РаспоряжениеКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-мартындагы № 114-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-сентябрындагы № 378-б буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралу) буйругу

Редакция18.03.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2016-жылдын 18-марты № 114-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-сентябрындагы № 378-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- 2-пунктундагы "мамлекеттик комитеттин" деген сөздөр "мамлекеттик комитеттердин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборуна жүктөлсүн.";

- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген тиркеменин биринчи абзацы "Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри" деген сөздөрдөн мурун "Мамлекеттик мүлк объекттерин башкаруу боюнча мамлекеттик саясаттын маселелерин координациялоочу" деген сөздөр менен толукталсын.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев