Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 22-марты № 120-б
Жаштардын жана балдардын арасында укук бузууларды жана кылмыштарды, суициддерди алдын алуу боюнча ишти өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. 2016-2018-жылдарга карата Кыргыз Республикасында жаштардын жана балдардын арасында укук бузууларды жана кылмыштарды, суициддерди алдын алуу боюнча ведомстволор аралык иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары (макулдашуу боюнча):
- Иш-чаралар планын милдеттүү түрдө белгиленген мөөнөттө аткарууну камсыз кылышсын;
- Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө топтолгон маалыматты квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүгүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
№ | Иш-чаралар | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуу аткаруучулар | Аткаруу индикаторлору |
1 | Жаштардын жана балдардын арасында укук бузуу жана кылмыштар, суициддер фактылары боюнча жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн материалдарына талдоо жүргүзүү, аларды жасоо себептерин жана шарттарын аныктоо | Жарым жыл сайын | ИИМ, БИМ, Жаштар жана спорт агенттиги | Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн саны, фактыларды талдоо жөнүндө маалымкаттардын болушу |
2 | Кыргыз Республикасынын облустарындагы, райондорундагы (шаарларындагы) айыл аймактарындагы жаштардын жана балдардын арасында укук бузуулар жана кылмыштар, суициддер учурларына талдоо жүргүзүү | Ай сайын | ИИМ, БИМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги | Талдоо маалымкаттарынын болушу |
3 | Жаштардын жана балдардын арасында укук бузууларды жана кылмыштарды, суициддерди алдын алууга тиешелүү маселелерди оперативдүү кырдаалды жана талдоону эске алуу менен кароо | Квартал сайын | ИИМ, БИМ, ЭСӨМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги | Координациялык кеңештердин жыйындарынын протоколдорунун болушу |
4 | Жаштардын жана балдардын арасында укук бузууларды жана кылмыштарды, суициддерди алдын алуу боюнча ведомстволор аралык иш-чаралар планын оперативдүү кырдаалды жана талдоону эске алуу менен иштеп чыгуу | Жыл сайын жаңы финансылык жылдын башталышына чейин | ИИМ, БИМ, ЭСӨМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги | Балдар арасында укук бузуу жана кылмыштар, суициддер боюнча иш-чаралар планы болушу |
5 | Жаштардын жана балдардын арасында укук бузууларды жана кылмыштарды, суициддерди алдын алуу боюнча иш-чаралар пландарын ишке ашыруу | Жыл сайын | ИИМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги | Жаштар жана балдар арасында укук бузууларды жана кылмыштарды, суициддерди алдын алуу боюнча жылдык иш-чаралардын пландарын ишке ашыруу |
6 | Жалпы билим берүү уюмдарынын рейтингин аныктоодо жаштар жана балдар арасында укук бузууларды жана кылмыштарды, суициддерди алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн ишти эсепке алуу жана критерийлерин иштеп чыгуу | Жыл сайын | БИМ | Мыкты айыл аймак, мыкты билим берүү уюмуна сынактары балдар арасында укук бузуу жана суициддерди алдын алуу боюнча критерийлерди эске алуу менен өткөрүлөт |
7 | "Балдардын ишеним телефону" борборунун ишинин алкагында балдар арасында суициддик аракеттерди алдын алуу жана болтурбоо максатында шашылыш психологиялык жардам көрсөтүү боюнча ишти уюштуруу | Дайыма | ЭСӨМ, ИИМ, БИМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги | "Балдардын ишеним телефону" борборуна түшкөн чалуулардын саны, Борбордун ишинин алкагында көрсөтүлгөн кызматтардын саны |
8 | Суициддик жана демонстративдик жүрүм-турумдун белгилери бар балдарга, ошондой эле алкоголь жана маң кылуучу заттарды колдонууга жакын балдарга врач-психиатрлар, психиатр-наркологдор, психологдор өз убагында консультация берүүнү камсыз кылуу | Дайыма | ССМ | Врачтардын консультациясын алган балдардын жана алардын ата-энелеринин саны |
9 | Камакта отурган жашы жете элек балдар үчүн жана жазык-аткаруу инспекцияларында эсепке тургузулган жашы жете элек балдарга өз убагында жардам жана колдоо көрсөтүү максатында социалдык кызматтардын өкүлдөрү, психологдор, юристтер менен жолугушууларды уюштуруу | Дайыма | ИИМ, ЖАМК, ЭСӨМ | Социалдык кызматтардын, психологдордун, юристтердин жардамын алган камакта отурган жашы жете элек балдардын саны |
10 | Интернат түрүндөгү социалдык камсыз кылуу жана социалдык тейлөө мекемелеринде, реабилитациялык борборлордо социалдык реабилитация курсунан өтүп жаткан 7 жаштан 12 жатка чейинки балдар менен "Жашоо керемет!", "Жагымсыз жагдайды оңдосо болот", "Сага кыйын болсо - бөлүш", "Карым-катнашты түзүүнү үйрөнөбүз" деген темаларда маектешүү циклдарын өткөрүү | Бекитилген график боюнча | ЭСӨМ, БИМ | Өткөрүлгөн маектешүүлөрдүн саны жана анда катышкан балдардын саны |
11 | Интернат түрүндөгү социалдык камсыз кылуу жана социалдык тейлөө мекемелеринде, реабилитациялык борборлордо социалдык реабилитация курсунан өтүп жаткан 13 жаштан 18 жашка чейинки өспүрүмдөр менен маектешүүлөр жана тренингдер циклдарынын программасын иштеп чыгуу жана аларды өткөрүү, ошондой эле өспүрүмдөр үчүн тарбиялык колонияда айыпталгандар менен "Тирүү кезиңде жашоодо баардыгын өзгөртсө болот" деген темада маектешүүлөрдү жана тренингдерди өткөрүү | Бекитилген график боюнча | ЭСӨМ, ЖАМК | Өткөрүлгөн маектешүүлөрдүн саны жана анда катышкан балдардын саны |
12 | Адистештирилген билим берүүчү, социалдык жана медициналык уюмдардын тарбиялануучулары, социалдык реабилитациялоого муктаж балдар үчүн саясатчылар, спортчулар, салттуу диний конфессиялардын коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууларды уюштуруу | Макулдашкан график боюнча | БИМ, ЭСӨМ, Коргоо комитети, Жаштар жана спорт агенттиги | Өткөрүлгөн жолугушуулардын саны жана анда катышкан балдардын саны |
13 | Төмөнкүлөрдү сатып алуу: - өспүрүмдүк девиацияны алдын алуу боюнча методикалык жана маалыматтык адабияттарды, профилактикалык билим берүүчү программаларды; - балдардын жана өспүрүмдөрдүн эмоциялык, инсандык жана жүрүм-турумдук бузулушун коррекциялоо үчүн психокоррекциялык комьютердик программаларды, алар менен мектептердин китепканаларын жабдуу; - айыпталган жашы жете элек балдарда эмоциялык, инсандык жана жүрүм-турумдук бузулушун коррекциялоо үчүн методикалык жана маалыматтык адабияттарды, профилактикалык билим берүүчү программаларды, алар менен жашы жете элек балдар үчүн тарбиялык колонияларды жабдуу | Дайыма | БИМ, ЖАМК, ЭСӨМ ССМ, Жаштар жана спорт агенттиги, Коргоо комитети | Сатып алынган методикалык жана маалыматтык адабияттардын, профилактикалык билим берүүчү программалардын саны, жабдылган китепканалардын саны |
14 | Өспүрүмдөрдү жана жаштарды жумушка орноштурууга көмөк көрсөтүү | Дайыма | БИМ | Жумушка орноштурууга көмөк көрсөтүлгөн өспүрүмдөрдүн саны |
15 | Балдардын, анын ичинен турмуштук оор кырдаалга туш болгондордун эркин, эстүүлүк менен жана өз алдынча кесип тандоосуна активдүү мамиле кылуу, кесиптик иштин бардык түрүнө позитивдүү мамиле жасоо, кесипти (адистикти) тандоого мотивацияны калыптандыруу боюнча кесиптик багыттоочу иш-чараларды уюштуруу | Дайыма | БИМ, ЭСӨМ, ИИМ, Коргоо комитети | Уюштурулган иш-чаралардын саны жана анда катышкан өспүрүмдөрдүн саны |
16 | Сергек жашоого багытталган "Сергек жашоо - бул кесиптик ийгиликтин башаты" деген темада "тегерек столдорду", семинарларды өткөрүү | Дайыма | БИМ, ЭСӨМ, ССМ, ИИМ, Коргоо комитети | Өткөрүлгөн иш-чаралардын саны жана анда катышкан окуучулардын саны |
17 | Шаарлардын мэрияларынын алдында балдар иштери боюнча комиссиялардын ишине врач психиатр-наркологдорду, балдардын врач-психиатрларын тартуу | Зарылдыкка жараша | ЭСӨМ, ССМ, БИМ | Шаарлардын мэрияларынын алдында балдар иштери боюнча комиссиялардын ишине тартылган врач психиатр-наркологдордун, балдардын врач-психиатрларынын саны, кызматтарды алган балдардын саны |
18 | Психоактивдүү заттарды колдонууга жакын балдарды жана өспүрүмдөрдү врач наркологдо профилактикалык жана диспансердик байкоону уюштуруу | Аныкталганына жараша | ССМ, ИИМ, ЭСӨМ, БИМ | Врач-наркологдо профилактикалык жана диспансердик байкоого алынган өспүрүмдөрдүн саны |
19 | Психикалык оорудан жабыр тарткан балдарга жана өспүрүмдөргө диспансердик байкоону жүргүзүү жана консультациялык-дарылоо жардамын уюштуруу | Аныкталганына жараша | ССМ, ЭСӨМ, БИМ | Диспансердик байкоодо турган жана консультациялык-дарылоо жардамын алган психикалык оорудан жабыр тарткан балдардын жана өспүрүмдөрдүн саны |
20 | Аддиктивдүү жүрүм-турумга жакын балдар жана өспүрүмдөр, алардын ата-энелери менен социалдык жана психокоррекциялык ишти жүргүзүү | Аныкталганына жараша | БИМ, ЭСӨМ, ССМ, ИИМ, Коргоо комитети | Социалдык жана психокоррекциялык кызмат алган аддиктивдүү жүрүм-турумга жакын балдардын жана өспүрүмдөрдүн саны, алардын ата-энелери |
21 | Ата-энелерге (алардын ордун баскан адамдарга) "Өз өмүрүн кыюу деген эмне? Аны кантип болтурбоо керек?", "Баланы түшүнүүгө үйрөнүү керек", "Баланын өсүшүнүн физиологиялык, психологиялык-курактык өзгөчөлүктөрү" деген темада маалыматтык сааттарды өткөрүү | Бекитилген график боюнча | БИМ, ЭСӨМ, Жаштар жана спорт агенттиги, Коргоо комитети | Өткөрүлгөн маалыматтык сааттардын саны жана анда катышкан ата-энелердин саны |
22 | Суицидге жана суициддик аракеттерге жакын балдардын ата-энелери (аларды алмаштыруучулары) менен психологдун жана психиатрдын кесиптик жардамына кайрылуу үчүн сунуштары менен маектешүүлөрдү өткөрүү | Аныкталганына жараша | БИМ, ЭСӨМ, ССМ, ИИМ, Жаштар жана спорт агенттиги, Коргоо комитети | Өткөрүлгөн маектешүүлөрдүн жана анда катышкан ата-энелердин саны |
23 | Жолугушуулардын, жыйналыштардын, айылдык чогулуштардын жүрүшүндө, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу калкка балдардын жана өспүрүмдөрдүн суициддик аракеттерин болтурбоонун ыкмалары тууралуу маалыматты жеткирүү | Дайыма | ИИМ, ССМ | Өткөрүлгөн иш-чаралардын жана анда катышкан адамдардын саны |
24 | "Балдар үчүн ишеним телефондору" Борборунун иши тууралуу, өспүрүмдөргө психологиялык жардам көрсөткөн кызматтарга кайрылуу мүмкүндүгү жөнүндө калкка маалымат жеткирүү | Дайыма | ЭСӨМ, ИИМ, БИМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги | Өткөрүлгөн иш-чаралардын саны |
25 | Бүткүл дүйнөлүк өз өмүрүн кыюуга жол бербөө күнүнө (10-сентябрга) карата "Балдардын арасындагы суицид. Эмне кылуу керек?" темасында телекөрсөтүү аркылуу түз эфирди уюштуруу | Жыл сайын | ММТМ | ММТМдин өткөрүлгөн иш-чаралары жөнүндө отчету |
26 | Ата-энелер, жаштар жана өспүрүмдөр менен иштеген адистер үчүн, жаштардын, окуучулардын суициддик маанайларынын белгилери жана алгачкы көрүнүштөрү, суициддик аракеттерди болтурбоо жана алдын алуу ыкмалары менен тааныштыруучу буклеттерди жана эскертмелерди даярдоо | Жыл сайын | БИМ, ССМ, ЭСӨМ, ИИМ | Чыгарылган жана таркатылган буклеттердин саны |
27 | Бала жана үй-бүлө менен иштеген социалдык коргоо мекемелеринин адистеринин, социалдык педагогдордун катышуусу менен суициддик жүрүм-турумдун алдын алуу, балдарда суициддик белгилерди эрте аныктоо боюнча программаларды иштеп чыгуу, окуу семинарларын, тренингдерди уюштуруу жана өткөрүү | Жыл сайын | ЭСӨМ, БИМ, ССМ | Өткөрүлгөн семинарлардын саны жана анда катышкан социалдык кызматкерлердин жана социалдык педагогдордун саны |
28 | Жашы жете электердин арасында укук бузууну алдын алуу системасынын, социалдык-психологиялык кызматтардын балдар мекемелеринин адистери үчүн суициддик жүрүм-турумдун алдын алуу, балдарда суициддик белгилерди эрте аныктоо боюнча квалификацияны жогорулатуу курстарын уюштуруу жана өткөрүү | Дайыма | БИМ, ЭСӨМ, ССМ, ИИМ, Коргоо комитети, Жаштар жана спорт агенттиги | Суициддик жүрүм-турумдун алдын алуу, балдарда суициддик белгилерди эрте аныктоо маселелери боюнча квалификацияны жогорулатуу курсунан өткөн кызматкерлердин саны |
29 | Балдардын кризистик абалынын терапиясы боюнча врач-психиатр жана медициналык психологдорду окутууну уюштуруу | Жыл сайын | ССМ | Балдардын кризистик абалынын терапиясы боюнча окуудан өткөн балдардын врач-психиатрларынын жана медициналык психологдорунун саны |
30 | "Балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптары жөнүндө ата-энелердин жана окуучулардын маалымдуулугун жогорулатуу боюнча иштерди уюштуруу | Жарым жыл сайын | БИМ, ИИМ, ММТМ, ЭСӨМ, Жаштар жана спорт агенттиги | Өткөрүлгөн иш-чаралардын жана анда катышкан адамдардын саны |
31 | "Мектеп окуучулары үчүн укукка киришүү" окуучулар үчүн программаны иштеп чыгуу жана 5-11 класстын окуучуларын укуктук билимдин негиздерине окутууну уюштуруу (адвокаттар менен аракеттенүүдө) | 2016-2018-жылдар | БИМ | "Мектеп окуучулары үчүн укукка киришүү" программасы боюнча окуган 5-11 класстардын окуучуларынын саны |
32 | Жергиликтүү деңгээлде коммерциялык эмес профилдик уюмдарды колдоонун эсебинен балдарга карата достук кызматтарды өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кызмат көрсөтүүнү уюштурууга керектүү каражаттарды бөлүп берүү | Жыл сайын | ЭСӨМ, БИМ, ССМ | Жергиликтүү деңгээлде уюштурулган кызматтардын керектөөчүлөрүнүн (үй-бүлөлөрдүн жана балдардын) саны |
33. | Үй-бүлөдөгү ыңгайсыз жагдайларды эртелеп билүү турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жана балдарга колдоо көрсөтүү методдорун жана жаңы технологияларды ишке киргизүү боюнча, ырайымсыз мамиледен жана кылмыштык аракеттерден жабыр тарткан балдарды социалдык-психологиялык реабилитациялоо боюнча семинарларды өткөрүү | 2016-2018-жылдар | ЭСӨМ, БИМ, ИИМ, ССМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги | Өткөрүлгөн семинарлардын саны жана ага катышкан алдын алуу субъекттердин кызматкерлеринин саны |
34 | Балдардын жана үй-бүлөдөгү жайсыздыкты кыскартуу боюнча актуалдуу социалдык тажрыйбаларды жана жаңы технологияларды аныктоо жана жайылтуу максатында "Бирге - балдар үчүн!" көргөзмө-форумдарды жыл сайын өткөрүү | Жыл сайын | ЭСӨМ, БИМ | Жооптуу органдардын өткөрүлгөн көргөзмө-форумдар жөнүндө отчетторунун болушу |
35 | Кошумча билим берүү программалары боюнча окуган балдардын камтылышын көбөйтүүнү камсыз кылуучу окуучуларга кошумча билим берүү системасын өнүктүрүү | Жыл сайын | БИМ, ЭСӨМ | Иштеп жаткан кошумча билим берүү ийримдеринин саны, аларга катышкан окуучулардын саны |
36 | Өсүп келаткан муундун адептүү тарбиялоосуна, мыйзамга баш ийген жүрүм-турумуна жана интеллектуалдык өнүгүшүнө багытталган балдар үчүн көркөм жана анимациялык тасмаларды чыгаруу | Жыл сайын | ММТМ | Балдарга арналып жыл сайын тартылган көркөм жана анимациялык тасмалардын саны |
37 | Жашы жете электердин укук бузууларын, анын ичинде кайталангандарын алдын алуу, мыйзам менен чатагы бар жашы жете электерди сотко чейин жана сот учурунда коштоону камсыз кылуу, ошондой эле эркинен ажыратуу жана эркин чектөөчү жерлерде отурган же отуруп чыккан жашы жете электерди коштоо боюнча иштин жаңы технологияларын жана методдорун ишке киргизүү боюнча семинарларды өткөрүү | 2016-жылдын апрель айы | ИИМ, ЖАМК, ЭСӨМ, БИМ, ССМ | Өткөрүлгөн семинарлардын саны жана анда катышкандардын саны |
38 | Билим берүү уюмдарында жана кесипчилик лицейлерде окуучуларга толеранттуу тарбия берүү боюнча программаларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2016-жылдан баштап | БИМ, ЭСӨМ, ССМ, Коргоо комитети, Жаштар жана спорт агенттиги | Окуучуларга толеранттуу тарбия берүү боюнча программалардын болушу, толеранттуу тарбия берүү программасы боюнча билим алган окуучулардын саны |
39 | Билим берүү уюмдарында мектептик медиация кызматтарын уюштуруу | 2016-жылдан баштап | БИМ, ИИМ, ЖАМК, ЭСӨМ | Мектептик медиация кызматын ишке киргизген мектептердин саны |
40 | Жалпы билим берүү уюмдарынын жогорку класстарынын окуучулары үчүн мамлекеттик кызмат, ишкерлик, билим берүү, медицина, искусство, спорт чөйрөсүндө жана башка багыттарда иштеген адистердин катышуусу менен коноктордун лекцияларын уюштуруу жана өткөрүү | Дайыма | БИМ, ИИМ, ЭСӨМ, ССМ, Жаштар жана спорт агенттиги, Коргоо комитети | Өткөрүлгөн лекциялардын саны, тартылган лекторлордун саны жана анда катышкан окуучулардын саны |
41 | Турмуштун оор кырдаалына кабылган жана ЖЖИИде, ошондой эле мектеп ичиндеги эсепке тургузулган жашы жете электерди тартуу менен "теңме тең" принциби боюнча бири-бирине жардам көрсөтүү, окуучулардын оратордук жөндөмдөрүн, лидердик сапаттарын тарбиялоого багытталган ийримдик ишти уюштуруу | 2016-2018-жылдардын ичинде | БИМ, ЭСӨМ, ИИМ | Уюштурулган ийримдердин саны, аларга катышкан, анан ичинде ЖЖИИнин эсебинде туруп катышкан окуучулардын саны |
42 | "Жашы жете электердин арасында укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө", "Спирт ичимдиктерин, тамеки тартууну жана баңги заттарын керектөөнү болтурбоо тууралуу", "Кесиптик багыт алуу боюнча ата-энелерге кеңештер" деген темаларда ата-энелердин жыйналыштарын өткөрүү | Жарым жыл сайын | БИМ, Коргоо комитети, Жаштар жана спорт агенттиги, ИИМ, ССМ | Ата-энелер менен өткөрүлгөн жыйналыштардын саны жана аларга катышкан ата-энелердин саны |
43 | 18 жашка чейин абактан чыккандарды социалдык жактан коштоо | Аныкталганына жараша | ЖАМК, ЭСӨМ, ИИМ, БИМ | Социалдык коштоо кызматын алган 18 жашка чейин абактан чыккандардын саны |
