Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 23-марты № 121-б
1. 2015-жылдын январь-декабрында Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маалыматы эске алынсын.
2. 2015-жылга 3,5 пайыз деңгээлинде ИДПнын өсүшүнүн оң динамикасы жана 3,4 пайыз өлчөмүндөгү инфляциянын төмөн деңгээли сакталгандыгы белгиленсин.
3. 2013-2017-жылдардын мезгилинде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылга улуттук экономиканы чыңдоо боюнча иш-чаралар планында, 2015-жылга министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин аракеттер пландарында/милдеттенмелеринде жана башка тийиштүү тармактык программалык документтерде каралган пландагы жыйынтыктарга жетишүү боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын отчеттук мезгилдеги төмөнкүдөй багыттар боюнча иштери жетишсиз деп белгиленсин:
- жаныбарларды идентификациялоо жана каттоо, идентификацияланган жаныбарлардын кыймылын эсепке алуу жана Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү боюнча комплекстүү чараларды ишке ашыруу;
- айыл чарба продукцияларынын соода-логистикалык борборлорунун системасын өнүктүрүү;
- ирригациялык системаны жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестицияларды тартуу;
- Генерациялоочу кубаттуулуктарды өнүктүрүү планын жана Жылуулук берүүчү социалдык объекттерди катуу отунга өткөрүү планын комплекстүү ишке ашыруу;
- калкка электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү толук көлөмдө көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын авиакомпанияларын Европа бирлигинин өлкөлөрүнө учууга тыюу салынган авиакомпаниялардын тизмесинен чыгаруу жана учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу;
- "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу;
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу;
- көмүр тармагындагы ишканаларды модернизациялоо;
- программалык негизде бюджетти киргизүү;
- өнөр жай жана экологиялык коопсуздук, жер казыналарын коргоо жана жер казынасын пайдалануу укугун берүү боюнча экспертизаларды жүргүзүүдө "бирдиктүү терезе" принцибин киргизүү;
- маданий объекттерди өнүктүрүү жана профилдик эмес колдонууга жол бербөө;
- саламаттык сактоонун адистешкен уюмдарын бирдиктүү төлөөчү системасына этап боюнча өткөрүү;
- Араб координациялык тобунун алкактарында мамлекеттик инфраструктуралык долбоорлорго инвестицияларды тартуу;
- дары-дармек каражаттарынын бирдиктүү кодификаторун интеграциялоо;
- мектепке чейинки билим берүү уюмдарын ченемдик каржылоо моделине пилоттук апробация жүргүзүү;
- жогорку окуу жайларынын рейтингдеринин критерийлерин жана ар башка моделдерин иштеп чыгуу;
- Кыргыз билим берүү академиясын кайра өзгөртүп түзүү;
- мектептерди окутуу-техникалык инвентарлар жана жабдыктар менен жабдуу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын түштүк башкармалыгы үчүн администрациялык имаратынын курулушун аяктоо;
- типтүү мектептердин долбоорлорун мамлекеттик экспертизадан өткөрүүнү аяктоо;
- имараттардын жана курулмалардын сейсмикалык туруктуулугун камсыздоонун программаларын практикалык ишке ашыруу;
- калктуу пункттардын башкы пландарын иштеп чыгуу жана бекитүү;
- салыктык карызды 10 пайызына төмөндөтүү;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жана социалдык жактан корголбогон коомдун катмарларынын дене тарбия жана спорт менен машыгууга жетишүүсү;
- өлкөдө спорттук объекттердин санын көбөйтүү;
- акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун ишин оптималдаштыруу жана аларга корпоративдик башкаруу принциптерин киргизүү;
- мамлекеттик менчикти инвентаризациялоо жана "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестринин" автоматташтырылган маалыматтык системасын түзүү;
- мамлекеттик менчикти ижарага берүүдөн келип түшүүлөрдү көбөйтүү;
- акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун финансылык-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүн электрондук сандык баалоо системасын киргизүү;
- жеңилдетилген шартта айыл чарба техникаларын лизингге берүү;
- кайрак жерлерди пайдалануу жана жаңы сугат жерлерди өздөштүрүү;
- Бишкек-Ош (IV фаза) авто жолунун, Бишкек - Кара-Балта участогун 9 км ден 61 км ге чейин куруу;
- 7ден кем эмес салмак-габариттик контролдоочу пунктту заманбап электрондук тараза жана жабдуулар менен жабдуу;
- жогорку окуу жайларынын ишин оптималдаштыруу;
- саламаттык сактоо системасынын мекемелеринде жетекчилерди тандоону уюштуруу жана жүргүзүү боюнча;
- сапаттуу медициналык кызматтарды көрсөтүү;
- айыл жерлеринде маданий чөйрөлөрдү өнүктүрүү;
- 2016-жылдын жайкы Олимпиада оюндарына катышуу үчүн лицензияларды алуу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлеринин ишин электрондук баалоо системасын жана алардын укук бузууларын каттоо системасын киргизүү;
- 2025-жылга чейин жаңгак өстүрүүнү өнүктүрүү боюнча программаны ишке ашыруу;
- кыймылсыз мүлктүн долбоордук документацияларын экспертизалоодо жана наркын эсептөөдөгү көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматка которуу;
- инженердик инфраструктураны жана турак-жай коммуналдык чарбаны өнүктүрүү.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош, Талас, Жалал-Абад жана Чүй облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине 2015-жылга улуттук экономиканы чыңдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар планынын тийиштүү пункттарын ишке ашырууда аткаруучулук тартиптин төмөндүгү көрсөтүлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын иштери төмөнкүлөр боюнча канааттандырарлык эмес деп белгиленсин:
- 2015-жылга карата жетекчинин иш-аракеттеринин/милдеттеринин планынын аткарылышы. Бекитилген 18 иш-чаранын 5и же 28 пайызы, анын ичинде жеке ветеринарияны өнүктүрүү жана эпизоотияга каршы иш-чараларды көбөйтүү бөлүгүндө - 15 пайызга аткарылган эмес;
- республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен биопрепараттарды сатып алуу боюнча тендердик жол-жоболорду жүргүзүү. Үч жыл катары менен айыл чарба жаныбарларына жазгы эмдөө жүргүзүү мөөнөттөрү үзгүлтүккө учуроодо.
6. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары:
- ушул буйруктун 3-пунктунда аталган кемчиликтерди жоюу боюнча толук чараларды көрүшсүн;
- жыйынтыктар боюнча аткаруучулук тартипке толук талдоо жүргүзүшсүн жана пландуу иш-чараларды аткаруу мөөнөтүн бузууга жол берген кызмат адамдарына жана жооптуу кызматкерлерге карата тартиптик таасир этүү чараларын көрүшсүн;
- көрүлгөн чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына 2016-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө маалымдасын.
7. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары 2016-жылы 5,2 пайыздан төмөн эмес экономикалык өсүшкө жетишүү боюнча кечиктирилгис чаралардын комплексин ишке ашырууну камсыз кылсын, анын ичинен:
- айыл чарбасы - 2,5 пайыз;
- өнөр жайы - 9,6 пайыз;
- курулуш - 12,1 пайыз;
- кызмат көрсөтүү чөйрөсү - 3,8 пайыз.
8. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте күзгү-талаа жумуштарынын жыйынтыктары боюнча пландаштырылган өндүрүштүн өсүшүн камсыз кылууну эске алуу менен жазгы-талаа жумуштарын өз убагында жана сапаттуу жүргүзүүнү өзгөчө контролго алсын;
- Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору менен биргеликте республиканын үрөнчүлүк чарбаларында 2016-жылдын жазгы айдап себүүсүн жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын дыйкандарына жана фермерлерине колдоо көрсөтүү максатында беде айыл чарба өсүмдүгүнүн сертификацияланган үрөндөрүн, жер семирткичтерди тендердик сатып алууну өз убагында жүргүзсүн;
- малчы-фермерлер, жеке ветеринарлар, техник-уруктандыруучулар, жайыт комитеттеринин өкүлдөрү, балык өстүрүүчү-фермерлер үчүн зооветеринариянын негиздери боюнча республиканын региондорунда курстарды уюштурсун жана өткөрсүн;
- максаттуу багыттарга пайдаланбаган республиканын көлмөлөрүн инвентаризациялоо боюнча ишти активдештирүү жана товардык балыктарды көбөйтүү жана аны кайра иштетүү үчүн жеңилдетилген шарттарды жана механизмдерди сунуштасын;
- айыл чарба жаныбарларын идентификациялоо боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизсин;
- айыл чарба продукциясын чыгаруучу экспортко багытталган ишканалар үчүн негизги фонддорду жаңыртуу, модернизациялоо жана техникалык жактан кайра жабдуу үчүн жеңилдетилген кредиттерди берүүнүн механизмдерин иштеп чыксын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду менен биргеликте жазгы-талаа жумуштарын өткөрүү үчүн сапаттуу минералдык жер семирткичтерди өз убагында жеткирүүнү камсыз кылсын.
9. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги:
- мамлекеттик органдар жүргүзгөн ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун электрондук маалыматтар базасын жана эсепке алуунун системасын түзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Кесиптик-техникалык билим берүү агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча) менен 2016-жылга 20,0 (жыйырма) млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү бюджеттик колдоону алуу үчүн Инвестициялык климатты жакшыртуунун экинчи программасынын 2-чакан программасынын иш-чараларын өз убагында жана толук ишке ашыруу үчүн чара көрсүн.
10. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максаттарында социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын аныктоонун методикасын иштеп чыгууну тездетсин жана бекитсин.
11. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Техникалык жана экологиялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция менен биргеликте:
- Бишкек-Манас аэропорту, Балыкчы - Тамчы - Чолпон-Ата - Корумду (Тамчы-Корумду кесиндиси) автожолдорун графикке жана иш-чаралардын планына ылайык сапаттуу жана өз убагында оңдоону камсыздасын;
- жол ишканаларын (автожолдорун өндүрүштүк-линиялык башкаруу, жол-эксплуатациялоо ишканалары) чыңдоо жана техникалык жактан жабдуу максатында жол тармагына реформа жүргүзсүн;
- автотранспорттук кызмат көрсөтүүнүн эл аралык рыногунда кыргыз автоташуучуларынын кызыкчылыктарына жагымдуу шарттарды түзүү жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча чараларды көрсүн;
- автожолдордун курулушуна жана техникалык жактан өз убагында тейлөө жүргүзүлүшүнө контролду күчөтсүн;
- 130 км ден кем эмес автожолун асфальт бетонду төшөө менен капиталдык оңдоо жүргүзсүн жана үстүңкү бети уңкул-чуңкул болуп калган 190 км ден кем эмес автожолду тегиздөө жолу менен жараксыз катмарын калыбына келтирсин;
- келе жаткан туристтик сезонго карата "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунун түнкү иштөөсү үчүн жарык берүүчү сигналдык системасын орнотуу ишин толук бүткөрсүн.
12. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2016-жылдын мезгилине Moody's Investors Service эл аралык рейтингдик агенттиги менен суверендүү кредиттик рейтингди андан ары байкоо үчүн 40 (кырк) миң АКШ доллары өлчөмүндөгү финансылык каражатты издеп тапсын.
13. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги "2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын электрондук саламаттык сактоонун программасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына белгиленген тартипте киргизүүнү тездетсин.
14. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргыз Республикасынын Маалыматтык саясат концепциясынын долбоорун иштеп чыгууну тездетсин.
15. Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлиги жогорку окуу жайларды көз карандысыз аккредитациялоо системасын иштеп чыксын.
16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы төмөнкүлөрдү күчөтсүн:
- тростник кантын ташып келүүнү башкарууну жана контролдоону;
- Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигине кошулгандыгына байланыштуу бажылык жол-жоболорундагы өзгөрүүлөр жөнүндө ишкерлерди маалымдоо боюнча иштерди.
17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы республикалык бюджетке келтирилген материалдык чыгымдын ордун толтуруу боюнча ишти улантсын, ошондой эле декларацияланбаган эл керектөөчү товарларды жана күйүүчү-майлоочу материалдарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө бөгөт коюу боюнча ишти активдештирсин.
18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги:
- чек аралар аралык рыноктордогу керектөө суроо-талабы жогору социалдык жактан маанилүү товарлардын баасына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзсүн;
- товардык рыноктордо күнүмдүк керектелүүчү товарларга баалардын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча товардык рыноктордо алдын ала чараларды көрсүн.
19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги:
- калктуу пункттардын архитектуралык көрүнүшүнүн талаптарына, колдонуудагы курулуш ченемдерине жооп бербеген эски, мыйзамсыз курулган имараттарды бузууга багытталган колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга талдоо жүргүзүү жана зарыл болгон учурда тийиштүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын;
- курулушка уруксат берүүчү документтерди карап чыгуунун мөөнөттөрүн азайтуу боюнча чара көрсүн;
- Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте жаңы объекттерди андан ары туташтыруу мүмкүндүгүн камсыз кылуу максатында Бишкек шаарынын энергетикалык секторунун болгон кубаттуулуктарына инвентаризация жүргүзсүн;
- 50дөн кем эмес айылдын жашоочуларын коопсуз жана сапаттуу ичүүчү сууга жетишин камсыз кылсын;
- инженердик түйүндөргө жана коммуникацияларга объекттерди кошуунун жол-жоболорун жөнөкөйлөтсүн жана мөөнөттөрүн кыскартсын.
20. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү:
- пайдаланылбаган сугат жерлердин аянтын кыскартсын;
- ишкердик активдүүлүккө дем берүү жана жаңы ишканаларды ачуу боюнча чараларды көрсүн;
- күнөскана чарбаларын, кооперативдерди, бакча чарбаларын түзүүгө көмөктөшсүн;
- жеке бала бакчаларын, маданий жана эс алуу объекттерин ачууга дем берүү боюнча чара көрсүн;
- айыл калкын сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылууга жана инженердик инфраструктураны жаңыртууга көмөктөшсүн;
- салыкты башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана жергиликтүү бюджеттердин кирешесин көбөйтүүгө көмөктөшсүн;
- инвестицияларды тартуу боюнча ишти активдештирсин;
- жарандардын жана ишкерлердин кайрылуулары боюнча ишти өзгөчө контролдоого алсын.
21. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлери жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты 2016-жылга карата тейлөөчү багыттар боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк, ишеним жана жаңы мүмкүнчүлүктөр" программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракеттер планынын аткарылышына ар айлык негизде сапаттуу мониторинг жүргүзүүнү уюштурушсун.
22. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун жетекчилери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылга карата Иш-аракеттеринин планын ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча иш-чараларды киргизүүнү эске алып, андан ары милдеттүү түрдө "АРТА-GOV.KG" электрондук порталына жайгаштыруу менен өз ишин жума сайын пландоону ишке ашырсын.
23. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |