сааттарынын санын этап менен көбөйтүү | БИМ | Республикалык бюджет | Республиканын бардык орто мектептеринде кыргыз тилин окутуу боюнча мектептик билим берүү тутумунун өркүндөтүлгөн окуу планынын жана сааттардын тиешелүү санынын болушу | ||
2014-жыл | 666,4 | ||||||
2015-жыл | 2663 | ||||||
2016-жыл | 2663 | ||||||
2017-жыл | 2663 | ||||||
14 | Билим берүү тутумун тил адистигиндеги педагогикалык квалификациялуу кадрлар менен камсыз кылуу, тил адистеринин, анын ичинде мамлекеттик тапшырыктын алкагында окуган студенттердин санын көбөйтүү | Эмгек акынын өлчөмүн олуттуу жогорулатуунун тилчилерди гранттык колдоонун эсебинен тилчи адистердин, анын ичинде мамлекеттик тапшырыктын алкагында окуган студенттердин санын көбөйтүү | БИМ | 2013-2017-жылдар | Тиешелүү органдардын каралган бюджеттик каражаттарынын чегинде | Билим берүү тутумунун тил адистиктери боюнча квалификациялуу педагогикалык кадрлар менен камсыз болуусу жакшырат | |
15 | Көп тилдүү билим берүүнүн моделдерин пилоттоштурууну аяктоо, окуп жаткан түрдүү этностук коомчулуктардын керектөөлөрүн жана кызыкчылыктарын эске алуу менен көп тилдүү окутууга өтүүнү камсыз кылуу | Мектептин билим берүү тутумуна көп тилдүү окутуунун моделин киргизүү | БИМ | 2014-2015-жылдар | Тиешелүү органдардын каралган бюджеттик каражаттарынын чегинде | Мектептик билим берүү тутумуна натыйжалуу киргизилген модель | |
16 | Кыргыз тилин окутуу борборлорунун тарамын, анын ичинде жогорку окуу жайларында жана мамлекеттик мекемелерде кеңейтүү | Кыргыз тилин окутуу борборлорунун тарамын, анын ичинде жогорку окуу жайларында, мамлекеттик жана менчик мекемелерде көбөйтүүгө түрткү берүү | БИМ | Республикалык бюджет | Кыргыз тилин окутуу борборлорунун кеңири тараган тарамынын болушу | ||
2014-жыл | 20000 | ||||||
2015-жыл | 20000 | ||||||
2016-жыл | 20000 | ||||||
2017-жыл | 20000 | ||||||
17 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды өркүндөтүлгөн методика жана окутуу программасы боюнча тилди билүү деңгээлин эске алуу, билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде жана улуу курактагыларды окутууда инновациялык, интерактивдик жана компьютердик технологияларды колдонуу менен кыргыз тилине окутуу | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды кыргыз тилине окутуу боюнча алардын кыргыз тилин билүү деңгээлин эске алуу менен маалыматтык-техникалык жана мультимедиялык мүнөздөгү жаңы жана өркүндөтүлгөн окутуучу программаларды киргизүү | Тил комиссиясы (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджет | Маалыматтык-техникалык жана мультимедиялык мүнөздөгү өркүндөтүлгөн жана ишке киргизилген окутуучу программаларды жакшыртуу | ||
2014-жыл | 1500 | ||||||
2015-жыл | 1500 | ||||||
2016-жыл | 1000 | ||||||
2017-жыл | 1000 | ||||||
Кадр кызматы (макулдашуу боюнча) | 2014-жыл | 1200 | |||||
18 | Кыргыз тилинде илимдин өнүгүшүн колдоо, тармактык терминологиялык сөздүктөрдү иштеп чыгуу | Кыргыз тилинде илимди өнүктүрүү боюнча жаңы ыкмалар менен өркүндөтүлгөн багыттарды киргизүү жана алардын венчурдук бүтүмдөрүнө негизделген изилдөөлөрүнүн, иштеп чыгууларынын талап кылынышы | БИМ | 2013-2017-жылдар | Тиешелүү органдардын каралган бюджеттик каражаттарынын чегинде | Кыргыз тилинде илимди өнүктүрүү боюнча жаңы ыкмалар менен өркүндөтүлгөн багыттар, алардын изилдөөлөрүнүн практикалык үзүрлүүлүгү, венчурдук бүтүмдөргө негизделген илимий иштердин болушу | |
19 | Көп тилдүү жана көп маданияттуу билим берүү проблемалары боюнча изилдөөлөрдү артыкчылыктуу илимий багыттардын тизмегине киргизүү | Кыргызстанда көп маданияттуу жана көп тилдүү интеграция багыты боюнча артыкчылыктуу жана тереңдетилген илимий изилдөөлөр. Бул изилдөөлөргө гранттык колдоо жана академиялык кызыктыруу аркылуу түрткү берүү | УИА (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджет | Көп маданияттуу жана көп тилдүү билим берүү проблемалары боюнча илимий изилдөөлөрдүн санынын өсүшү | ||
2014-жыл | 583,3 | ||||||
2015-жыл | 583,3 | ||||||
2016-жыл | 583,3 | ||||||
БИМ | 2013-жыл 2014-жыл 2015-жыл 2016-жыл 2017-жыл | Тиешелүү органдардын каралган бюджеттик каражаттарынын чегинде | |||||
20 | Кыргыз тилиндеги илимий жана көркөм адабият чыгармаларын башка этностордун тилдерине, чет тилдерге которуу практикасын кайра жандандыруу жана колдоо | "Кыргыз китеп" мамлекеттик ишканасынын базасында которууну уюштуруу | Тил комиссиясы (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджет | Кыргыз тилиндеги илимий жана көркөм адабияттарды башка этностордун тилдерине жана дүйнөлүк тилдерге которуу практикасынын саны көбөйөт | ||
2014-жыл | 1000 | ||||||
2015-жыл | 1000 | ||||||
2016-жыл | 1000 | ||||||
2017-жыл | 1000 | ||||||
21 | Кыргыз жана орус тилдериндеги окуу китептерин коммуникативдик методиканын негизинде эне тили эмес катары иштеп чыгуу жана чыгаруу | Долбоорлорду "Кыргыз китеп" мамлекеттик ишканасынын базасында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн алдындагы "Русский фонд" коомдук бирикмеси менен өнөктөштүктө жана КР Өкмөтүнүн колдоосунда ишке ашыруу | БИМ | Республикалык бюджет | Кыргыз жана орус тилдериндеги окуу китептеринин санынын жетиштүү санда болушу | ||
2014-жыл | 18000 | ||||||
2015-жыл | 18000 | ||||||
22 | Экинчи (эне тили эмес) тилди окутуу методикасы жана ЖОЖдор үчүн эки тилде (билингвалдык) окутуу боюнча базалык программаларды жана педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу тутумун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | Базалык программаларды КР Билим берүү академиясынын базасында иштеп чыгуу, ЖОЖдорго кош тилде окутууну жана педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу тутумун пилоттук ыкма боюнча борбордук ЖОЖдордун базасында киргизүү | БИМ | 2014-жыл | Тиешелүү органдардын каралган бюджеттик каражаттарынын чегинде | Педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуунун туруктуу жана сапаттуу тутумунун, экинчи (эне тили эмес) тилдерди окутуу жана ЖОЖдордо кош тилде окутуу методикасы боюнча ийгиликтүү иштелип чыккан жана ишке киргизилген программалардын болушу | |
23 | Кыргыз жана чет тилдери боюнча котормочулардын компьютердик программаларын түзүү, акысыз компьютердик тесттери жана окутуу программалары бар улуттук Интернет-ресурстарды өнүктүрүү | Ушул багыттагы долбоорлорду УИАнын базасында ишке ашыруу | УИА (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджет | Кыргыз-чет тилдерге котормочулардын атаандашуучу компьютердик программаларынын чөйрөсүнүн болушу, акысыз компьютердик тесттери жана окутуу программалары бар "өнүктүрүлгөн" улуттук Интернет-ресурстарынын деңгээли | ||
2014-жыл | 400 | ||||||
2015-жыл | 400 | ||||||
2016-жыл | 400 | ||||||
2017-жыл | 400 | ||||||
Тил комиссиясы (макулдашуу боюнча) | 2014-жыл | 4500 | |||||
2015-жыл | 4500 | ||||||
2016-жыл | 3000 | ||||||
2017-жыл | 3000 | ||||||
24 | ЖОЖдордо атайын жана техникалык сабактарды окутуу тилдерин аяктоого карата бирдиктүү мамлекеттик ыкманы иштеп чыгуу | Жусуп Баласагын атындагы КМУУ, КРСУ, КТУ жана Ош МУ биргеликте ЖОЖдордо бир катар өлкөлөрдүн тажрыйбасынын негизинде атайын техникалык сабактарды окутуу тилдерин аныктоого бирдиктүү мамлекеттик ыкманы ишке ашыруу. БИМдин бирдиктүү мамлекеттик ыкманы координациялоосу жана иштеп чыгуусу | БИМ | 2013-2017-жылдар | Тиешелүү органдардын каралган бюджеттик каражаттарынын чегинде | Натыйжалуу ишке ашырылып жаткан тил саясатынын алкагында ЖОЖдордо атайын жана техникалык сабактарды окутуу тилдерин аныктоого бирдиктүү мамлекеттик ыкма жүргүзүлөт | |
III. Жалпы жарандык окшоштукту түзүү | |||||||
25 | Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, мектептерде, кесиптик-техникалык билим берүү тутумунда жана ЖОЖдордо көп этностуу өз ара мамилелердин көп маданияттуу билим берүү принциптеринин негизинде (толеранттуулук, интеграция, биримдик жана көп түрдүүлүк боюнча) БИМ бекиткен курстарды иштеп чыгуу жана киргизүү | Кыргызстанда жашаган этностор үчүн атайын иштелип чыккан курстарды киргизүү. Окутуучулардын кесиптик квалификациясын жогорулатуу | БИМ | 2014-жыл | Тиешелүү органдардын каралган бюджеттик каражаттарынын чегинде | Көп маданияттуу билим берүү принциптерин киргизүү Кыргызстандын элинин бирдиктүү көп этностук коомчулугуна этностордун андан ары интеграциялануусуна түрткү берет | |
26 | Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамына ылайык көп тилдүү жана көп маданияттуу билим берүүнүн алкагында мамлекеттик билим берүү стандартынын, программалардын, тесттердин, окуу-методикалык материалдардын (биринчи кезекте коомду жана гуманитардык сабактар боюнча) критерийлерин иштеп чыгуу жана экспертиза жүргүзүү | Көп тилдүү жана көп маданияттуу билим берүү принциптерине ылайык БИМдин мамлекеттик билим берүү стандарттарын экспертизалоону Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамына ылайык келтирүүсү | БИМ | 2014-жыл | Тиешелүү органдардын каралган бюджеттик каражаттарынын чегинде | Мамлекеттик билим берүү стандарттарын, программаларын, тесттерди жана окуу-методикалык материалдарды андан ары толуктап иштеп чыгуу үчүн көп тилдүү жана көп маданияттуу билим берүү принциптерине шайкештиги жөнүндө маалыматтын болушу | |
27 | Жарандык коомдук институттары менен бирдикте Концепцияны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча пилоттук чакан-долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | Кыргызстанда элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо максатында гранттарды алуу үчүн көп этностуу коомчулуктардын арасында конкурстарды уюштуруу. Өлкөнүн көп этностуу райондорунда кыргыз тилин окутуу менен көп этностуу бала бакчаларды түзүү боюнча пилоттук долбоорлорду ишке киргизүү жана колдоо, түрдүү этностук топтордун өкүлдөрүнүн биргелешкен иштери үчүн көп этностуу чакан ишканаларды уюштуруу жана ачуу, көп этностуу жалпыга маалымдоо каражаттарын (газеталарды, журналдарды, телекомпанияларды жана Интернетте сайттарды ж.б.) түзүү | Этностор агенттиги | Республикалык бюджет | Этностордун биргелешип ынтымакта жашоосуна түрткү берүү | ||
