Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 291 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-ноябры № 651
2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында электрондук башкарууну («электрондук өкмөт») киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы жөнүндө
«Маалыматташтыруу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген, 2013-2017-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын көнүлгө алуу менен, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- 1-тиркемеге ылайык, 2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында электрондук башкарууну («электрондук өкмөт») киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы;
- 2-тиркемеге ылайык, 2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында электрондук башкарууну («электрондук өкмөт») киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруунун Иш-чаралар планы.
2. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- белгиленген мөөнөттө Иш-чаралар планын аткаруу боюнча конкреттүү чараларды көрүшсүн;
- жарым жылдыктын жыйынтыктары боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 15-күнүнөн кечиктирбестен, Иш-чаралар планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги отчеттук мезгилден кийинки айдын 30-күнүнөн кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Иш-чаралар планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты берсин.
4. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин Иш-чаралар планын сапаттуу жана өз убагында аткарылышы үчүн жекече жоопкерчилиги белгиленсин.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин орун басары - Электрондук башкаруунун мамлекеттик борборунун жетекчисине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
2-тиркеме
Тапшырмалар | Чаралар/Иш-аракеттер | Күтүлгөн жыйынтыктар | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Жооптуу аткаруучулар | Жетишилген жыйынтык-тарды документалдуу ырастоо |
Электрондук кызмат көрсөтүүлөр | |||||
Жарандардын жана бизнес-коомдоштуктардын жашоодо маанилүү керектөөлөрүн канааттандыруу максатында сапаттуу, жеткиликтүү жана колдонууга ыңгайлуу интерактивдүү электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү тездетүү | 1. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн артыкчылыктуу тизмесин түзүү жана аларды санариптештирүүнү камсыз кылуу (башкаруу органдарынын тизмесин аныктоону кошуу менен, алар артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдүн мазмунун аныктайт жана аларды Интернет түйүнүндө электрондук түрдө берет) | ||||
1.1. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн онлайн интерактивдүүлүк моделдерин, анын ичинде аларды көрсөтүүнүн форматын жана каналдарын, пайдалануучулардын максаттуу топторун аныктоо менен иштеп чыгуу | 1.1.1 – электрондук башкаруунун жалпы сервистеринин негизинде биринчи кезекте автоматташтырылууга тийиш мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси аныкталган
1.1.2 - онлайн интерактивдүүлүк стадиялары боюнча артыкчылыктуу электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн калыптануу жана өнүгүү моделдери иштелип чыккан
1.1.3 – электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мазмуну, форматы, көрсөтүү каналдары жана максаттуу пайдалануучулардын аныкталган
1.1.4 – артыкчылыктуу электрондук кызмат көрсөтүүлөр үчүн жооптуу болгон мамлекеттик башкаруу жана ЖӨБ органдарынын тизмеги аныкталган
| 2014-жылдын III-IV кварталы | МЭББ, МКМЖК, ЭБнын инфратүзүмүнүн техникалык оператору, мамлекеттик башкаруунун жана ЖӨБдүн катышуучу органдары, кызыкдар уюмдар (макулдашуу боюнча | МЭББнын МКТ боюнча Кеңешке берүүчү отчету | |
| 1.2 Ички бизнес-процесстерин жана регламенттерди санариптештирүү
| 1.2.1 – мамлекеттик башкаруу жана ЖӨБ ар бир органы боюнча артыкчылыктуу электрондук кызмат көрсөтүүлөр үчүн оптималдаштырууну талап кылган бизнес-процесстердин жана регламенттердин тизмеги аныкталган
1.2.2 – артыкчылыктуу электрондук кызмат көрсөтүүлөр үчүн мамлекеттик башкаруунун жана ЖӨБ ар бир органы боюнча санариптештирүүнүн сценарийлери иштелип чыккан 1.2.3 – электрондук кызмат көрсөтүүлөр; маалыматтык коопсуздук жана жекече маалыматтарды коргоо; мамлекеттик жана муниципалдык веб-сайттардын/порталдардын түзүмү жана мазмуну; маалыматты ачуу жаатындагы тутумдар ортосундагы айкалышуунун (анын ичинде ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүнү кошкондо) негизги багыттары боюнча алкактык документтер иштелип чыккан
| 2014-жылдын III-IV кварталы | МЭББ, МКМЖК, ЭБнын инфратүзүмүнүн техникалык оператору, мамлекеттик башкаруунун жана ЖӨБдүн катышуучу органдары, кызыкдар уюмдар жана бизнес-коомдоштук (макулдашуу боюнча) | МЭББнын жана ЭБнын инфратүзүмүнүн техникалык операторунун МКТ боюнча Кеңешине берүүчү отчеттору |
| 1.3. Интернет тарамында акыркы керектөөчүлөр үчүн түзүлгөн артыкчылыктуу жана мүмкүнчүлүккө жараша башка электрондук кызматтарды көрсөтүү | 1.3.1 – электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы ишке киргизилген
1.3.2 – мамлекеттик порталда ондон кем эмес сандагы артыкчылыктуу багыттагы электрондук кызмат көрсөтүүлөр башталган (онлайндык интерактивдүүлүктүн 1-стадиясынан баштап 3-стадиясына чейин)
1.3.3 – Кызматтарды көрсөтүү борборлорунун (ККБ) улуттук түйүнүнүн модели иштелип чыккан
| 2015-жылдын I кварталы | МЭББ, МКМЖК, ТКМ, ЭБнын инфратүзүмүнүн техникалык оператору, мамлекеттик башкаруунун жана ЖӨБдүн катышуучу органдары, кызыкдар уюмдар (макулдашуу боюнча) | Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнүн буйруктары; МЭББнын жана ЭБнын инфратүзүмүнүн техникалык операторунун МКТ боюнча Кеңешине берүүчү отчеттору |
МТ/МКТ-ЭБ архитектурасы | |||||
| 2. Колдонуудагы инфратүзүмдү комбинациялоо жана жаңы технологиялык чечимдерди ишке киргизүүнүн эсебинен борборлоштурулган-башкарылуучу жалпы мамлекеттик МТ/МКТ-ЭБ архитектурасын түзүү (анын ичинде булуттуу эсептөөлөрдү чыгаруу жана маалыматтарды иштетүүнүн бирдиктүү борборун ишке киргизүү) | ||||
ЭБнын бирдиктүү инфратүзүмдүк, платформалык жана программалык жалпы мамлекеттик тутумун калыптандыруу. | 2.1. ЭБнын жалпы мамлекеттик МТ/МКТ-архитектурасынын толук конфигурациясын жана параметрлерин аныктоо | 2.1.1 – бизнес-процесстерди автоматташтыруу сценарийлерине ылайык жалпы сервистерди (бирдиктүү маалыматты иштеп чыгуу борборлорун түзүүнү жана/же консолидациялоону кошуу менен) түзүү боюнча техникалык-экономикалык негиздемелер (ТЭН) иштелип чыккан
2.1.2 – базалык регистрлерди/реестрлерди (борбордук МБ), анын ичинде Калктын мамлекеттик реестрин (КМР) түзүү боюнча ТЭН иштелип чыккан
2.1.3 – ЭБ тутумунун кепилденген ишин бардык учурларда, анын ичинде кысталыш мезгилдерде да камсыздоо үчүн базалык жалпы мамлекеттик телекоммуникациялык түйүндү (колдонуудагы мамлекеттик-жеке түйүндөрдүн негизинде) түзүүнүн максатка ылайыктуулугу боюнча сунуштамалар даярдалган
2.1.4 – мыйзамдарда ар кандай технологияларга, анын ичинде колдонуучуларды аралыктан идентификациялоо/ аутентификацяло мүмкүнчүлүгүнө нейтралдуу жоболор каралышынын негизинде ЭСКнын ар түрдүү технологияларын/формаларын, анын ичинде мобилдик каражаттардын жардамы менен пайдалануу боюнча сунуштамалар иштелип чыккан
2.1.5 – мамлекеттик органдардагы локалдык түйүндөр үчүн эл аралык стандарттардын базалык катары кабыл алынышынын, анын ичинде мындай стандарттардын механизмин аныктоонун максатка ылайыктуулугу боюнча сунуштамалар иштелип чыккан
2.1.6 – МТ жана ресурстарды натыйжалуу башкаруу үчүн жалпы мамлекеттик жана тармактык классификаторлордун, сурап-билүү китепчелеринин жана регистр/реестрлердин заманбап тутуму иштелип чыккан
2.1.7 – өзгөчө (кысталыш) учурларда маалыматты жана МТ коргоо саясаты түзүлгөн
2.1.8 – бардык мамлекеттик мекемелер жана ЖӨБ органдары үчүн күнү-түнү иштеген техникалык колдоонун бирдиктүү кызматын түзүүнүн максатка ылайыктуулугу боюнча сунуштамалар иштелип чыккан 2.1.9 – МЖӨ негизинде Интернет түйүнүнүн жогорку ылдамдыкта жеткиликтүү болушун өнүктүрүүнүн улуттук программасын иштеп чыгуу боюнча сунуштамалар иштелип чыккан
2.1.10 – ЭБнын жалпы МТ/МКТ-архитектурасына мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин электрондук маалымат базасын түзүү жана интеграциялоо боюнча сунуштар иштелип чыккан
| 2014-жылдын IV кварталы – 2015-жылдын I кварталы | МЭББ, МКК, ТКМ, Кадр кызматы, «Инфоком» МИ, МКМЖК, ЭБнын инфратүзүмүнүн техникалык оператору, мамлекеттик башкаруунун жана ЖӨБдүн катышуучу органдары, кызыкдар уюмдар, бизнес-коомдоштуктар (макулдашуу боюнча) | МЭББнын жана ЭБнын инфратүзүмүнүн техникалык операторунун МКТ боюнча Кеңешке берүүчү отчеттору |
| 2.2. ЭБнын жалпы мамлекеттик МТ/МКТ-архитектурасын түзүү боюнча даярдык стадиясын ишке ашыруу | 2.2.1 – жабдуулар менен программалык камсыздоону тиешелүү мамлекеттик сатып алууну уюштуруу үчүн (болушунча ачык-айкын чыгуу коду менен) техникалык тапшырмалар даярдалган
2.2.2 – мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболору жарыяланып, жабдууларды жана программалык камсыздоолорду жабдып туруучулар тандалып алынып, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө макулдашууларга кол коюлган
| 2015-жылдын I кварталы | МЭББ, ЭБнын инфратүзүмүнүн техникалык оператору, мамлекеттик башкаруунун жана ЖӨБдүн катышуучу органдары, кызыкдар уюмдар, бизнес-коомдоштук (макулдашуу боюнча)
| МЭББнын жана ЭБнын инфратүзүмүнүн техникалык операторунун МКТ боюнча Кеңешке берүүчү отчеттору |
| 2.3. ЭБнын жалпы мамлекеттик МТ/МКТ-архитектурасын толук көлөмдө практикалык түзүү | 2.3.1 – жалпы инфратүзүмдүк, платформалык жана программалык сервистер, анын ичинде а) ведомстволор аралык электрондук маалымат алмашуулар/өз ара байланышуулардын корголгон шлюзу, б) маалыматтарды иштеп чыгуу борборлору, (в) анык экендигин тактоо жана идентификациялоо, жеткиликтүүлүгүн көзөмөлдөөнү электрондук жол менен күбөлөндүрүү ишке киргизилген
2.3.2 – КМР ишке киргизилген
2.3.3 – башка базалык регистрлер/реестрлер (укуктук бирдиктердин, транспорттун, даректин, кыймылдуу/кыймылсыз мүлктүн) ишке киргизилген
2.3.4 – электрондук почтанын жана ЭДЖТ мамлекеттик тутумдары ишке киргизилген
2.3.5 – ККБ улуттук түйүнү ишке киргизилген
| 2015-2017-жылдар
2014-2015-жылдар
2015-2016-жылдар
2017-жыл | МЭББ, ТКМ, МКК, ЭБнын инфратүзүмүнүн техникалык оператору, мамлекеттик башкаруунун жана ЖӨБдүн катышуучу органдары, бизнес-коомдоштук (макулдашуу боюнча) | МЭББнын жана ЭБнын инфратүзүмүнүн техникалык операторунун МКТ боюнча Кеңешке берүүчү отчеттору |
| Электрондук башкаруунун ченемдик укуктук базасы | ||||
3. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү үчүн ыңгайлуу ченемдик укуктук базаны түзүү жана тийиштүү МТ/МКТ-ЭБнын архитектурасын түзүү | |||||
МКТны мамлекеттик башкаруу жана ЖӨБга киргизүүдө жарандардын конституциялык укуктарын коргоону жана ишке ашырууну камсыздаган ченемдик укуктук базаны жаңылоо | 3.1. Жаңы мыйзамдын долбоорлорун иштеп чыгуу жана/же колдонуудагы ЧУАга түзөтүүлөрдү киргизүү | 3.1.1 – Программанын артыкчылыктуу багыттары боюнча натыйжалуу ишке ашыруу үчүн ченемдик укуктук базаны оптималдаштыруу боюнча сунуштар даярдалган
3.1.2 – а) жарандардын жеке жашоосунун кол тийбестигин камсыздоо жана коргоо, б) мамлекеттик башкаруу жана ЖӨБ органдарынын ачык-айкындуулугу жана отчет берип турушу үчүн мыкты эл аралык ыкмалар жана практикалар менен улуттук мыйзамдарды шайкештөө боюнча сунуштар даярдалган
3.1.3 – маалыматты коргоого болгон талаптарга ылайык электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде жекече мүнөздөгү маалыматтардын жогорку деңгээлде корголушунун, мыйзамдардын технологиялык нейтралдуу болушунун негизинде ЭСКнын ар кандай формаларын колдонуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо үчүн ченемдик укуктук актыларды оптималдаштыруу боюнча сунуштар даярдалган
3.1.4 – электрондук кызмат көрсөтүүлөрдө электрондук транзакцияларды жана электрондук төлөмдөрдү аткарууну камсыздоо үчүн ченемдик укуктук базаны оптималдаштыруу боюнча сунуштар даярдалган
3.1.5 – ченемдик укуктук базаны жана коррупция предметин колдонуунун түзүлгөн практикасын тутумдук талдоодо МКТнын коррупцияга каршы потенциалын пайдалануу боюнча комплекстүү сунуштар даярдалган
3.1.6 – МКТ-долбоорлорун финансылык аудиттен өткөрүүнүн укуктук механизми иштелип чыккан, анын ичинде МТ/МКТ секторунун өтө тез ылдамдыкта өнүгүүсүнөн улам МКТ жаатындагы ЧУАны такай (жылына) кайрадан карап чыгуу жөнүндө жобону бекитүү, финансылык аудиттин тутумун жана көрсөткүчтөрдү эсептөөнүн ыкмаларын тиешелүү оңдоп-түзөө менен иштелип чыккан
3.1.7 – МТ/МКТ-долбоорлорун ишке ашыруу жаатында МЖӨ моделдерин ишке ашыруу үчүн ченемдик укуктук актыларды өзгөртүү боюнча сунуштар даярдалган
| 2014-2015 жылдары | МЭББ, МКМЖК/ ЭЖТ, ЭБнын инфратүзүмүнүн техникалык оператору
| МЭББнын жана ЭБнын инфратүзүмүнүн техникалык операторунун МКТ боюнча Кеңешке берүүчү отчеттору |
| 3.2. ЧУАны кабыл алуу | 3.2.1 – ченемдик укуктук актыларды оптималдаштыруу боюнча сунуштар иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан өз ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынат же/жана кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлөт
| 2015-жыл | Кыргыз Республика-сынын Өкмөтү | Кабыл алынган ЧУА |
Электрондук башкаруунун финансылык жана экономикалык натыйжалуулугу
| |||||
| 4. ЭБ бардык багыттары боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун финансылык жана экономикалык натыйжалуулугун баалоонун комплекстүү тутумун (анын ичинде финансылык МТ/МКТ аудит тутумун) түзүү
| ||||
Мамлекеттик башкаруу жана ЖӨБда МТ/МКТ-долбоорлорун ишке ашырууга жумшалган финансылык каражаттарды кыйла үнөмдөөнү жана оптималдаштыруу-ну камсыздоо жана ушунун негизинде мамлекеттик маалыматтык тутумдардын жана ресурстардын экономикалык натыйжалуулугун жогорулатуу | 4.1. Программаны каржылоо булактарын түзүү | 4.1.1 – 2014-2017-жылдарга карата Программанын Иш-чаралар планын каржылоо үчүн мамлекеттик бюджеттен жана бюджеттен тышкары булактардан финансылык каражаттар бөлүнгөн
4.1.2 – өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр тарабынан кошумча финансылык жана башка ресурстар мобилизацияланган
4.1.3. – Программанын 2017-жылга карата мамлекеттик бюджеттен жок дегенде 70% өлчөмдө каржылануусу камсыздалат
| 2014-2017-жылдар | Финмин | МЭББнын жана Финминдин МКТ боюнча Кеңешке берүүчү отчеттору; Финминдин ачык маалыматтары |
| 4.2. МТ/МКТ-долбоорлорунун, анын ичинде МТ/МКТ-менеджменттин натыйжалуулугун финансылык жана экономикалык баалоонун көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу | 4.2.1 – Мамлекеттик органдардагы МТ/МКТ-долбоорлорунун финансылык жана экономикалык натыйжалуулугунун ыкмалары жана көрсөткүчтөрү иштелип чыккан (анын ичинде «ээлик кылуунун бирдиктүү наркы» көрсөткүчү да)
4.2.2 – МТ/МКТ-менеджмент долбоорлорун баалоонун ыкмалары жана көрсөткүчтөрү иштелип чыгат | 2014-жылдын III-IV кварталы | МЭББ жана Финмин | МЭББнын жана ЭБМБнын жана Финминдин МКТ боюнча Кеңешке берүүчү отчеттору |
| 4.3. Мамлекеттик сектор үчүн МТ/МКТ-чөйрөсүнө финансылык аудит өткөрүү тутумун ишке киргизүү | 4.3.1 – мамлекеттик башкаруунун жок дегенде беш органында финансылык аудит өткөрүлөт
| 2015-2017-жылдар | МЭББ, Финмин, министрликтер менен ведомстволор | МЭББнын, Финминдин, министрликтер менен ведомстволордун МКТ боюнча Кеңешке берүүчү отчеттору |
| 4.4. МТ/МКТ-сатып алууларды оптималдаштыруу | 4.4.1 – борборлоштурулган сатып алуулар, анын ичинде бардык мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдары үчүн МТ/МКТ-жабдуулар жана программалык камсыздоолор үчүн мамлекеттик сатып алуулардын электрондук тутуму иштелип чыгып, ишке киргизилген
| 2015-2017-жылдар | Финмин | Финминдин МКТ боюнча Кеңешке берүүчү отчеттору |
Кадрдык потенциал жана санариптик сабаттуулук | |||||
Мамлекеттик башкаруу жана ЖӨБнын бардык деңгээлдеринде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кадрдык потенциалын кыйла жогорулатууга, ошондой эле калктын электрондук кызматтарды көрсөтүү жөнүндө маалыматын арттырууга көмөктөшүү | 5. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин бардык категориялары арасында МТ/МКТ компетенцияларын өнүктүрүүнүн комплекстүү жалпы мамлекеттик тутумун түзүү жана калктын санариптик сабаттуулугунун деңгээлин жогорулатуу | ||||
5.1. Мамлекеттик башкаруу жана ЖӨБ органдарынын кадрларын ЭБ жана санариптик сабаттуулукка окутуу | 5.1.1. – МКТ-долбоорлорун башкаруу боюнча МКТ-менеджерлеринин жана ЭБ негиздери боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн окутуп-үйрөтүүчү, анын ичинде электрондук да курстар – иштелип чыгып, ишке киргизилген
5.1.2. – эркин лицензиялоонун базасында электрондук окуу китептерин даярдоо үчүн жогорку мектептин окуу пландарына ачык билим берүүчү ресурстардын жана платформалардын (мисалы, Open Educational Resources/ OER) негизинде ЭБнын негиздери боюнча бөлүмдөр иштелип чыгып, ишке киргизилген
5.1.3 – мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин санариптик сабаттуулук жаатындагы квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатуу, анын ичинде окутуунун электрондук каражаттарын пайдалануу аркылуу да жогорулатуу тутумун түзүү боюнча сунуштар даярдалып ишке киргизилген
5.1.4 – мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди ЭБнын негиздерине окутуу программаларын/курстарын (анын ичинде электрондук форматта да) түзүүгө жогорку окуу жайлардан адистерди жана практиктерди тартуу механизмдери иштелип чыгып ишке киргизилген
5.1.5 – административдик мамлекеттик кызматтардын жогорку жана башкы категориялуу мамлекеттик кызматкерлеринин ЭБнын саясаты жана практикасы жаатындагы базалык билимди, анын ичинде электрондук форматта да өздөштүрүүсү боюнча сунуштар иштелип чыгып ишке киргизилген
5.1.6 – мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана аттестациялоонун аралык тутумун түзүү боюнча сунуштар даярдалып ишке киргизилген
5.1.7 – мамлекеттик/муниципалдык кызматкерлер жана МКТ-менеджерлеринин квалификациясын жогорулатуу анын ичинде окутуунун электрондук каражаттарын колдонуу менен чет элдик стажировкаларга жана тажрыйба алмашуу семинарларына катышуу аркылуу мотивациялоо боюнча сунуштар даярдалган жана киргизилген
5.1.8 – МКТ-долбоорлорун уюштуруу-финансылык башкаруу көндүмдөрүнө окутуунун (же колдонуудагыга адаптациялоонун) жаңы сертификацияланган программаларын, анын ичинде окутуунун электрондук каражаттарын колдонуу менен түзүү боюнча сунуштар даярдалган жана ишке киргизилген
5.1.9 - мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын алардын жумушчу орундарында эле жогорулатуу жана кайра даярдоонун үзгүлтүксүз циклин камсыздоочу комплекстүү окутуп-үйрөтүүчү онлайн-платформа иштелип чыгып, ишке киргизилген
5.1.10 – мамлекеттик кызматкерлер, адистер жана менеджерлердин арасында МКТ-компетенциясынын (билимдин жана тажрыйбанын) деңгээлин баалоонун заманбап ыкмаларын ишке киргизүү боюнча сунуштар даярдалып ишке киргизилген
5.1.11 – мамлекеттик ведомстволордо жана уюмдарда, ошондой эле бизнес-коомдоштукта да МКТ-адистеринин санариптик компетенциялары жөнүндө улуттук түйүндүк МБны түзүү боюнча сунуштар даярдалып ишке киргизилген
5.1.12 – МКТ компетенцияларын жана көндүмдөрүн өнүктүрүүнүн улуттук программасы түзүлгөн
| 2014-2017-жылдар | МЭББ, Кадр кызматы, БИМ, Кыргыз Республика-сынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы | МЭББнын, Кадр кызматынын, БИМдин, Мамлекеттик башкаруу академиясынын МКТ боюнча Кеңешке берүүчү отчеттору | |
| 5.2. Калктын кеңири катмарынын электрондук кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө кабардар болуусун жана санариптик сабаттуулугун жогорулатуу механизмин түзүү | 5.2.1 – калктын кеңири катмарын санариптик сабаттуулукка окутуп-үйрөтүү жана алардын айыл жергесиндеги, чакан шаарлардагы жана алыскы райондордогу электрондук кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу боюнча МЖӨ моделдери жана принциптери иштелип чыккан
5.2.2 – калкты санариптик сабаттуулукка окутуп-үйрөтүүнүн МЖӨ негизинде бизнес-коомдоштуктар каржылаган программасы иштелип чыккан
| 2014-2015-жылдар | МЭББ, ЭБнын инфратүзүмүнүн техникалык оператору, бизнес-коомдоштуктун ассоциациялары, жарандык коомдун уюмдары (макулдашуу боюнча) | МЭББнын жана ЭБнын инфратүзүмүнүн техникалык операторунун МКТ боюнча Кеңешке берүүчү отчеттору |
| 5.3. Калкты санариптик сабаттуулукка окутуу | 5.3.1 – айыл жергесиндеги, чакан шаарлардагы жана алыскы райондордогу калктын 10% аз эмес бөлүгү санариптик сабаттуулукту жогорулатуу программасына камтылат
| 2016-2017-жылдар | МЭББ, ЭБнын инфратүзүмүнүн техникалык оператору, бизнес-коомдоштуктун ассоциациялары, жарандык коомдун уюмдары (макулдашуу боюнча) | МЭББнын жана ЭБнын инфратүзүмүнүн техникалык операторунун МКТ боюнча Кеңешке берүүчү отчеттору |
Мамлекеттик башкаруу жана ЖӨБ органдарынын ачык-айкындуулугу жана отчеттуулугу | |||||
| Бардык деңгээлдеги башкаруу органдарынын ачык-айкындуулугунун жана отчет берип туруусунун деңгээлин жогорулатуу максаттары үчүн өзүнчө жол-жоболорду пилоттук ишке ашырууну кошуу менен МТ/МКТ колдонуу саясатын жана жол-жоболорун иштеп чыгуу
| ||||
Мамлекеттик бийлик органдарынын жана ЖӨБ органдарынын ачык-айкындуулугунун жана отчет берип туруусунун деңгээлин жарандардын МКТ аркылуу маалымат алууга жана чечимдерди кабыл алуу жол-жоболоруна катышуу мүмкүнчүлүктөрүн чыңдап кеңейтүүнүн, анын ичинде коомдук кеңешүүлөрдү өткөрүүнүн эсебинен олуттуу жогорулатууга жетишүү
| 6.1. Ачык-айкын жана отчет берип туруучу башкаруунун жагымдуу чөйрөсүн жана МТ/МКТ инструменттерин түзүү | 6.1.1 – Интернет түйүнүндө мыйзам долбоорлорун ачык талкуулоо жол-жоболорун жана механизмдерин өркүндөтүү боюнча сунуштар даярдалган
6.1.2 – жалпыга жеткиликтүү болгон маалыматтардын топтомун жарыялоо үчүн веб-сайттын/порталдын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу стандарты даярдалган
6.1.3 – калкты катыштыруу, анын ичинде Интернет түйүнүндө коомдук кеңешүүлөрдү өткөрүү боюнча веб-сайттын/порталдын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу стандарты даярдалган
6.1.4 – заманбап (семантикалык) веб-технологиялардын негизинде ачык маалыматтардын моделдерин пайдалануунун механизмдери сунушталат (мисалы, ачык маалыматтарды сүрөттөөнүн беш жылдыздуу моделин колдонуу)
6.1.5 – башкаруу органдары жана ЖӨБ органдары үчүн ачык-айкындуулук жана калкты катыштыруу максатында МКТ пайдалануу боюнча колдонмолор даярдалат, анын ичинде (а) мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдарына маалыматтын жеткиликтүү болушу, (б) онлайн консультацияларды өткөрүү, (в) жарандар менен бизнес-коомдоштуктардын чечим кабыл алуу жол-жоболоруна катышуу маселелери камтылат
6.1.6 – МКТны ачыктык жана калкты катыштыруу максатында өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр тарабынан ресурстарды мобилизациялоо максатында пайдалануу боюнча долбоордук сунуштар иштелип чыккан
6.1.7 – мамлекеттик башкаруу жана ЖӨБ органдарында ачыкка чыгаруу үчүн социалдык-экономикалык турмуштун бардык чөйрөлөрүн чагылдыруучу жок дегенде 25 категория боюнча статистиканын жана маалыматтын категориялары боюнча сунуштар даярдалган (жарыяланган/ачылган маалыматтардын көпчүлүгү машинкага басылган түрдө болушу керек)
6.1.8 – ачыктык жана отчеттуулук жаатындагы демилгелерди ишке ашыруунун натыйжалуулугун баалоо, анын ичинде аларды жарандар, мамлекеттик башкаруу жана ЖӨБ органдарынын кызматкерлеринин кабыл алуусун баалоо ыкмалары иштелип чыккан
6.1.9 – социалдык түйүндөрдүн потенциалын пайдалануу боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн колдонмо даярдалган
6.1.10 – коомдук маанилүү маселелерди онлайн форматта талкуулоонун жол-жоболору жана эрежелери боюнча колдонмо иштелип чыккан
6.1.11 – ачык маалыматтардын порталы түзүлгөн
6.1.12 – өлкөнүн «Ачык өкмөт» Эл аралык өнөктөштүгүнө кошулуусунун максаттуулугу жөнүндө сунуштамалар даярдалган
| 2014-2015- жылдар | МЭББ, жарандык коомдун өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) | МЭББнын, мамлекеттик башкаруу жана ЖӨБ органдарынын МКТ боюнча Кеңешке берүүчү отчеттору |
| 6.2. Ачык жана отчет берип туруучу башкаруу технологиясын ишке ашыруу | 6.2.1 – бардык мамлекеттик башкаруу органдарынын жана ЖӨБнын көпчүлүк органдарынын ишине калкты катыштыруу жана маалыматтарды жарыя-лоо/жайгаштыруу үчүн веб-сайттын/порталдын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу стандарты киргизилген
6.2.2 – мамлекеттик башкаруунун жана ЖӨБнын бардык органдарынын маалыматтарды жарыялоо/жайгаштыруу практика-сында заманбап (семантикалык) веб-технологиялардын негизинде ачык маалыматтардын моделдерин пайдалануунун механизмдери сунушталган
6.2.3 – мамлекеттик башкаруунун бардык органдарынын жана ЖӨБнын көпчүлүк органдарынын веб-сайттарынын башкы менюсунда а) бериле турган маалыматка, б) Интернет түйүнүндө коомдук кеңешүүлөрдү өткөрүүгө, в) калктын чечимдерди кабыл алуу жол-жоболоруна катышуусуна тиешелүү болгон бөлүмдөргө шилтемелер камтылган
6.2.4 – ачыктык жана отчеттуулук жаатындагы демилгелерди ишке ашыруунун натыйжалуулугун баалоо, анын ичинде мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин жана жарандардын ушул демилгелердин жыйынтыктарына канааттануу деңгээлин (Кыргыз Республикасынын ар кайсы аймактарынын мисалында) баалоо өткөрүлгөн
6.2.5 – мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин социалдык түйүндөрдүн потенциалын пайдалануунун натыйжалуулугун баалоо өткөрүлгөн
6.2.6 – бардык мамлекеттик башкаруу органдары үчүн бирдиктүү жол-жобо боюнча мыйзам долбоорлорун ачык-айрым талкуулоого багытталган веб-сайт/портал (веб-сайт барагы) ачылган
6.2.7 – ачык колдонсо боло тургандай шартта 25тен кем эмес ирилештирилген категориялар боюнча 500дөн кем эмес бир түрдүү маалыматтар жайгаштырылган
| 2015-2017-жылдар | МЭББ, жарандык коомдун өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) | МЭББнын, мамлекеттик башкаруу жана ЖӨБ органдарынын МКТ боюнча Кеңешке берүүчү отчеттору |
Программаны ишке ашырууну башкаруу | |||||
| 7. Программаны жалпы мамлекеттик деңгээлде ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык координациялоонун механизмин түзүү | ||||
Программаны максаттуу жана ырааттуу ишке ашырууну ЭБны институционалдаш тыруу механизмдерин түзүү жана колдоо, анын ичинде МЭББнын жана башка кызыкдар болгон мамлекеттик түзүмдөрдүн потенциалын өнүктүрүү аркылуу камсыздоо | 7.1. Программаны жалпы мамлекеттик деңгээлде ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык координациялоо механизмин түзүү | 7.1.1 – Программаны ишке ашыруунун МКМЖК түзүлүп ишке киргизилген
7.1.2 – Программаны ишке ашыруунун артыкчылыктуу багыттары боюнча ЭЖТ түзүлүп ишке киргизилген
7.1.3 – МЭББ жөнүндө жобого Программаны ишке ашырууну ведомстволор аралык координациялоо жана Иш-чаралар планын аткаруу боюнча ага ыйгарым укуктарды берүүчү өзгөртүүлөр киргизилген, иштин максаттары, штаттык түзүмү, түзүлүшү, бюджети, Программаны ишке ашыруу мезгилине карата иш планы бекитилген; МЭББ веб-сайты түзүлүп, ишке киргизилген
7.1.4 – Программанын ар бир артыкчылыктуу багыты боюнча максаттуу милдеттерге жетүүнүн деталдуу «жол картасы» даярдалган
7.1.5 – мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдары үчүн жекече пландарды түзүү боюнча сунуштамалар иштелип чыккан
| 2014-жылдын III-IV кварталы | МЭББ, ЭБнын инфратүзүмүнүн техникалык оператору | МЭББнын жана ЭБнын инфратүзүмүнүн техникалык операторунун МКТ боюнча Кеңешке берүүчү отчету; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу |
| 7.2. Программаны ведомстволук жана уюштуруучулук деңгээлде ишке киргизүүнүн механизмин түзүү | 7.2.1 – бардык мамлекеттик органдардын Программаны ишке ашырууну колдоо боюнча жекече пландары түзүлүп, бекитилген; кварталдык негизде пландардын аткарылышы жөнүндө отчет берип туруу формалары боюнча сунуштамалар иштелип чыккан
| 2014-жылдын IV кварталы | МЭББ, ЭБнын инфратүзүмүнүн техникалык оператору, мамлекеттик башкаруу жана ЖӨБ органдары | МЭББнын жана ЭБнын инфратүзүмүнүн техникалык операторунун МКТ боюнча Кеңешке берүүчү отчеттору; министрликтер менен уюмдардын буйруктары |
| 7.3. Программаны ишке ашырууну ыкчам-техникалык колдоого алуу | 7.3.1 – Программада каралган ЭБ МТ/МКТ-архитектурасын ченемдик укуктук, ыкчам-техникалык жана уюштуруучулук колдоонун милдеттери аныкталган
7.3.2 – Техникалык (инфратүзүмдүк) операторду – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укуктарды берген жана ЭБнын МТ/МКТ-инфратүзүмүн түзүүгө жана пайдаланууга жооптуу болгон уюмду тандоо критерийлери жана дайындоо жол-жоболору аныкталган
7.3.3 – ЭБнын МТ/МКТ инфратүзүмүнүн техникалык оператору дайындалган
| 2014-жылдын IV кварталы | Кыргыз Республика-сынын Өкмөтү | Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнүн токтому |
| 7.4. Программанын Иш-чаралар планын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо | 7.4.1 – Программанын Иш-чаралар планын ишке ашыруунун натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо ыкмасы иштелип чыккан (2014-ж.)
7.4.2 – Программаны ишке ашырууда текшерме көрсөткүчтөргө жетишүүдөгү илгерилөө жөнүндө үч жылдык отчет жарыяланат (2015-жылдан тартып)
7.4.3 – Программанын Иш-чаралар планынын аткарылышына көз карандысыз экспертиза өткөрүлөт (2017-жылдын ортосунда )
7.4.4 – электрондук кызмат көрсөтүүдөн пайдалануучулардын бул кызматтын сапаты жана зарылдыгы туурасында пикирлерине жүргүзүлгөн мониторинг жөнүндө маалымат жылына жарыяланып турат (2015-жылдан тартып)
7.4.5 – 2018-2020-жылдарга карата Программаны ишке ашырууну улантуу боюнча сунуштар көз карандысыз экспертизанын жыйынтыктарын эске алуу менен берилет
7.4.6 – Программаны ишке ашыруунун жыйынтыктары жана 2018-2020-жылдарга карата сунушталган иш-чаралар планын талкуулоо боюнча эл аралык конференция өткөрүлөт. | 2014-2017-жылдар | МЭББ | МЭББнын МКТ боюнча Кеңешке берүүчү отчеттору |
Текстте колдонулуучу кыскартуулар:
МБ – маалыматтар базасы
Кадр кызматы – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматы
«Инфоком» МИ - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы
КМР – Калкты мамлекеттик каттоо
МКК - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы
МУ – мамлекеттик башкаруу
МЭББ - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңештин катчылыгы – Мамлекеттик электрондук башкаруу борбору
МЖӨ - мамлекеттик-жеке өнөктөштүк
МТК - маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
МТ – маалымат технологиялары
Финмин – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
ЖӨБ – жергиликтүү өз алдынча башкаруу
ТКМ - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги
ЧУА - ченемдик укуктук актылар
МКМЖК – Маалыматташтыруу жана координациялоо боюнча мамлекеттик жетекчилердин кеңеши
МКТ боюнча Кеңеш - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш
ЭДЖТ - электрондук документ жүгүртүү тутуму
ТЭН – техникалык-экономикалык негиздеме
ККБ - кызматтарды көрсөтүү борбору
ЭБ - электрондук башкаруу
ЭСК - электрондук санариптик колу
ЭЖТ – эксперттик жумушчу топтор