Редакцияот 14.03.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2016-жылдын 14-марты № 97-б

2016-жылдын 18-мартында Россия Федерациясынын Москва шаарында болуучу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин 69-жыйынына, ошондой эле "25 жыл бирге: өз ара аракеттенүүнүн жаңы форматтары" Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мүчө-мамлекеттеринин Эл аралык экономикалык форумунун ишине катышуу үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын делегациясы 2016-жылдын 16-19-мартында Россия Федерациясынын Москва шаарына жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Панкратов Олег Михайловичке Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин жогоруда аталган жыйынынын чечимдерине кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

4. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев

 

Тиркеме

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин 69-жыйынына, ошондой эле "25 жыл бирге: өз ара аракеттенүүнүн жаңы форматтары" Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мүчө-мамлекеттеринин Эл аралык экономикалык форумунун ишине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясынын КУРАМЫ

 

Панкратов Олег Михайлович

-

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, делегациянын башчысы;

Асанкожоева Зина Мукаевна

-

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү;

Усупов Усен Макаевич

-

Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигиндеги өкүлү;

Урмат уулу Мират(*)

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти;

Алишеров Эльдар Туралиевич

-

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кеңешчиси.

Эскертүү:

(*) - Москва шаарына 2016-жылдын 17-19-мартында командировкага жиберилет.