2014-жыл | 4000 | ||||||
2015-жыл | 4000 | ||||||
28 | Этностор аралык жана региондор аралык мамилелер чөйрөсүндөгү проблемаларды өз учурунда аныктоого, жалпы жарандык окшоштукту түзүүгө өбөлгө болуучу илимий-изилдөө иштерин колдоо | Акчалай сыйлыктарды берүү менен этностор аралык жана региондор аралык мамилелер чөйрөсүндөгү проблемаларды өз учурунда аныктоого, жалпы жарандык окшоштукту түзүүгө өбөлгө болуучу мыкты илимий-изилдөө иштерине конкурстарды уюштуруу | УИА (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджет | Жалпы жарандык окшоштукту түзүү үчүн этностор аралык мамилелер чөйрөсүндөгү проблемаларды аныктоо максатында илимий кызматкерлерге түрткү берүү | ||
2014-жыл | 100 | ||||||
2015-жыл | 100 | ||||||
2016-жыл | 100 | ||||||
2017-жыл | 100 | ||||||
29 | Этностук тематика боюнча изилдөөлөрдүн расмий депозитарийин, ошондой эле УИАнын алдында этностор аралык, конфессиялар аралык мамилелерди изилдөө боюнча борбор түзүү | Илимий изилдөөлөрдүн жана илимий иштердин маалымат банкын, ошондой эле УИАнын алдында этностор аралык жана конфессиялар аралык мамилелерди изилдөө боюнча борбор түзүү | УИА (макулдашуу боюнча) | 2013-2014-жылдар | Тиешелүү органдардын каралган бюджеттик каражаттарынын чегинде | Этностор аралык маселелер боюнча маалыматтарды тутумдаштыруу | |
30 | Кыргыз тилинде жана этностук жамааттын тилдеринде китеп басууну өнүктүрүү жана телерадио берүүнү түзүү боюнча түрткү берүүчү чараларды киргизүү | Кыргыз тилинде жана этностук жамааттардын тилдеринде китеп басууга жана телерадиоберүүлөрдү түзүүгө түрткү берүү | ММТМ | Республикалык бюджет | Өлкөдө кыргыз тилинде жана этностук жамааттардын тилдеринде китеп басып чыгарууну кайра жандандыруу жана кеңейтүү | ||
2014-жыл | 375 | ||||||
2015-жыл | 375 | ||||||
2016-жыл | 375 | ||||||
2017-жыл | 375 | ||||||
31 | Этнографиялык жана маданий-таанып билүү туризмин өнүктүрүү | Н.М.Пржевальскийдин туулган күнүнүн 125 жылдыгына байланыштуу иш-чараларды өткөрүү. Кол өнөрчүлөрдүн "Оймо" эл аралык фестивалын өткөрүү. "Кыргыз шырдагы" эл аралык фестивалын өткөрүү | ММТМ | 2013-2017-жылдар | Тиешелүү органдардын каралган бюджеттик каражаттарынын чегинде | Маданий-этнографиялык борборлорду өнүктүрүү, туризмге түрткү берүү, инфратүзүмдү өнүктүрүү | |
32 | Дене тарбиянын жана спорттун бириктирүүчү потенциалын пайдаланууну кеңейтүү, спартакиадаларды жана элдик оюндардын фестивалын өткөрүү | Кыргызстанда жашаган бардык этностук жамааттардын катышуусу менен улуттук оюндардын фестивалдарын жана спартакиадаларды өткөрүү | Спорт агенттиги, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2013-2017-жылдар | Тиешелүү органдардын каралган бюджеттик каражаттарынын чегинде | Жаштарды спортко тартуу, улуттук оюндарды жандандыруу, көп этностуу калкты интеграциялоо | |
33 | Коомду баш коштурууга өбөлгө болгон чыгармачыл иштер үчүн мамлекеттик сыйлыктарды уюштуруу | Коомду баш коштурууга өбөлгө болгон чыгармачыл иштер үчүн "Алтын көпүрө" сыйлыгын уюштуруу | ММТМ | Республикалык бюджет | Коомду баш коштурууга өбөлгө болгон чыгармачыл иштерге түрткү берүү | ||
2014-жыл | 250 | ||||||
2015-жыл | 250 | ||||||
2016-жыл | 250 | ||||||
2017-жыл | 250 | ||||||
34 | Көп тилдүү, билимдүү, инновацияга жана байланыш түзүүгө ачык "Кыргыз жаранынын" образын пропагандалоо үчүн кинематографиянын каражаттарын, заманбап искусствонун башка формаларын пайдалануу | "Кыргыз жаранынын" образын даңазалоо үчүн Интернет-ресурстарды, телекөрсөтүүнү пайдалануу, Н.Борбиевдин "Кыргызстандын көп улуттуу искусствосу жөнүндө" документалдык фильмдеринин циклдерин түзүү | ММТМ, Кыргызкино | 2013-2017-жылдар | Тиешелүү органдардын каралган бюджеттик каражаттарынын чегинде | Ар бир инсандын өзүн "Кыргыз жараны" (Кыргызстандын жараны) катары сезүүсү | |
35 | Толеранттуулук принциптерин илгерилетүү, этностор аралык мамилелерди шайкеш келтирүү максатында КТРКда туруктуу иштөөчү рубрикаларды түзүү. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын - менчик жана мамлекеттик ЖМАлардын журналисттери, редакторлору менен этностук азчылыктардын жолугушууларын дайыма уюштуруу | КТРКда Этностор агенттигинин туруктуу иштөөчү рубрикаларын түзүү | Этностор агенттиги |
| Республикалык бюджет | Этностор аралык мамилелер жаатында мамлекеттин жүргүзгөн саясаты жөнүндө калктын кабардар болушун жакшыртуу | |
2014-жыл | 350 | ||||||
2015-жыл | 350 | ||||||
2016-жыл | 350 | ||||||
2017-жыл | 350 | ||||||
КТРК (макулдашуу боюнча) | 2013-2017-жылдар | Тиешелүү органдардын каралган бюджеттик каражаттарынын чегинде | |||||
36 | ЖМК, журналисттер үчүн түрткү берүү тутумун түзүү, коомдун жакындашуусуна жана баш кошуусуна өбөлгө түзүүчү маселелерди жарыялоочу медиа-долбоорлорго колдоо көрсөтүү. Түрдүү тилдерде басылып чыгуучу региондук ЖМКлардын иштешин колдоо | Мамлекеттик деңгээлде конкурстарды өткөрүү, сыйлыктарды уюштуруу, гранттарды бөлүү | ММТМ КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, ЖМА, ЖӨБО | 2013-2014-жылдар | Тиешелүү органдардын каралган бюджеттик каражаттарынын чегинде | Этностук белгилери боюнча кемсинтүүгө, басмырлоого, чыдай алгыс көрүнүштөргө карата коомдо терс мамиле түзүүгө өбөлгө болуу | |
Жыйынтыгы: Пландын иш-чараларын өткөрүүгө: 204805,3 миң сом керек |
| ||||||
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
ММТМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
МУКК | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети |
Спорт агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги |
Этностор агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик |
Кадр кызматы | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматы |
МБК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
Тил комиссиясы | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия |
ЖМА | - | жергиликтүү мамлекеттик администрация |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
Башкаруу академиясы | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы |
УИА | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы |
КЭА | - | Кыргызстандын элдеринин ассамблеясы |
ЖОЖ | - | жогорку окуу жайлары |
КТРК | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы |