Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2016-жылдын 6-апрели № 160
Мамлекеттик органдардын (кызмат адамдардын) жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченем жаратуу ишинин маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболоруна талдоо жүргүзүү жана өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ:
- эки айлык мөөнөттө:
мамлекеттик органдардын (кызмат адамдардын) жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченем жаратуу ишинин маселелерин жөнгө салуучу "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына талдоо жүргүзсүн;
ченем жаратуу чөйрөсүндөгү эл аралык тажрыйбаны изилдеп чыксын;
жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча тийиштүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине киргизсин;
- Кыргыз Республикасында Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы жана башка эл аралык уюмдар менен ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин колдоону камсыздоо маселесин иштеп чыксын.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна тийиштүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте киргизсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топко министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, мамлекеттик башка органдардын кызматчыларын, көз карандысыз эксперттерди жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүн белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Мукамбетов Мурат Картайбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Джаманкулов Марат Тургунбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Таштанов Нуржан Анарбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу, министрдин кеңешчиси, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Сарымсаков Манас Болотбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Эркенова Ирина Юсуфовна | - | Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин бөлүмүнүн секторунун башчысы (макулдашуу боюнча); |
Шадыбеков Кубанычбек Баймуратович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы; |
Исаев Нурбек Акыбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн мамлекеттик кызмат жана кадрлар секторунун башчысы; |
Гайворонская Елена Борисовна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн экспертиза секторунун башчысы; |
Календеров Улугбек Ибраимович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин укуктук колдоо башкармалыгынын начальниги; |
Жуманова Манзура Музретбековна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин укуктук колдоо жана экспертиза башкармалыгынын начальниги; |
Иманалиева Тамара Куланбековна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорун экспертизадан өткөрүү башкармалыгынын начальниги; |
Шукуралиев Альгиз Рыспекович | - | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Кожошева Нуржан Мухтаровна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын аппаратынын соттук тажрыйбаны жалпылоо жана маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Бекташов Талантбек Изатиллаевич | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизадан өткөрүү боюнча башкармалыгынын ЧУА долбоорлорун жана калкты каттоо, мүлккө карата укуктар архив чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу бөлүмүнүн башчысы; |
Аджикулов Таалайбек Эсенбекович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин кеңешчиси; |
Жуманова Толкун Алманбетовна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; |
Куанбек кызы Назгуль | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын юридикалык башкармалыгынын мыйзам долбоорлоо иштери бөлүмүнүн юристи (макулдашуу боюнча); |
Долинская Наталья Леонидовна | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Аскарова Зарема Аликовна | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча). |