44 | Кесиптик лицейлердин жана мектеп окуучулары үчүн "ачык эшик күндөрүн" уюштуруу, ИИМдин музейине жана ички иштер органдарынын кызматкерлеринин спорттук-колдонмо машыгууларын жана көндүмдөрүн көрсөтүү боюнча иш-чараларын окуучулардын укуктук билимдерин, мыйзамга баш ийген жүрүм-турумун калыптандыруу максатында уюштуруу | Бекитилген график боюнча | БИМ, ИИМ, Коргоо комитети, Жаштар жана спорт агенттиги | Өткөрүлгөн иш-чаралардын саны жана аларга катышкан окуучулардын саны |
45 | Укук бузууларга бегөт коюу жана болтурбоо максатында мектептин коопсуздук кызматын, кезекчи педагогдорду жана окуучуларды тартуу менен билим беруу уюмдарьгаын аймагында системалуу патрулдоону камсыз кылуу | Дайыма | БИМ, Коргоо комитета, Жаштар жана спорт агенттиги, ИИМ, ЭСӨМ | Кезекчиликтин жана патрулдоонун бекитилген фафиктеринин болушу, аныкталган стандартуу эмес кырдаалдардын саны |
46 | Окуучулардын арасында "мектеп рэкетинин" фактыларын жана зомбулукту алдын алуу боюнча ишти ЖЖИИ инспекторлору менен биргеликте жүргүзүү үчүн ар бир билим берүү уюмуна ички иштер органдарынын кызматкерлерин бекитүү | Жыл сайын | ИИМ, БИМ, Жаштар жана спорт агенттиги, Коргоо комитети | Билим берүү уюмдарына кошумча бекитилген ички иштер органдарынын кызматкерлеринин саны |
47 | Мектеп ийримдеринин жана спорттук секциялардын ишин активдештирүү аркылуу окуучулардын сабактардан сырткары убактысын уюштуруу, тематикалык кечелерди жана тарбиялык мүнөздөгү башка иш-чараларды уюштуруу | Дайыма | БИМ, ЭСӨМ, Жаштар жана спорт агенттиги, Коргоо комитети, ЖАМК, ИИМ | Уюштурулган ийримдер жана иш-чаралар жөнүндө ай сайын отчеттун болушу, аларга катышкан окуучулардын саны |
48 | "Багуусуз калган балдар", "Камкордук", "Өспүрүм", "Антирэкет" ж.б. алдын алуучу рейддик иш-чараларды өткөрүү | Бекитилген график боюнча | ИИМ, БИМ, ССМ, ЭСӨМ, Жаштар жана спорт агенттиги, Коргоо комитети | Өткөрүлгөн рейддик иш-чаралардын саны жөнүндө ай сайын отчеттордун болушу, аларга катышкан адамдардын саны |
49 | Экстремизмдин ар кандай түрүнүн, өзгөчө улуттар аралык, диндер аралык кастыкты таратуунун коомдогу коркунучун окуучуларга түшүндүрүү боюнча билим берүү уюмдарында жана кесиптик лицейлерде укук коргоо органдарынын кызматкерлерин тартуу менен класстык сааттарды уюштуруу | Дайыма | ИИМ, БИМ, Коргоо комитети, Жаштар жана спорт агенттиги, ММТМ | Класстык сааттарды уюштурган билим берүү мекемелеринин саны, уюштурулган класстык сааттардын саны, аларда катышкан окуучулардын саны |
50 | Балдарды жол-авто кырсыктарынан алдын алуу үчүн жол кыймылынын эрежелерин пропагандалоо боюнча ''Көңүл бургула балдар!" бир айлыгын, жол кыймылынын жаш инспекторлор отряддарынын республикалык кароо-сынагын өткөрүү | Жыл сайын | ИИМ, БИМ, ССМ | Уюштурулган отряддардын саны, отряддардын ишине тартылган окуучулардын саны |
51 | Аскердик-патриоттук ''Зарница" оюнун жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын арасында өткөрүү | Жыл сайын | Коргоо комитети, БИМ, ИИМ, ССМ | Иш-чараны өткөргөн билим берүү уюмдарынын саны, катышкан балдардын саны |
52 | Жалпы билим берүү уюмдарынын жана кесиптик лицейлердин окуучуларынын арасында аскердик-колдонмо спорттун түрлөрү боюнча республикалык спартакиада өткөрүү | Жыл сайын | Коргоо комитети, Жаштар жана спорт агенттиги, БИМ, ИИМ, ССМ | Мелдештердин бекитилген календарынын, өткөрүлгөн мелдештер жөнүндө отчеттордун болушу, аларга катышкан окуучулардын саны |
53 | Кесиптик лицейлердин, мектеп окуучуларынын республикалык спартакиадасын өткөрүү | Жыл сайын | БИМ, Жаштар жана спорт агенттиги, ИИМ, ССМ | Спорттун түрлөрү боюнча мелдештердин бекитилген календарынын, өткөрүлгөн мелдештер жөнүндө отчеттордун болушу, аларга катышкан окуучулардын саны |
54 | Жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын арасында аскердик-патриоттук ырларды аткаруу боюнча сынак өткөрүү | Жыл сайын | Коргоо комитети, БИМ, ММТМ | Өткөрүлгөн иш-чара жөнүндө отчеттун болушу, аларга катышкан окуучулардын саны |
55 | Интернат мекемелериндеги тарбиялануучулардын арасында "Шаңдуу үндөр" фестивалын өткөрүү | Жыл сайын | БИМ, ЭСӨМ, ММТМ | Өткөрүлгөн иш-чара жөнүндө отчеттун болушу, аларга катышкан окуучулардын саны |
56 | Окуучулар жана студенттер үчүн илимий-популярдык лекцияларды (музей, китепкана кызматкерлеринин, аймак таануучулардын катышуусу менен), маектешүү лекцияларды жана көчмө лекцияларды (слайддарды көрсөтүү жана комплекстин фонддогу коллекцияларынан экспонаттарды колдонуу менен) уюштуруу жана өткөрүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын музейлеринде экскурсияларды мааракелик жана майрам күндөрүнө арналган тематикалык лекторийди (музейдик лекторийлерди) өткөрүү | Бекитилген график боюнча | ММТМ, БИМ, Жаштар жана спорт агенттиги, ЭСӨМ | Иш-чара өткөрүлгөн музейлердин, китепканалардын саны, өткөрүлгөн иш-чаралардын саны, иш-чараларга катышкан билим берүү уюмдарынын саны, иш-чараларга катышкан балдардын саны |
57 | Республиканын мектептериндеги окуучулардын арасында укук бузуулардын, кылмыштардын алдын алуунун абалын билүү боюнча анкеталарды иштеп чыгуу, балдардын ортосунда зомбулук учурларынын картасын түзүү жана сурамжылоо өткөрүү | Жыл сайын | ИИМ, БИМ, ЭСӨМ, ССМ, Коргоо комитети, Жаштар жана спорт агенттиги | Анкеталардын болушу, сурамжылоо өткөрүлгөн билим берүү уюмдарынын саны, сурамжылоого катышкан окуучулардын саны, балдардын арасында зомбулук учурларынын картасынын болушу |
58 | Балдар арасында суицидди, укук бузууларды жана кылмыштарды алдын алуу боюнча жергиликтүү деңгээлде тренингдерди, биргелешкен ведомстволор аралык семинарларды уюштуруу жана өткөрүү | Жыл сайын | ИИМ, ЭСӨМ, БИМ, ССМ | Өткөрүлгөн семинарлардын, тренингдердин саны, аларга катышкан алдын алуу системасынын кызматкерлеринин саны |
59 | Жалпыга маалымдоо каражаттарын тартуу менен ушул иш-чаралар планын ишке ашыруунун маалыматтык коштоосун камсыз кылуу | Дайыма | ММТМ, ИИМ, ЭСӨМ, БИМ, Жаштар жана спорт агенттиги, ССМ, Коргоо комитети | Жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылган балдар арасында суициддерди, укук бузууларды жана кылмыштарды алдын алуу боюнча өткөрүлгөн иш-чаралардын саны |
Кыскартуулардын тизмеси:
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ЭСӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги |
Коргоо комитети | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитети |
ММТМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги |
ЖӨБ жана этностор агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги |
Жаштар жана спорт агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги |
ЖАМК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы |
ЖЖИИ | - | Жашы жете электер менен иштөө инспекциясы |
Балдар менен иштөө комиссиясы | ||
Жалпыга маалымдоо каражаттары | ||