Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2016-жылдын 5-апрели № 155
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-ноябрындагы № 651 "2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында электрондук башкарууну ("электрондук өкмөт") киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында:
1. Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, электрондук башкаруу жана Интернетти камсыздоо боюнча бирдиктүү инфраструктураны түзүү чөйрөсүндө мамлекеттик органдар ишке ашыруучу долбоорлорго комплекстүү талдоо жүргүзүү боюнча жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) түзүлсүн.
2. Жумушчу топ тейлөөчү мамлекеттик органдар менен бирге үч жумалык мөөнөттө төмөнкүлөргө комплекстүү талдоо жүргүзсүн:
- маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (мындан ары - МКТ долбоорлору) чөйрөсүндө мамлекеттик органдар тейлеген долбоорлорду аларды бирдей инфраструктурага бириктирүү жана бирдейлештирүү мүмкүндүгү үчүн ишке ашырууга;
- автоматташтыруу системасын киргизүүнүн эсебинен кыскартылууга тийиш болгон мамлекеттик органдардын чыгымдарын кошо алганда МКТ долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында ресурстарды комплекстүү киргизүү жана үнөмдөө боюнча финансы-экономикалык эсептерге.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, мамлекеттик ишканалар, мамлекеттик мекемелер жана мамлекеттик үлүшү бар ачык акционердик коомдор беш күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн электрондук башкаруу борборуна МКТ чөйрөсүндө ишке ашырылуучу жана пландалуучу долбоорлор жөнүндө финансы-экономикалык эсептөөлөр менен маалымат беришсин.
4. Жумушчу топко мамлекеттик органдардын, ишканалардын жана уюмдардын адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте зарылдыгына жараша ишке тартууга уруксат берилсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Убалиев Э.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчиси; |
Бекташов Ч.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Байтереков Т.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн электрондук башкаруу борборунун директору, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Бекбоев А.З. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы; |
Саякбаев Т.Дж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коррупцияга каршы саясат бөлүмүнүн башчысы; |
Солтонбекова А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмүнүн башчысы; |
Бусурманкулов Э.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Эсеналиев Т.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Утурова Д.Дж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Жусубалиев А.И. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Айдарбеков А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Далбаев Т.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Бердалиев Б.Ч. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Сагынбаев Д.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Маматканов У.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Шаршенбиев Б.Н. | - | "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Мамбеталиева Т.Э. | - | "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча); |
Нурматов Б.Н. | - | И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Электроника жана телекоммуникациялар институтунун директору; |
Сүйүмбаева Ч.Д. | - | ПРООНдун "Демократиялык башкаруу" программасынын маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча координатору (макулдашуу боюнча). |