Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 18-марты № 114-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-сентябрындагы № 378-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- 2-пунктундагы "мамлекеттик комитеттин" деген сөздөр "мамлекеттик комитеттердин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборуна жүктөлсүн.";
- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген тиркеменин биринчи абзацы "Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри" деген сөздөрдөн мурун "Мамлекеттик мүлк объекттерин башкаруу боюнча мамлекеттик саясаттын маселелерин координациялоочу" деген сөздөр менен толукталсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |