Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 438-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 5-ноябрындагы № 10-VI токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк, ишеним жана жаңы мүмкүнчүлүктөр" ъ
ПРОГРАММАСЫ
2010-жылдан кийин өлкөдө улуттук ынтымакты жана коопсуздукту камсыздоого жетишилди. Өлкөнүн келечеги үчүн маанилүү өзгөртүүлөр демилгеленип жана ишке ашырылды. Кыргызстан энергетикалык коопсуздукту бекемдеп жатат. Коррупцияга каршы масштабдуу иш башталды. Стратегиялык маанилүү магистралдар курулуп жатат. Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусу фундаменталдуу чечимдердин бири болуп калды.
2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жаңы курамын шайлоо өлкөнүн тарыхында болуп көрбөгөндөй өткөрүлдү. Кыргызстан Борбордук Азияда демократиялык процесстерди ишке ашырууда алдыңкылардын позициясында турат. Сөз эркиндиги жана саясый плюрализм орнотулду. Негизги өнөктөш өлкөлөр менен иштиктүү байланыштар түзүлгөн.
2010-жылдан 2015-жылга чейинки мезгил мамлекеттик түзүлүштүн системалык негизин жана алгалап өсүү үчүн стратегиялык инфраструктуралык негиздерди калыптандыруунун мезгили катары өзгөчөлөнөт. Кыргыз Республикасын 2017-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын (мындан ары - Улуттук стратегия) алкагында "Мамлекет катары калыптануу жана ийгиликтүү өнүгүү негиздерин түптөө" милдети биринчи даражадагы маселе болуп эсептелет.
КР Президентинин демилгеси менен Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлүп, ал социалдык-экономикалык өсүшкө, эл аралык интеграцияга жана мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө жетишүү маселелери боюнча мамлекеттик бийликтин баардык бутактарынын күч-аракеттерин координациялоочу натыйжалуу аянтча болуп калды.
Тийиштүү тараптардын (мамлекеттик бийлик, саясий партиялар, бизнес-жамаат, коомдук-жарандык уюмдар) баардыгы бар экендиги сунуштардын кеңири спектрин эске алууга мүмкүндүк берет. Бул мындан ары да мамлекеттик саясаттын тең салмактуулугун жана ырааттуулугун камсыздайт.
Бүгүнкү күндө өлкө кийинки фазаны "ылдам өнүккөн экономиканы жана элдин кирешесинин такай өсүшүн" ишке ашырууга даяр. Жаңы Өкмөттүн пландары жана иш-аракети кабыл алынган улуттук стратегияга негизделип жана Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеште кылдат талкууга алынууга тийиш. Программада ЕАЭБге кошулгандан кийин пайда болгон жаңы шарттар жана мүмкүнчүлүктөр, ошондой эле саясий партиялар шайлоо алдындагы кампанияда сунуш кылышкан конструктивдүү идеялар караштырылууга тийиш.
Азыркы этапта негизинен дүйнөдө жана ЕАЭБ мейкиндигинде экономикалык өсүштүн темптери азайганына байланыштуу болуп жаткан тышкы тобокелдик факторлорду жана алардын натыйжасында суроо-талаптын жана трансферттердин көлөмү азайып жатканын, алмашуу курсу кыйынчылыкка учурап жатканын эске алыш керек. Кытайдагы экономикалык тренддерге жана алардын Кыргызстанга мүмкүн болуучу таасирине өзгөчө көңүл бурулат.
Опурталдарды минималдаштыруу эле эмес, ошону менен бирге эле өлкөнү жана башкаруучуларды экономикалык өсүштүн алдыдагы фазасына даярдоо дагы маанилүү. Биздин өлкө үчүн мүнөздүү болгон уникалдуу мүмкүнчүлүктөргө таянуу менен өнүгүүнүн жекече вариантын табышыбыз керек.
Жаңы Парламент, Өкмөттүн жаңы курамы - алдыдагы жарым жылдыкта экономикалык жана социалдык реформаларды ылдам ишке ашыруу үчүн "мүмкүнчүлүктөр мезгили". Андан тышкары бүгүнкү күндө негизги экономикалык өнөктөштөрүбүз болгон Россия менен Казакстанда Кыргызстанга карата жогорку даражадагы лоялдуулук бар. Өнүгүүдө секирик жасаш үчүн мүмкүнчүлүктөр менен ниеттер абдан жакшы айкалышып турат.
Бул Программа приоритеттүү багыттарга арналган, ал багыттар боюнча баардык күч-аракетти алдыдагы эки-үч жылга топтоштуруу керек, Программа ушул багыттарды практикада ишке ашыруу үчүн мыйзамдык, ченемдик укуктук демилгелердин пакеттери менен бекемделген.
1.1. Аткаруучу бийликти мобилизациялоо
Мамлекеттик органдардын бирдиктүү команда катары мобилизацияга даярдыгы Программаны ийгиликтүү ишке ашыруунун өбөлгөсү болот.
Өкмөт кабыл алынган мыйзамдарды, токтомдорду, буйруктарды жана башка чечимдерди так жана өз убагында аткарууга багыт алат. Тез аранын ичинде аткаруучу бийликтин жаңы курамына карата коомдун, бизнестин, элдин ишенимин жаратуу абдан маанилүү. Бизнес жүргүзүү жана элдин жашоо-турмушу үчүн шарттарды жакшыртууга багытталган көрүнөө натыйжалар буга негиз болмокчу.
Улуттук стратегияда аныкталган улуттук приоритеттерге, максаттарга жана милдеттерге ылайык, ошондой эле коомчулук күтүп жаткан тилектерге жана ЕАЭБге кошулгандан кийин пайда болгон жаңы мүмкүнчүлүктөр менен шарттарга жараша аткаруучу бийликтин органдарынын ишин уюштуруу системасын модернизациялоо жана өркүндөтүү зарылдыгы бар.
Биринчиден, мамлекеттик органдардын иштерин пландоонун натыйжалуулугу, кабыл алынган чечимдердин аткарылышын мониторингдөө, мамлекеттик кызматчылардын тартибине жана ишинин сапатына контроль күчөтүлөт.
Бул иш ички бюрократияны жана мамлекеттик органдардын ортосундагы ашыкча документ жүгүртүүнү азайтуу менен катарлаш жүргүзүлөт. Чечимдерди даярдоо жана кабыл алуу форматтарына өзгөчө көңүл бурулат. Иштин практикасы өзгөртүлүп, көбүнчө формалдуу, ишке ашпачу документтерди чыгарууга багытталган практикадан баш тартылат. Мындай документтердин саны бир нече эсеге кыскартылат.
Азыркы учурда колдонулуп жаткан ондогон сандагы стратегиялык жана программалык документтерге сапаттуу инвентаризация жүргүзүлөт. Алардын көбү декларациялык мүнөздө жана кээде бири-бирине карама-каршы келген формалдуу иш-чараларды камтышат. Стратегиялык жана программалык документтердин тизмеси жана багыты бир топ кыскартылып, сапаттуу өзгөртүлөт.
Өкмөттүн да, ар бир мамлекеттик органдын да иштерин пландоонун процедураларын түп тамырынан бери кайрадан карап чыгып, ишти пландоонун бирдей форматтарын белгилөө зарыл. Бул максатта Өкмөт "Стратегиялык башкаруу жөнүндө" Мыйзамдын долбоорун иштеп чыккан. Мында өлкөдөгү позитивдүү өзгөрүүлөргө багытталган мамлекеттик саясаттын ырааттуулугун камсыздоо үчүн Улуттук стратегия өлкөнү орто мөөнөттүк келечекке өнүктүрүүнүн негизги стратегиялык документи катары аныкталат.
Функцияларды жөнгө салуу, кайталоолорду четтетүү максатында Өкмөт тарабынан аткаруу бийлигинин бардык органдарында функциялык талдоо жүргүзүлөт.
Бул иштерди ийгиликтүү аткаруу кийинки этапта аткаруучу бийлик органдарынын түзүмүн жана штаттык санын оптималдаштыруу боюнча чечкиндүү чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берет.
Ошондой эле Өкмөттүн жыйындарын пландоонун жана өткөрүүнүн механизми, принциптери жана тартиби да сапаттык жактан өзгөртүлөт.
Экинчи - мамлекет көрсөтүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу. Кийинки жылдарда мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын жана администрациялык регламенттерин иштеп чыгуу жана бекитүү маселеси боюнча олуттуу иш жүргүзүлүп жатат. Бирок иштин абалы жай өзгөрүп жатат, жаңы түрткү керек.
Ар түрдүү документтерди топтоо боюнча бюрократиялык процедуралар электрондук форматка өткөрүлөт. Кереги жок жана бири-бирин кайталаган суроо-талаптар жоюлат. Кызмат көрсөтүүдө "бирдиктүү терезе" системасын жана "электрондук өкмөт" системасын киргизүү маселеси зарыл болуп тургандыктан аны чечүү тездетилет. Ушул принципке таянып 2016-жылы региондордо көп функциялуу 3 "Элди тейлөө борбору" ишке киргизилет. Кийин бул тажрыйба баардык жерлерге таркатылат.
Жарандардын биометрикалык маалыматтарынын базасын түзүү боюнча иш улантылат.
Мамлекеттик органдардын "Коопсуз шаар", "Саламаттык сактоонун бирдиктүү информациялык базасы", "Дарылардын жана медициналык препараттардын бирдиктүү базасы", "Бирдиктүү билим берүүчү информациялык система", "Жарандык абалдын актыларын эсепке алуунун жана каттоонун автоматташтырылган системасы", "Социалдык жардамдын корпоративдик информациялык системасы" сыяктуу жана башка баардык демилгелери "электрондук өкмөттүн" жалпы системасына интеграцияланат. Өкмөттүн алдында 2017-жылга карата башкарууну автоматташтырууну толук масштабда ишке киргизүү милдети турат.
Үчүнчү - мамлекеттик кызматчылардын ынтызарлыгын арттыруу жана кадрлык потенциалды жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү. Мамлекеттик кызматчынын эмгек акысы жеке сектордогу ошондой эле профилдеги адистердин эмгек акыларынын деңгээлинен эселеп айырмалуу болбошу керек. Мыкты адистерди ишке тартуу жана алардын туруктуу иштеп калышы үчүн тийиштүү социалдык пакет берилиши зарыл.
Түзүлүп жаткан Мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында мамлекеттик кызматчыларга арзан баада ипотекалык кредит алууга мүмкүндүк берүү керек. Мындай чара адистердин мамлекеттик органдарда узак убакыт бою иштеп калышына мүмкүндүк берет.
Кызматка дайындоо жана жогорулатуу ачык-айкын жана көрүнөө болушу үчүн шарттарды түзүү мындан ары да улантылат. Мамлекеттик кызматтын партиялык жактан саясатташуусун токтотуу үчүн жаңы бөгөттөрдү иштеп чыгып, колдонууга киргизүү керек. Кесиптик жана карьералык өсүш тууганчылык, уруктук жана башка байланыштарга эмес, кызматчынын реалдуу жетишкендиктерине жана ийгиликтерине гана негизделиши зарыл. Кызматкердин билими жана компетенциясы мезгил-мезгили менен калыс тестирлөөдө ырасталып турууга тийиш.
Төртүнчү - мамлекеттик кызматчынын өз кирешелерин жана сарптоолорун декларациялоосу жөнүндө мыйзамда айтылган чаралар мамлекеттик кызматчылар жана коррупция үчүн чектөөчү рычагдар болууга тийиш. Чиновниктердин кирешелери жана caрптоолору кагазда эмес, реалдуу турмушта контролдонот.
Этика боюнча комиссиялардын иши, ролу жана мааниси "уйкудагы" абалдан чыгарылып, реалдуу мазмун менен байытылышы зарыл.
Өкмөт тарабынан түзүлгөн Коррупцияга каршы кеңештин иши күчтөндүрүлөт, анын ичинде коомдук уюмдардын жана бизнес жамааттын демилгелерин ишке ашыруунун эсебинен да күчтөндүрүлөт.
Кызыкчылыктардын кагылышын жаратуучу шарттарды минималдаштыруу боюнча узак мөөнөттүү иш жүргүзүү үчүн "Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө" Мыйзамды кабыл алуу зарыл, анын долбоору, ошондой эле андан келип чыгуучу мыйзамдык актылардын долбоорлору бар.
Элибиз коррупцияга каршы иштин натыйжасын иш жүзүндө көрүшү зарыл. Бул жагынан алганда укук коргоо органдары тарабынан өндүрүлгөн каражаттардын эсебинен толтурулуп туруучу өзүнчө эсеп ачуу сунушталып жатат. Анда чогултулган ресурстар менен конкреттүү социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду, атап айтканда бала бакчалардын жана реабилитациялоочу борборлордун курулушун каржылоого болот.
Мындан тышкары, мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууда жана коррупцияга каршы күрөшүүдө эл менен көп иштешип, көп байланышта болуучу органдарга басым жасоо керек. Биринчи иретте бул Жол-кайгуул кызматы, Мамкаттоо, фискалдык органдар, медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар (МСЭК), билим берүүчү жана дарылоочу уюмдар.
КР Президентинин сот системасын жана укук коргоо органдарын реформалоо, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча башталган иштери Өкмөт тарабынан судьялардын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана алардын жакын туугандарынын чыгымдарын декларациялоо жөнүндө мыйзам чыгаруу демилгелери менен колдоого алынат. Сот системасынын иштешин жакшыртуу үчүн шарттарды камсыздоо улантылат.
Жалпысынан, мамлекеттик башкаруу системасы үчүн коррупция пайда болушу ыктымалдуу зоналарды аныктоонун методикасы иштелип чыгат, аны иштеп чыгууда сурамжылоо жүргүзүү жолу менен коомдук пикир да эске алынат.
Бешинчи - бул мамлекеттик прагматизм. Баардык тармактардагы мамлекеттик саясат Улуттук стратегияда айтылган улуттук кызыкчылыктарга негизделиши керек, алардын эң башкылары экономикалык жана финансылык көз каранды эместикти камсыздоо. Баардык деңгээлдерде кабыл алынуучу чечимдер Улуттук стратегияда жана башка стратегиялык өлкөлүк документтерде аныкталган улуттук приоритеттердин улуктугуна таянууга тийиш. Жеке кызыкчылыктарды жана айрым топтордун кызыкчылыктарын жактоо практикасын толугу менен жоюу зарыл. Өлкө үчүн маанилүү болгон баардык демилгелер кылдат экспертизадан өткөрүлүп, тандалган башкы багытты эске алуу менен тыкан эсептөөлөр жасалууга тийиш.
2.2. Макроэкономикалык стабилдүүлүк
Өкмөт макроэкономикалык стабилдүүлүктү жана жалпы эле экономикалык саясаттын алдын ала көрүнөө болушун сактоого умтулат. Негизги акцент инфляцияны кармап туруудан тышкары экономикалык өсүшкө өбөлгө түзүүгө жасалат.
Биринчи, Өкмөттүн 2016-2017-жылдардагы негизги милдети болуп экономиканын ылдам өнүгүүсүн жана элдин кирешеси туруктуу өсүшүн камсыздоо саналат. Мунун булактары катары өлкөнүн экспорттук статьяларынын өсүшүн, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү жана мамлекеттик инвестицияларды көбөйтүүнү көрөбүз. Жыл сайын инвестициялардын жалпы көлөмү ИДПнын [30] пайызынан кем эмести түзүүгө тийиш, алардын ичинен мамлекеттик инвестициялардын үлүшү ИДПнын [15] пайызын түзөт.
Экинчи, Өкмөт мамлекеттик финансылардын баланстуулугун камсыздайт жана мамлекеттик бюджеттин тартыштыгын контролдонуучу деңгээлде сактайт. Күндөлүк чыгымдардын өсүү темпи мамлекеттин экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнөн ашпоосу керек.
Мамлекеттик чыгымдардын түзүмү кайра каралат. Бүгүнкү күндө чыгымдардын олуттуу бөлүгү мамлекеттин социалдык багыттары жана башка көмөкчү функциялары менен байланышкан. Милдеттердин көпчүлүгүн рынокко өткөрүп берүү керек.
Өкмөт экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүү, натыйжалуулук, жана стратегиялык жана операциялык максаттарга жетүү үчүн принциптерди өзгөртүү жана бюджеттин инвестицияга багытталышына акырындык менен өтүү зарыл деп эсептейт. Өнүктүрүүнүн улуттук долбоорлору Өкмөттүн саясатынын артыкчылыгы болушу керек.
Жыйынтыктарга кийин мониторинг жүргүзүү жана мындай чыгымдардын андан ары максатка ылайыктуулугун аныктоо менен программалык негизинде бюджеттештирүүнүн максаттары үчүн натыйжалуулуктун индикаторлоруна ылайык министрликтердин/ведомстволордун программалары боюнча бюджеттик чыгымдарды сапаттуу жана так пландоону камсыз кылуу зарыл.
Мамлекеттик сатып алуулардын ачыктыгын жана натыйжалуулугун камсыздоого жана мамлекеттик ресурстарды кыйла сарамжалдуу пайдаланууга өзгөчө маани берилет. Мунун максаты коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу жана мамлекеттик ресурстарды кыйла рационалдуу пайдалануу болуп эсептелет.
Үчүнчү, колдоого багытталган балансталган валюталык жаңы саясатты түзүү. Улуттук продукцияны экспорттоо жана калктын ички суроо-талабын жетиштүү түрдө туруктуу деңгээлде кармап туруу. Мында улуттук валютанын өзгөрмө алмашуу курсунун механизми сакталат.
Өкмөт фискалдык инструменттер, анын ичинде социалдык маанилүү позицияларга ээ болбогон товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү импорттоого салыктарды көбөйтүү аркылуу аталган саясатты илгерилетүүгө түрткү берет.
Төртүнчү, инфляцияга карата саясат негизги принципти жетекчиликке алуусу керек - бааларды кармап туруу боюнча чаралар экономикалык өсүшкө тоскоол болбоого тийиш, экинчи жагынан калктын кызыкчылыктары эске алынуусу керек. Өкмөт инфляциянын деңгээли жылына орточо [6-7] пайыз диапазондо болушу керек деп эсептейт. Экономикалык секирик жасашкан дүйнө өлкөлөрүнүн тажрыйбасы узак мезгилдин аралыгында инфляцияны жөнгө салууда зор ийкемдүүлүктү күбөлөндүрөт.
Бешинчи - фискалдык саясаттын айрым багыттары кайра каралат. Бүгүнкү күндө негизги проблема болуп башкаруу процесси саналат. Айрым чыгымдар салыктардын ставкаларына жана өлчөмдөрүнө которулууда. Өкмөт салык боюнча кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу кыйла жагымдуу шарттарды түзүүгө багыт алуусу керек. Муну менен бирге "демпинг" принцибинин негизинде гана атаандашуу максатка ылайыксыз, Кыргызстан бизнес жүргүзүү шарттары боюнча да жагымдуу болуусу керек. "Бизнес жүргүзүү" эл аралык рейтингинде Кыргызстандын отуз мыкты өлкөнүн жана экономикалык эркиндик боюнча 40 мыкты өлкөнүн катарына кошулушу боюнча чаралар көрүлөт.
Салык жүгүн теңештирүү жана салыкты жыйноонун толуктугун камсыз кылуу максатында салыктык жана бажылык башкаруунун чаралары ишке ашырылат, ыктыярдуу жана милдеттүү патенттин негизинде ишке ашырылуучу иштин түрлөрүнүн тизмеги кайра каралат.
Кошумча нарк салыгын кайталаган жана бизнеске болгон салыктын жүгүн көбөйткөн сатуудан алынуучу салыктан баш тартуу принциптүү кадамдардын бири болот.
Колдонуудагы салык жеңилдиктерин оптималдаштыруу, негизсиз жеңилдиктерге жана бошотууларга тыюу салуу, ошондой эле салыктан качуунун болгон мүмкүнчүлүктөрүн жоюу салык системасынын кирешелүү потенциалын жогорулатуу жаатындагы саясаттын өзүнчө багыты болуп калат.
Фискалдык система төлөөчүлөрдүн ак ниеттүүлүгүнө жана демилгелүүлүгүнө багытталууга тийиш.
Алтынчы - инфраструктуралык объектилерге маанилүү инвестициялардын зарыл экендигине карабастан тышкы карыз маселелеринде балансталган ыкма сакталат жана анын деңгээли ИДПнын [60] пайызынан ашпоого тийиш. Биз эл аралык институттардын линиялары боюнча финансылык карыз алууларды пландоонун, пайдалануунун жана контролдоонун натыйжалуулугун жаңы деңгээлге көтөрүшүбүз керек.
2.3. Инвестициялардын жогорку деңгээлине жетүү
Финансы ресурстарына жетүүнүн жетишсиз деңгээли өлкөнү өнүктүрүү үчүн олуттуу тоскоолдук болуп саналат. Ошондуктан өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жакшыртуу жана экономиканы өнүктүрүүгө багытталган улуттук масштабдагы долбоорлорду максаттуу инвестициялоо зарыл. Өкмөт үчүн жакынкы келечекке эң маанилүү милдеттердин бири инвестицияларды, маанилүү түрдө түз инвестицияларды тартуу болот. Кыргызстан мааниси боюнча жакынкы келечекте "бизнес үчүн бейиш" болуп калууга тийиш.
Өлкөнүн экономикасына инвестицияларды тартуу маанилүүлүгү боюнча бирдей баалуу эки финансылык булактан ишке ашырылат: чет өлкөлүк инвестициялар жана калктын жеке аманаттары.
Биринчи - ички жана тышкы инвесторлордун экономикага салынган каражаттарынын коопсуздугун жана сакталышын камсыз кылуу маселеси маанилүү маселелердин бири болуп саналат. Инвестор инвестициялардын сакталышынын жана кайтарымдуулугунун туруктуу жана ишенимдүү кепилдигине ээ болушу керек. Жөнгө салуу ачык, өзгөрүлбөс, эки жакка тең пайдалуу жана адекваттуу болушу керек. Артыкчылыктуу экспорттук тармактарга [10] млн. долл. ашык АКШ долларын жумшаган инвесторлор үчүн Өкмөт өзгөчө кепилдиктерди, анын ичинде Инвестицияларды камсыздандыруу боюнча эл аралык агенттиктин инструменттерин пайдалануу менен кепилдиктерди берүүнү сунуштайт.
Ошондой эле функцияларынын бир бөлүгү инвестициялык иштерди камсыздандыруунун айрым түрлөрү менен байланыштуу болуучу Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясын түзүү сунушталат.
Экинчи - ири инвестициялык долбоорлорду кароочу саясаттан ажыратуу. "Кумтөр" долбоорун ишке ашыруунун мисалы жана тарыхы буга күбө. Мындай проблемаларды саясий популизимдин негизинде жана шашылыш, жеткире ойлонулбаган жыйынтыктардан улам чечүүгө болбойт. Өлкө үчүн маанилүү маселелерди чечүү Конституцияга жана өлкөнүн башка мыйзамдарына ылайык кеңири профессионалдык талкуулар менен терең эсептөөлөргө жана экономикалык талдоолорго таянып негизделиши керек.
Жалпысынан экономикалык саясат керектөө форматынан улуттук масштабдагы инвестициялык долбоорлорду - стратегиялык тармактарды өнүктүрүүнүн "таяныч башатына" негизделген инвестициялык экономиканын форматына өтүүгө багытталат.
Үчүнчү - жаңы инвестициялардын келип түшүүсүнө фискалдык жана административдик түрткү берүүнүн жаңы инструменттерин киргизүү зарыл. Салыктык каникулдарды жана жеңилдиктерди киргизүү, контролдук инспекцияларды жана текшерүүлөрдү жүргүзүүгө мораторийди белгилөө инвестициялык салымдардын көлөмүн алда канча көбөйтө тургандыгын тажрыйба көрсөтүүдө.
Бир эле учурда артыкчылыктуу багыттар боюнча инвесторлор үчүн отчеттуулуктун жөнөкөйлөтүлгөн формасы сунушталууга тийиш. Инвестицияларды тартуу үчүн көмөк көрсөтүүчү маанилүү инструменттердин бири инвесторлор үчүн социалдык чегерүүлөрдүн атайын режимин киргизүү болот. Мында бошотулган каражаттар өндүрүштү өнүктүрүүгө багытталышы маанилүү.
Ушуну менен бирге эле инвестициялардын агылып кетишин азайтууга мүмкүндүк берүүчү таасирдүү системаны иштеп чыгуу зарыл. Бул система түшкөн пайданы реинвестициялоо боюнча шарттарды түзүүнү өзүнө камтыйт. Экономикага каражаттарды реинвестициялоого салыктарды алып салуу максатка ылайыктуу экендиги көрүнүп турат.
Өлкөдө бизнести өнүктүрүү үчүн "салыкты төлөөнүн пайдалуулугунун жана кадыр-барктуулугунун" реалдуу өбөлгөлөрүн караган атайын система иштелип чыгат. Формалдуу эмес экономиканын өсүшүн жана легалдуу экономиканы чыңдоону чектөөчү жана бөгөт коюучу жолдор жана методдор иштелип чыгат.
Төртүнчү - бул мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү практикалык ишке киргизүү. Көптөгөн инфраструктуралык, социалдык, региондук долбоорлорду ишке киргизүү жана колдоо үчүн мамлекет ресурстарга чектелүү экендигин моюнга алуу керек. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк инвестициялоонун маанилүү инструменти болуп кала алат. МЖӨ инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттин жана жеке сектордун материалдык жана финансылык ресурстарын топтоо аркылуу экономикалык өсүштү камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Инвестицияларды тартуу боюнча агенттик МЖӨ форматындагы долбоорлорду өнүктүрүү жана илгерилетүү жагынан функциялар менен күчөтүлөт. Ошондой эле субсидиялоо үчүн фонддорду түзүү талап кылынат, бул үчүн тийиштүү мыйзамдарды кабыл алуу керек. МЖӨнүн пилоттук долбоорлору катары чакан ГЭСтерди куруу, Бишкек жана Ош шаарларында айрым муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн аутсорсинги маселелерин кароого болот.
Бешинчи - чет өлкөлүк түз инвестициялар жаңы билимдерди, технологияларды, тажрыйбаларды, көндүмдөрдү ж.б. тартуу катары дагы каралышы керек. Негизги басым жаңы, заманбап технологияларды экономиканын келечектүү багыттарына киргизүүгө жасалышы керек. Кыргызстандын экономикасы жаңы технологиялар жана инновациялар үчүн ачык болушу керек. Кыргызстандын экономикасы фискалдык, административдик жана мыйзамдык ченемдер менен өбөлгөлөнүүгө тийиш болгон жаңы технологиялар жана инновациялар үчүн ачык болушу керек.
Соңку технологияларды колдонуу инженердик жана башкаруучу кесиптердин адистеринин жаңы категорияларын талап кылат. Андыктан, улуттук кадрларды чет өлкөдө үзгүлтүксүз окутууну жана даярдоону жөнгө салуу керек. Мында экспорттук экономиканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын тизмесине кирген адистиктерге басым жасалышы керек. Бул процессте өлкөнүн алдыңкы ЖОЖдорунун ролун жана маанисин аныктоо зарыл.
Алтынчы - өндүрүштүн анча чоң эмес масштабы жана өндүрүштү өнүктүрүүгө кредит алуу үчүн күрөөлүк мүлктүн жетишсиз көлөмү ата мекендик бизнестин көйгөйлөрүнүн бири болуп саналат. Бул жагдайда күрөөлөрдү камсыздандыруунун жана кепилдиктерди берүүнүн жаңы инструменттерин иштеп чыгуу зарыл. Өкмөт бир финансылык институттун базасында жакшы кадыр-баркка ээ ишканалардын карыздарын камсыздандыруу жана кепилдештирүү боюнча борборду/агенттикти түзүүнү сунуштайт.
Жетинчи - калктын топтолгон каражаттарын пайдалануу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү керек. Калктын ишенимин жогорулатуу жана банктык институттарды республика боюнча жайылтуу чараларын көрүү зарыл. Буга байланыштуу калктын ишенимин жогорулатуу жана банктык институттарды бүткүл республика боюнча жайылтуу чараларын көрүү зарыл.
Мамлекеттик баалуу кагаздарга карата Финансы министрлигинин жана Улуттук банктын саясаты фондулук рыноктогу операцияларга калкты көбүрөөк тартуу максатында кайра каралып чыгышы керек. Өлкөнүн экономикасынын долларлашуусунун жогорку деңгээлин эске алып, инфраструктуралык объекттерди каржылоо үчүн мамлекеттик валюталык баалуу кагаздарды чыгарууну демилгелөө сунушталат.
Маанилүү элемент таза жана экономикалык жактан калыптанган мамлекеттик жана жеке пенсиялык системалар болуп саналат.
Сегизинчи - мамлекеттик инвестициялардын жогорку деңгээли, ал эми бул ИДПнын [15] пайызы билим берүүгө, саламаттык сактоого, энергетикага, жана транспорттук инфраструктурага жумшалууга тийиш. Айыл чарбасында өндүрүмдүүлүктун деңгээлин жогорулатуу дагы артыкчылык болуп саналат. Көрсөтүлгөн багыттарды каржылоо инвестициялардын натыйжалуулугун көбөйтүү менен коштолушу керек.
Транспорттук коммуникациялар жаатында Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолуна, Ысык-Көлдү тегерете салынуучу жолго, Бишкек - Кара-Балтаны айланып өтүүчү трассага, ошондой эле облустук борборлордогу жана чакан шаарлардагы жолдорду реабилитациялоого артыкчылык берилет. Бишкек-Нарын-Торугарт, Бишкек-Ош-Иркештам, Ош-Баткен-Исфана транзиттик магистралдарынын абалы эл аралык стандарттарга жооп бериши керек. Кыргызстандын аймагындагы улуттар аралык темир жол участогунун курулушуна байланыштуу долбоорду илгерилетүү өзгөчө контролдо болууга тийиш.
Улуттук долбоорлор менен "Манас", "Ош", "Тамчы" аэропорттору модернизацияланат жана жаңыртылат. Финансылык мүмкүнчүлүктөргө жараша башка региондук аэропортторду калыбына келтирүү боюнча иштер жүргүзүлөт.
Стратегиялык максат болуп Кыргызстандын аймагында Борбор-Азиялык регионалдык транспорттук-логистикалык түйүн борборун түзүү саналат.
Энергетикада Өкмөт Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо жана экспорттук потенциалды өнүктүрүү максатын коёт. Ага жетүү үчүн Токтогул ГЭСинин, Бишкек шаарынын ЖЭБинин кубаттуулуктарын жаңыртуу улантылат, негизги көмөк чордондорду модернизациялоо жүргүзүлдү.
Өкмөт жаңы кубаттуулуктарды куруунун темптерин тездетүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн издейт (Камбар-Ата, Жогорку-Нарын каскады, Сары-Жаз). 2016-2017-жылдарда чакан ГЭСтердин биринчи долбоорлору, анын ичинде МЖӨнү колдонуу менен ишке киргизилет. CASA-1000 долбоору стратегиялык жактан маанилүү болуп калууга тийиш, ал боюнча даярдык көрүү иштери жана сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.
Өкмөт жакында эле түзүлгөн "Сары-Жаз" тоо-энергетикалык корпорациясынын ишин практикалык ишке киргизүү боюнча чараларды активдештирүүнү пландаштырууда, алар Ысык-Көл облусундагы Сары-Жаз өрөөнүндөгү кендерди жана суу-энергетикалык ресурстарды комплекстүү өздөштүрүүнү камсыз кылууга багытталат.
Жакын арада жылуулук электр станциясын, көмүр кенин рационалдуу өздөштүрүүнү жана Кара-Кече - Балыкчы темир жолун жарыша куруу менен Кара-Кече кенин комплекстүү өздөштүрүүнү караган инвестициялык конкурсту өткөрүү пландаштырылууда.
Экономикадагы жана коомдогу маалыматтык технологиялардын ролун күчөтүү боюнча заманбап тренддерди эске алып, инвестициялар маалыматтык инфраструктураны өнүктүрүүгө да багытталууга тийиш. Бул билим берүүгө, финансылык кызмат көрсөтүүлөргө, айыл чарба өндүрүүчүлөрүн, экспортерлорду ж.б. маалымдоодо оң таасирин берет.
Жакынкы аралыкта санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча долбоорду ишке ашыруу аякташы керек. 4G стандартын масштабдуу ишке киргизүү колдоого алынат, ага ылайык республиканын аймагынын 85 пайызы жогорку ылдамдыктагы интернет менен камтылат.
2.4. Экспортту илгерилетүү жана импорт алмаштырууну колдоо
Экспорт экономиканын өнүгүшүндө аныктоочу ролду ойнойт жана өсүүнүн факторлорунун бири болуп эсептелет. Ошондуктан мамлекеттин күч-аракети экспорттук потенциалды көбөйтүүгө топтолууга тийиш. Бул өнөр жайды техникалык жактан кайра жабдуу боюнча милдеттерди, инженердик кадрларды даярдоо жана окутуу системасын түзүү, жаңы технологияларды ишке киргизүү, өнөр жай түзүмдөрүн жүгүртүү каражаттары жана чийки зат менен камсыздоо, экспорттук продукцияны өндүрүүнү өбөлгөлөөчү механизмдерди түзүү жана көптөгөн башка маселелерди чечүү дегендикке жатат.
Биринчи - Кыргызстан ЕАЭБга жана Бажы бирлигине кошулган. Интеграциянын бүткүл потенциалын жана ТӨУСга киргизилген улуттук кызыкчылыктарды алга жылдыруу зарыл, алардын эң башкылары өлкөнүн экономикалык көз карандысыздыгын жогорулатуу болуп саналат.
Калкы 183 млн. адамдан ашуун рынокко жол ачылды. Ошондуктан тышкы рыноктун мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу аркылуу экономиканы туруктуу өнүктүрүүгө көмөк берет.
Өкмөт товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жылдырууга көмөк көрсөтүү максатында тышкы экономикалык иштин катышуучулары үчүн бирдиктүү маалыматтар базасын түзүүгө, чек аралардагы өткөрүү пункттарын толук модернизациялоону жана жаңылатууну өзүнө камтыган инфраструктураны түзүүгө, сертификаттоо органдарынын жана адистештирилген лабораториялардын тармагын түзүүгө басым жасайт.
Экинчи - мыкты экспорттук потенциалга ээ болгон экономиканын артыкчылыктуу тармактарын же секторлорун так аныктап алуу зарыл. Артыкчылыктар катары накта жана кайра иштетилген жашылча-жемиштерди, накта жана кайра иштетилген этти, сүттү жана сүт азыктарын, тигүү тармагынын продукциясын, туризм кызмат көрсөтүүлөрүн, бөтөлкөгө куюлган табигый сууларды экспорттоону өнүктүрүү максатка ылайык. Бардык тармактар үчүн эң маанилүүсү болуп экологиялык таза продуктуларды жана чийки зат түрлөрүн пайдалануу эсептелет.
Өкмөт тарабынан чакан жана орто ишкердик субъекттерин негизинен экспорттук продукцияны чыгарууга зарыл болгон потенциалын түзүүгө багыттоо максатында экспортту өнүктүрүү боюнча план кабыл алынган. План андан аркы комплекстүү иштер үчүн негиз болуп калат.
Үчүнчү - улуттук экономиканын продукциясын экспорттоо үчүн максаттуу рыноктор катары Бажы бирлигинин мүчө өлкөлөрүн, Араб дүйнөсүн, Түркияны жана Кытайды аныктоо максатка ылайык. Туризм тармагында географиялык камтуу кыйла кеңири болушу керек жана иштер дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен жүргүзүлүшү зарыл.
Кыргызстандын Борбордук Азиядагы туризмдин региондук борборлорунун бири болуп калууга бардык шарттары жана мүмкүнчүлүктөрү бар. Кыргызстан жөнүндө чет мамлекеттерге маалымат берүү боюнча иштерди өркүндөтүү зарыл. Өкмөт Кыргызстанды дүйнөгө "Теңир тоо өлкөсү" бренди боюнча таанытууну демилгелөөнү сунуштайт.
Соода-өнөр жай палатасы менен бирге потенциалдуу рыноктор менен иштөө активдештирилет. СӨПнын ролу жана мааниси мамлекеттик колдоого муктаж болгон экспорттук ишканалардын милдеттүү мүчөлүк катышуусун киргизүү аркылуу күчөтүлүшү керек. Экспорттоону жылдыруу боюнча иштерге КРнын элчиликтери тартылат. Ошондой эле диаспоралардын потенциалын жана биздин чет өлкөлөрдөгү мигранттарыбыздын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу максатка ылайык.
Мамлекеттик деңгээлде туристтик инфраструктураны курууну системага келтирүүгө жана Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зоналарында туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногун жөнгө салууга багытталган мыйзам чыгаруу демилгелерин кабыл алуу зарыл. Инвесторлорду тартуу жана курорттук зонада жерлерди пайдаланууну тартипке салуу үчүн Ысык-Көлдүн жээгиндеги зонага стратегиялык маанидеги статусту ыйгаруу жөнүндө мыйзам чыгаруу чечимин демилге кылуу сунушталат.
Төртүнчү - экспорттоону мамлекет тарабынан колдоого алуунун бизнес үчүн кыйла курч болуп эсептелген негизги элементи тышкы соодага финансылык көмөк көрсөтүү болуп саналат. Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун ишинин алкагында Өкмөт кыйла артыкчылыктуу багыттар боюнча келечектүү долбоорлорго көмөк көрсөтүүнү демилге кылат.
Бешинчи - өндүрүштүн сапатын башкаруу деңгээлин жогорулатуу жана эл аралык стандарттардын сапатына шайкеш келтирүү боюнча системалык иштер талап кылынат. Облустарда адистештирилген аккредитацияланган лабораторияларды жана борборлорду ишке киргизүү аркылуу стандартташтыруу боюнча инфраструктура түзүлөт. Сапатты башкаруу боюнча көндүмдөрдү калыптандыруу үчүн окутуу программалары ишке ашырылат жана ISO стандарттарын киргизүү боюнча консультациялар уюштурулат.
Алтынчы - жөнгө салууну жакшыртуу жана жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү. Экспорттоо үчүн тиешелүү документтерди толтурууга жана жол-жоболорду тариздөөгө талап кылынган убакытты жана чыгымдарды кыскартуу зарыл. Өкмөт өтүү режимин кыйла оптималдаштырууга жана биздин коңшуларга салыштырмалуу тездетүүгө аракеттенет. Бизнес жана экономика менен байланышкан эл аралык рейтингдердеги позицияларды сактоо жана жакшыртуу үчүн туруктуу негизде мониторинг өткөрүлүп турат.
2.5. Жогорку натыйжалуу финансылык системаны түзүү
Орун алган финансылык система экономиканын ички секторлорунун ресурстарын топтоштуруунун жана сарамжалдуу кайра бөлүштүрүүнүн талаптарына жетиштүү жооп бербейт.
Башкы милдет - бул максималдуу либералдаштыруу принцибине негизделген банк системасын андан ары чыңдоо болуп эсептелет. Өлкөнүн ички финансылык ресурстарын натыйжалуу мобилизациялоого жана Кыргыз Республикасынын калкы менен ишкерлеринин кредиттерге жана сапаттуу банк кызмат көрсөтүүлөрүнө болгон муктаждыгын канааттандырууга жөндөмдүү, туруктуу жана ишенимдүү финансы-кредиттик мекемелер системасын түзүү зарыл.
Биринчи - банк иши төмөн болгон шартында жана финансы ресурстарынын жетишсиздигинен, ошондой эле алардын наркы жогору болгондуктан, банк секторундагы саясатты кайра кароо зарыл. Реалдуу экономикага кредит берүүгө катышуусун кеңейтүү үчүн банк ишинин шарттарын жеңилдетүү максатка ылайык. Инфляцияны ооздуктоого багытталган Улуттук банктын позициясы Өкмөттүн артыкчылыктары менен кыйла кеңири макулдашылган болууга тийиш. Узак мөөнөттүү кредиттөөнү жана банк системасынын ликвиддүүлүгүн колдоо үчүн банк секторундагы узак мөөнөттүү жана оперативдүү ликвиддүүлүктү колдоо боюнча механизмдерди калыптандыруу зарыл. Банк саясаты КРнын экономикасына улуттук валютада кредит берүүгө өбөлгөлөрдү түзүшү керек.
Экинчи - фонддук рынокту жандандырууга өзгөчө басым жасалышы керек, мында спекуляциялык шаймандарды түзбөстөн, бөлүштүрүүчү функцияларга көңүл буруу зарыл. Инвестицияларды топтоо жана аларды кайра бөлүштүрүүнүн, өлкөгө узак мөөнөттүү финансы капиталдарын тартуунун натыйжалуу механизмин түзүү зарыл. Өнүккөн финансылык институттарга айланган камсыздандыруу компанияларынын атынан чыккан институттук инвесторлордун мааниси жогорулатылат. Мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздандыруу рыногун түзүү боюнча иштер улантылат. Мамлекеттик түзүмдөр, Улуттук банк жана Финансы министрлиги баалуу кагаздарды жана валютаны айландыруу боюнча функцияларды фонддук рынокко берүүлөрү зарыл.
Экономиканы өнүктүрүү үчүн ресурстарды мобилизациялоону уюштуруу, рыноктук капиталдаштырууну жогорулатуу жана ата мекендик стратегиялык ишканалардын инвестициялык жагымдуулугун камсыздоо зарыл. Бул багытта башка чаралар менен катар капиталында олуттуу мамлекеттик үлүшү бар компаниялардын акцияларынын 5-10 пайызын - "голубые фишки" эркин пайдаланууга чыгаруу сунушталат.
Мамлекеттик ипотекалык программанын ишке киргизилишин эске алуу менен Өкмөт ипотекалык облигацияларды чыгарууну жана аларды фонддук рынокто сатууну демилге кылат. Кыргыз Республикасындагы лизинг операциялары андан ары өнүктүрүү үчүн ири потенциалга ээ.
Үчүнчү - чакан финансылык сектордун ылдам өнүгүүсүнүн өзүнүн социалдык терс жактары болгон, ал өзгөчө региондордун тургундары үчүн сезилген. Жетиштүү деңгээлдеги билимдин, маданияттын жоктугунан жана кирешелердин төмөндүгүнөн чакан кредит компанияларынын кардарлары болуп калган калктын олуттуу бөлүгү нааразылыктарын билдирүүдө.
Өкмөт Улуттук банк менен бирге социалдык чыңалууну азайтуу механизмдерин ойлоп табышы зарыл, мында калкты кредиттөө боюнча натыйжалуу институт сакталышы керек. Ошондой эле зайымчылардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу зарыл, муну бир катар компаниялар ишке ашырып жатат.
2.6. Эмгек рыногун өнүктүрүүдөгү приоритеттер
Эмгек рыногунун учурдагы изилдөөлөрү күч-аракетти жумушчу күчтү жөнгө салууга эмес, жумушчу күчтү сунуштоонун сапатына топтоштуруу керектигин айгинелеп жатышат. Көбүнчө төмөнкү квалификациядагы эмгектик ресурстар ашыкча болуп жатканда бүгүнкү күндөгү экономика профессионал эмгектик ресурстарга тартыштыкты баштан өткөрүп жатат.
Биринчи - ушул контекстте мамлекеттин күч аракетин баардык деңгээлдеги кесиптик билим берүүнү жакшыртууга багыттоо зарыл (мектептер, КТОЖ, АКОЖ, ЖОЖ). Мектептик билим берүү системасына киргизүү жана мектептерди кесиптик багыттоо аркылуу атаандашууга жөндөмдүү эмгек ресурстарын сунуштоону калыптандыруу үчүн негиз салынат. Жумушсуздук көйгөйү даярдалган адистердин квалификациясынын рыноктун суроо-талаптарына шайкеш келбегендигинде турат. Ошондуктан адистерди даярдаган мекемелерге коюлуучу талаптар кайра каралышы керек.
Экономиканын экспорттук багыттары боюнча багытталган талап кылынган адистерди аныктоо, андан кийин дал ушул категориядагы адистерди сапаттуу жана максаттуу даярдоо зарыл. Кесиптик билим берүү жана даярдоо менен иштеген баардык уюмдар потенциалдуу эмгек рыногу менен кыйла тыгыз иштешүүлөрү зарыл.
Өкмөт артыкчылыктуу багыттар боюнча адистерди кесиптик жактан даярдоо менен алектенген жетектөөчү мекемелерди [5-7] технологиялык кайра жабдуу үчүн каражаттарды бөлүп берет.
Экинчи - башкаруу системасынын деңгээлинде, ошондой эле жер-жерлерде аны ишке ашыруу деңгээлинде бирдиктүү макулдашылган эмгек, иш менен камсыз кылуу, миграция жана социалдык коргоо боюнча мамлекеттик саясатты жүргүзүү зарыл. ТӨУСкө ылайык ал калктын ички миграциясын жөнгө салууга жана тышкы эмгек миграциясын өнүктүрүүнүн шарттарын түзүүгө, экономикалык активдүү калктын атаандашууга жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталышы керек. Эмгек рыногун болжолдоонун механизмдери жакшыртылышы зарыл. Кыргызстандын ЕАЭБге кириши коюлган милдеттерди аткарууну өзүнө алган миграциялык кызматты түзүү маселесин кароо зарылчылыгын шарттайт. Ошондой эле ал улуттук коопсуздуктун өсүп келе жаткан тобокелдиктерине жараша актуалдуу болуп эсептелет.
Ички миграцияны жөнгө салуу жагында Өкмөт экономикалык активдүүлүктүн региондук борборлорун өнүктүрүү аркылуу региондордо жумушчу орундарын түзүүгө көмөк көрсөтүүнү пландаштырат.
Тышкы миграция маселелери боюнча кесиптик көндүмдөрдү жогорулатуу менен катар Өкмөт калктын социалдык жана экономикалык укуктарын коргоого, алар орун алган жерлерде интеграциялоо үчүн социалдык-маданий даярдоого жана зарыл болгон учурда андан ары Кыргызстанга реинтеграциялоого көмөк көрсөтүшү керек.
Үчүнчү - өзүнүн ишин Кыргызстанда жүргүзгөн чет өлкөлүк компаниялар үчүн милдеттүү чектик эмгек квоталарын кароо зарыл. Чет өлкөлүк инвесторлорду жергиликтүү эмгек ресурстарын тартууга же улуттук адистерди жана жумушчуларды көбүрөөк жалдоого өбөлгөлөөчү өзгөчө режимди түзүүгө экономикалык чаралар менен кызыктыруу керек. Социалдык милдеттенмелер жагында ийкемдүү салык салуу инструменттердин бири боло алат.
Төртүнчү - кесиптик бирликтер системасы реформалоого муктаж. Кызматкерлердин реалдуу керектөөлөрүн алга жылдырууга багытталган жаңы парадигма керек. Бул биринчи кезекте квалификацияларды жогорулатууга, кайра окутууга, ишке орноштуруу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү издөөгө ж.б. көмөк көрсөтүү.
Бешинчи - эмгек рыногун өнүктүрүүгө тоскоолдук кылган күчтүү тормоздордун бири Социалдык фондго төлөөлөрдүн орун алган системасы болуп саналат. Иш жүзүндө бизнестин бардык субъекттери социалдык төлөмдөрдөн качууга же минималдаштырууга аракет кылышат. Мындан тышкары, Социалдык фонддун узак мөөнөттүү келечегинин анализи анын финансылык туруктуулугунун потенциалдуу коркунучтары жөнүндө айтып турат. Буга байланыштуу бизнестин көз карашынан да, пенсиялык камсыздоонун туруктуулук көз карашынан да, социалдык чегерүүлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселесин дыкаттык менен изилдөө зарыл. Бирдиктүү социалдык салык түрүндөгү башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы боюнча альтернативдүү вариантты карап чыгуу пландаштырылууда.
2.7. Айылды өнүктүрүү жана урбанизациялоо
Калктын 67 пайызга жакыны айыл жергесинде жашайт жана экономикада эмгекке жарамдуу калктын 32 пайызга жакыны айыл чарбасына туура келет. Айыл чарбасында иштеген кызматкерлердин орточо саны 716 миңден ашуун адамды түзөт. Өлкөнүн ИДПсындагы айыл чарбасындагы үлүшү 15 пайызга жакынды түзөт. Ушул себептен айыл чарба продукциясын өндүрүүгө жана кайра иштетүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү экспорттук саясаттын артыкчылыктуу багыттарынан болууга тийиш.
Айыл чарбасын өнүктүрүүнү өбөлгөлөөчү бардык курал-жарактардын ичинен айыл чарба өндүрүүчүлөрүн кредиттөө гана пайдаланылат. Орточо мөөнөттүү келечекте олуттуу натыйжаларга жетишүү үчүн бул таптакыр жетишсиз. Жаңы, узак мөөнөттүү жана өбөлгөлөөнүн жагымдуу чаралары керек.
Биринчи - региондордун комплекстүү өнүгүшү үчүн региондук экономикалык өсүштүн чекиттерин/баскычтарын түзүү талап кылынат. Өкмөт бул багытта улуттук программаны иштеп чыгууга киришти. Башкы идея тандалып алынган шаарлардын тегерегинде экономикалык активдүүлүктү концентрациялоо аркылуу региондордун өнүгүшү болуп саналат, алар болжолдуу алганда 7-12 шаар болушу мүмкүн. Мында социалдык, транспорттук инфраструктурага жана турак-жай коммуналдык чарбага гана эмес, ири өндүрүштүк долбоорлорго да мамлекеттик жана жекече инвестициялар талап кылынат. Региондордо долбоорлорду ишке киргизүү үчүн мыйзамдардын чегинде МЖИ жөнүндө атайын шарттарды түзүү керек.
Шаарларга чектеш айыл аймактары жана аларда жайгашкан айыл чарба багытындагы бизнес структуралар даяр айыл чарба продукциясын жакынкы шаарларда жайгашкан бардык зарыл инфраструктурасы бар логистикалык борборлордун аймагына берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш. Бүткүл процесс "талаа-шаар-экспорт" схемасы боюнча иштөөгө тийиш.
Региондук экономиканын өнүгүшүнө иштебей токтоп калган ишканалардын ишин кайра жандандыруу көмөктөшөт. Ар бир объекттин материалдык-техникалык базасы жана мүмкүндүгү, ишинин чыныгы абалы иликтенип, алардын келечегин аныктаган жекече программа даярдалат. Потенциалы бар өндүрүштөр үчүн баштапкы багытын сактоо жана атайын салыктык режимди берүү менен түз инвестицияларды тартуу максатка ылайык.
Республиканын бардык облустарында логистикалык инфраструктураны түзүүгө өзгөчө көңүл бөлүнөт. Өкмөт тарабынан айыл чарба продукциясынын ири товардык-логистикалык борборлорун өнүктүрүү боюнча программа мурда эле кабыл алынган. Эл аралык деңгээлдеги борборлордун бири: өлкөнүн түштүгүндө ("Түштүк"), экинчиси өлкөнүн түндүгүндө ("Түндүк") жайгаштырылат. Ошондой эле конкреттүү максаттуу продуктулардын региондук логистикалык 7 борбору ишке киргизилет.
Региондук өсүштүн борборлорун түзүүнүн маанилүү элементи социалдык инфраструктураны өнүктүрүү болуп калат. Мындай шаарлардын жана жакынкы калктуу конуштун тургундары базалык социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жетишүү, бош убакыттарын толук өткөрүү жана өзүнүн потенциалын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш. Мындай шаарларда окутуунун инновациялык жана көп тилдүү ыкмаларын пайдалануу менен зээндүү балдар үчүн мектептерди түзүү пландаштырылууда. Мындай мамиле жасоо ички миграцияны кыскартууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле, ал үчүн ипотекалык жана социалдык курулуштар зарыл болуп, "Арзан турак жай" программасын ишке ашырууну тездетүү зарыл.
Экинчи - айыл чарбасына колдоо көрсөтүү жана технологияларды тартуу.
Өндүрүштүк көлөмдөрдүн өсүшү жана анын натыйжалуулугунун өсүшү, айыл чарба продукциясынын сапатын жогорулатуу, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, кайра иштетүүчү өнөр жайдын потенциалын өстүрүп-өрчүтүү тармактын өнүгүүсүнүн максаттуу багыттары болуп саналат.
Айыл чарбасын кредиттөөнүн түзүлүп жаткан инструменттери менен катар, Өкмөт айыл чарба продукциясынын экспортуна жана кайра иштетүү продукциясына колдоо көрсөтүү үчүн кошумча төмөнкүдөй инструменттерди киргизүүнү сунуштайт: кредиттик ставкаларды субсидиялаштыруу, продукцияны экспорттоону камсыздандыруу, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн күрөөлөрүн кепилдик камсыздоо, кампалык тил каттарын колдонуу.
Мындай ыкма тышкы рыноктордо атаандаштык мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болгон чарбаларга жана ишканаларга гана колдонулууга тийиш.
Айыл чарбасынын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү шарттарынын бири болуп өндүрүштү ирилештирүү эсептелет. Чоң фермердик чарбаларды түзүү үчүн шарттарды түзүп берүү керек. Ушул максатта АБФ жерлерин натыйжалуу колдонуу, көп керектөөчүлөрү бар мекемелер үчүн айыл чарба продукциясынын кепилденген мамлекеттик сатып алуулар системасын өлкөнүн ичинде да, сыртында да ишке киргизүү максатка ылайык. Фьючерстик бүтүмдөр жана келерки түшүмгө кредиттөө механизмдери ишке киргизилиши керек.
Айыл чарбанын технологиялык камсыз болуу маселелерин чечүү үчүн агротехникалык тейлөөнүн жана айыл чарба техникасын кармоонун региондук борборлорун түзүү зарыл. Өкмөт айыл чарба техникасынын лизингин өнүктүрүүнү кеңири колдойт. Ушул максатта "Айыл-банк" АК өзүнүн лизингдик операцияларын кеңейтет. Ошондой эле агрохимиялык жана зооветеринардык тейлөөнүн адистештирилген пункттары түзүлөт.
Мамлекет финансылык институттар аркылуу потенциалдуу ийгиликтүү долбоорлорго колдоо көрсөтөт. Тамчылатып сугаруу технологияларын колдонуу эң оңдуу натыйжаларды берүүдө. Жакынкы бир-эки жылдын ичинде 1000 гектарга жакын жер ушундай технология менен иштетилет. Республика боюнча 1000ге жакын күнөсканалар финансыланат - ар бир айыл аймагында 2ден күнөскана, аларды пайдаланууда өндүрүмдүүлүк он эселеп өсөт. Кыргызстандын салттуу адистешүүсүн эске алуу менен уюштурулган мал союу жана этти баштапкы иштетүү технологиясы боюнча 10 ишкана курулат.
Ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн сапаттуу үрөн материалын пайдалануу маанилүү болуп эсептелет. Жугуштуу ооруну жана гендик модификацияланган үрөндөрдү пайдаланбоо үчүн Өкмөт адистештирилген лабораторияларды ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүн издеп жатат. Асыл тукум жана үрөн чарбаларына мамлекеттик финансылык колдоо көрсөтүү үчүн каражаттар караштырылат.
Үчүнчү - өстүрүлгөн жашылчалардын жана жер-жемиштердин жогорку экологиялык тазалыгы жана сапаттуулугу ата мекендик айыл чарба продукциясынын, ошондой эле улуттук суусундуктардын, мөмө-жемиш ширелеринин, минералдык суунун жана дары чөптөрдүн визиттик карточкасы болуп калууга тийиш. Ошондуктан экспортко арналган ата-мекендик экологиялык таза продуктуларды стандартташтыруу боюнча лабораторияларды куруу зарыл.
Төртүнчү - бул ирригация жана региондорду таза ичүүчү суу менен камсыздоо маселелери. Айыл чарбасы үчүн фундаменталдуу маселе ирригациялык жана дренаждык системаларды эксплуатациялоону жакшыртуу болуп саналат. Көңүлдүн борборунда Кадамжай, Лейлек, Баткен, Чоң-Алай, Нарын, Кара-Буура райондору турат. Ошондой эле суу ресурстарын пайдалануунун натыйжалуу технологиялары киргизилүүгө тийиш. Бул үчүн суу сактагычтардын, күндүк жана айлык жөнгө салынып туруучу бассейндердин мүмкүнчүлүктөрүн кыйла активдүү колдонуу керек.
Мамлекеттик колдоонун чаралары аркылуу жыл сайын 8-10 миңге жакын гектар сугат жерлер колдонууга киргизилет жана калыбына келтирилет. Аткаруу бийлигин бардык деңгээлинде өзгөчө көңүл бурууну талап кылган улуттук артыкчылык калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу болууга тийиш. Өкмөт таза ичүүчү сууга муктаж калктуу конуштарды таза суу менен камсыз кылуу боюнча жогорулатылган милдеттенмелерди өзүнө алат.
Бешинчи - региондорду башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы түзүлгөн өз ара мамилелердин үлгүсүн алмаштыруу зарыл.
Ар бир орган үчүн жоопкерчиликтин ар кандай зоналарынын так аныкталуусу, алардын ыйгарым укуктарын жана функцияларын бөлүштүрүү, кызыкчылыктардын кайчылаш келүүчү жерлерин жоюу маанилүү. Акимдер региондордун инфраструктуралык маселелерин чечүүгө, ал эми ЖӨБО алардагы бизнестин өнүгүшү үчүн жооптуу болууга тийиш. Өкмөт кары-картаңдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, балдарга жана кыйын турмуштук абалда калган үй-бүлөлөргө социалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча функцияларды жергиликтүү деңгээлге берүүгө даяр. Мындай социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү үчүн жан башына каржылоо принцибин киргизүү зарыл.
Финансыны кайра бөлүштүрүүнүн орун алган системасын түп-тамырынан бери алмаштырып, бир кылкалык принцибинен качып, стимулдаштыруу принцибине өтүү керек. Мындан тышкары, салыктар бизнес иштеген жер боюнча төлөнүүгө тийиш. Региондордун стратегиялык өнүгүшү үчүн фонддорду түзүү боюнча демилгелердин зарылдыгы алда канча мурда эле бышып жетилген.
Өкмөт жергиликтүү бийлик органдарынын системасын, башкаруунун деңгээлдеринин ортосундагы өз ара аракеттенүү механизмдерин акырындап реформалоого, жер-жерлердеги бийликтин иш-аракеттери үчүн компетенттүү органдардын натыйжалуу бирок чектелген санын катуу контролдоонун репрессивдүү эмес системасын орнотууга багытталуусу зарыл.
Жергиликтүү бийлик органдарынын алдында жумушчу орундарын түзүү, инвестицияларды тартуу, жакырчылыкты кыскартуу, дотациялык категориядан башкаларына өтүү сыяктуу милдеттер турууга тийиш.
Атайын окутуучу программаларды ишке киргизүү аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадрдык потенциалын жогорулатуу боюнча иштер активдештирилет.
Жалпысынан алганда, бүгүнкү күндө өлкөнүн администрациялык-аймактык түзүлүшүнө тиешелүү дискуссияларга өтүүнүн объективдүү зарылдыгы бышып жетилди. Мындай масштабдуу иш үчүн комплекстүү даярдык иштерин жүргүзүү зарыл, алар 2016-жылы ишке ашырылат.
Алтынчы - ТӨУС ылайык экономикалык жана социалдык милдеттер мамлекеттик чек ара коопсуздук маселелери тыгыз чырмалышкан чек арага талапташ аймактардын өнүгүүсүнө олуттуу маани берилет. Мындай аймактар үчүн калкты экономикалык ишти кеңейтүүгө тартуу жана аны бекитүү үчүн социалдык маселелерди чечүү, экономикалык өбөлгөлөөнүн өзгөчө чаралары сунушталат.
2.8. Атаандаштыкты өнүктүрүү
Эл аралык рынокторго чыгуу үчүн улуттук компаниялар өздөрүнүн рыноктук артыкчылыктарын далилдеп, ички атаандаштыкты жеңүүгө тийиш. Экинчи жактан алганда, адилеттүү атаандаштык жалпысынан рыноктун өндүрүмдүүлүгүн жогорулатат. Мамлекет адилеттүү рыноктун кепилдиктерин камсыздоого жалпы эле атаандаштыкты жөнгө салуудан баш тартууга тийиш.
Биринчи - экономикадагы мамлекеттин катышуусун кыскартууга кыйла чечкиндүү кадам жасоо керек. Ал үчүн бардык мамлекеттик ишканаларды жоюу же болбосо кийин менчиктештирүү менен АКыга айландыруу зарыл. Мамлекеттик үлүшү бар жана стратегиялык объекттер болбогон бардык АКыларга карата ушундай эле чечим кабыл алынууга тийиш.
Экинчи - КРӨгө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Улуттук башкаруучу компанияга өзгөртүлүп түзүлөт. Компаниянын максаты стратегиялык ишканаларды натыйжалуу башкаруу болуп калат. Энергетикада улуттук энергетика фонду түзүлөт.
Үчүнчү - рынокту жана атаандаштыкты өнүктүрүү көз карашынан алганда өзүнүн эффективдүүлүгүн далилдебеген жана ал тургай бизнестин калган субъекттерине тоскоолдук кылган мамлекеттин эки функциясын кайра караштыруу сунушталат. Сөз монополияга каршы жөнгө салуунун жана мамлекеттик сатып алууларды жөнгө салуу функциялары жөнүндө жүрүүдө. Мамлекеттин негизсиз киришүүсү жана коррупциялык өбөлгөлөр жокко чыгарылган вариант сунушталат.
2.9. Адамдын өнүгүүсү келечектин негизи катары
Азыркы дүйнөдө жаратылыш ресурстарынын болушу эмес, адам капиталынын сапаты өлкөнүн жетишкендигинин башкы фактору болуп калды. Өлкөнүн адам капиталы - бекем үй-бүлө жана кийинки муундарга өткөрүп берилүүчү үй-бүлөлүк дөөлөттөр, анын жарандарынын саламаттыгы жана сабаттуулугу. Үй-бүлө институтун чыңдоо жана үй-бүлөлүк чөйрөнү өнүктүрүү, билим берүү жана саламаттык сактоо узак мөөнөттүү келечекте мамлекеттик саясаттын башкы приоритеттери болушат.
Убакыттын жана финансылык мүмкүнчүлүктөрдүн чектелүү экендигин эске алуу менен төмөнкү элементтерге көңүл буруу сунушталат.
Биринчи, үй-бүлө институтунун бузулушу балдардын социалдык жетимдиги, кароосуздугу, селсаяктыгы көбөйүшүнө алып келди.
Проблеманын системалуулугун жана кечиктирилгис чараларды көрүү зарылдыгын эске алып КР Өкмөтү мамлекеттик үй-бүлө саясаты үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу органды аныктайт.
Алдыдагы жылдарда КР Өкмөтү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына укуктарды өткөрүп берүү менен ар бир калктуу конушта турмуштук кыйын кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык колдоо көрсөтүү боюнча борборлордун тармагын түзүүгө ниеттенип жатат.
Ар бир райондо элдин керектөөлөрүн жана муктаждыктарын, региондогу демографиялык абалды эске алуу менен социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү боюнча жол карталары болууга тийиш.
Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоо КР Өкмөтү бекиткен каржылоо стандарттарын колдонуу менен программалык негизде болууга тийиш.
КР жарандары бала асырап алышаардагы, камкордукка же көзөмөлдүккө алышаардагы процедураларды жөнөкөйлүштүрүп жана коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу зарыл.
Жетим балдарды асырап алууну каалагандардын мамлекеттик маалыматтык базасы ачык-айкындыктын принцибинде түзүлөт. Үй-бүлөлөрдү жана балдарды социалдык колдоо борборлору баланы асыроого алган үй-бүлөлөргө психологиялык жана методикалык жактан жардам көрсөтүшөт.
Жалпысынан социалдык колдоонун бүткүл системасы үй-бүлөнү чыңдоого, үй-бүлөлүк дөөлөттөрдү сактоого жана үй-бүлөлүк чөйрөнү өнүктүрүүгө багытталууга тийиш.
Экинчи - Өкмөт ичүүчү суунун коопсуздук проблемасынын системалуулугун жана анын адам турмушунун башка баардык чөйрөлөрүнө таасирин эске алып ичүүчү суу менен жабдуу маселесинин артыкчылыгын колдоого алат. Калктын коопсуз ичүүчү суу менен жабдылуусун, өзгөчө саламаттык сактоо жана билим берүү уюмдары менен камтылышын кеңейтүү камсыздалат.
Жалпысынан алганда өлкө үчүн популяциялык деңгээлде таралган жугуштуу жана жугуштуу эмес ооруга чалдыгууларды профилактикалоо боюнча милдет орчундуу болуп саналат.
Коомдук саламаттык сактоону өнүктүрүүгө, эл арасында профилактикалык иштерди жана диспансеризация жүргүзүүгө, жаш муундардын арасында сергек жашоо образын жана массалык спортту пропагандалоого өзгөчө көңүл бурулууга тийиш.
Жарандарга ооруга чалдыгууларды профилактикалоо, ден соолукту чыңдоо жана сактоо, оорулардын алдын алуу, медициналык-санитардык жардам алууда берилүүчү укуктар жөнүндө маселелер боюнча маалымат берүү башкы багыттардын бири болуп калууга тийиш.
Ошондой эле саламаттык сактоо системасынын жакырчылык факторлору, миграция жана туура эмес жашоо образы проблемалары менен байланышкан энени жана баланы коргоо боюнча иш-чаралардын жетиштүүлүгүн камсыз кылуу маанилүү.
Үчүнчү - билим берүү жана саламаттык сактоо чөйрөлөрүндө акцент көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатына жасалууга тийиш. Реформалардын артынан кууп жатып мазмуну жоготулуп калган. Бул багыттагы жооптуу министрликтер улуттук стандарттардын жана бекитилген регламенттердин сакталышын камсыздоого тийиш.
Төртүнчү - Өкмөт заманбап технологияларды жана окутуунун методикаларын колдонуу менен 5,5тен 7 жашка чейинки балдарды мектепке чейинки билим берүү менен толук камтууну камсыздоону жана өлкөнүн бардык региондорунда мектепке чейинки билим берүү тармактарын өнүктүрүү ниетинде. Балдардын мектепке келбегендеринин себептерин териштирип, алардын билим алууга жетишүүсүн камсыз кылуу керек.
Балдардын коопсуздугун, өзгөчө алардын өнүгүүсүнүн алгачкы этаптарында укуктарын жана коопсуздугун камсыз кылуу иши Өкмөт үчүн маанилүү болуусу керек. Коомдо социалдык жат адамдардын пайда болушун алдын алуу үчүн аларды өз убагында аныктоо жана эрте кийлигишүү социалдык коштоонун натыйжалуу чараларынан болууга тийиш.
Балдардын жакырчылыгынын курчтугун жана тереңдигин төмөндөтүү, ага ылайык келечекте жакырчылыктын кайра жаралышынын алдын алуу боюнча чаралар сунушталат. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү балдардын жөлөк пулдарынын белгиленген өлчөмдөрүн жыл сайын жогорулатуу пландаштырылууда.
Бешинчи - тандалып алынган өнүгүү борборлорунун базасында билим берүү жана медициналык комплекстерди түзүү колдоого алынат. Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы боюнча "билим берүү жана медициналык шаарчаларды" куруу мүмкүнчүлүгүн кароо максатка ылайыктуу. Шаарларда - региондук өнүгүү борборлорунда окуу жана медициналык мекемелердин курулушуна ар кандай жекече инвестицияларга көмөк көрсөтүлөт, анын ичинде МЖИ механизмдерин жана кошо финансылоону пайдалануу менен колдоого алынат. Өкмөт салык жеңилдиктерин кароого жана киргизүүгө, бийликтин жергиликтүү органдары менен бирге жер участокторун бөлүүгө даяр.
Алтынчы - мугалимдерди жана дарыгерлерди мотивациялоо/өбөлгөлөө, алардын статусун жогорулатуу. Мамлекеттик бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша эмгек акы мугалимдердин жана дарыгерлердин дурус жашоосуна жетиштүү, алардын кесипкөйлүгүнө шайкеш болушу керек. Кесиптик чеберчиликти жогорулатуу боюнча программалар, карьеранын адилеттүү жогорулоо кепилдиктери болууга тийиш. Окуу жайларында жана медициналык мекемелерде өз милдеттерин сапаттуу аткарууга жардам берген материалдык-техникалык жабдуулар камсыз кылынып, шарттар түзүлүшү керек.
Жетинчи - билим берүүдөгү каржылоонун принциптери киши башына карата каржылоо негизине которулушу зарыл, мында ар бир окуучуга арналган каражаттар толук көлөмдө мектепке чейин жана баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн ар бир уюмуна жетиши керек. Билим берүү кызматтарын каржылоо стандарттары кесиптик билим берүү чөйрөсүнө жайылтылууга тийиш.
Билим берүүдө каржылоо системасын өзгөртүү билим берүүнү башкаруу системасын өзгөртүү менен коштолушу керек. Билим берүүнү башкаруу системасында фрагменттүүлүктү жана ар бөлөктүктү жоюу зарыл.
Сегизинчи - Өкмөт медицинага жана билим берүүгө жеке инвестицияларды тартуунун эсебинен атаандаштык чөйрөсүн түзүүгө көмөктөшөт. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк ишке киргизилет жана бир катар кызматтар рынокко аутсорсингге өткөрүп берилет. Ошону менен бирге, мамлекет тарабынан жеке мекемелер көрсөткөн кызматтардын сапатын жана толуктугун контролдоо камсыз кылынат.
Саламаттык сактоодо инфраструктуралык ыкмадан медициналык кызматкерлер көрсөткөн кызматтарды лицензиялоого өтүү зарыл, бул адистерди лицензиялоо жол-жоболорун көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтардын сапатына жана коопсуздугуна багыттоого жардам берет.
Тогузунчу - мамлекеттик тилди чыңдоо жана жаш муундарды өнүктүрүүнүн баардык этаптарында билим берүү программаларында көп тилдүүлүктү өнүктүрүү мамлекеттик билим берүү программасын ишке ашыруунун негизги шарттары болуп калат. Биз өлкөбүздө билим берүү системасын өнүктүрүүнүн алдыдагы келечеги үчүн негиз түзүшүүгө тийишпиз, Кыргызстанда "окубай калгандар" болбошу керек. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаштардын жана балдардын сапаттуу билим алышына шарттар түзүлүүгө тийиш. Инклюзивдик билим алуу - бул байманасы ташыгандык эмес, Кыргыз Республикасынын келечекте ийгиликтүү өнүгүшү үчүн өтө зарыл нерсе.
Онунчу - дени сак жана билимдүү муунду өстүрүү менен катар мамлекет толук жарамдуу инсанды жана жаранды калыптандырууга тийиш. Мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү мекемелерде патриоттукка тарбиялоо, жаштардын өз жөндөмдөрүн, анын ичинде спорт, маданий-эстетикалык, социалдык-коомдук активдүүлүктөрү аркылуу ишке ашырууга көмөктөшүү программалары иштелип чыгат. Коомдо жаңы социомаданий стандарттарды жана сергек турмуш үлгүлөрүн, креативдүүлүк жана турмушта өз ордун табуусун калыптандыруу зарыл, ошондой эле өлкөнүн келечегине багытталган адептик негиздерди жана моралдык принциптерди сыйлоо жана бекемдөө керек.
Кыргыз маданиятынын өзгөчөлүгү сакталууга жана көбөйтүлүүгө тийиш. Балет искусствосунун салттарын өнүктүрүп, кинематографияда "кыргыз кереметинин" даңкын кайрадан жаратуу керек. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жакында кабыл алынган Маданият чөйрөсүн өнүктүрүүнүн 2020-жылга чейинки программасына ылайык мамлекеттик заказ боюнча көркөм картиналарды жаратууга көңүл бөлүү зарыл.
2.10. Айлана-чөйрөнүн туруктуулугу
Кыргызстанда ири өнөр жай өндүрүштөрүнүн жоктугу экологиялык жактан таза айлана-чөйрөнүн болушуна таасирин тийгизди. Бул фактор тамак-аш продуктуларынын жана туризмдин дүйнөлүк рыногунда өлкөнүн атаандашуучу артыкчылыгы болуп эсептелет. Мамлекет узак мөөнөттүү перспективада айлана-чөйрөнү коргоо маселесине кам көрүүгө тийиш жана экологияга зыян келтирүүчү долбоорлордун максатка ылайыктуулугун дыкат карап чыгуусу зарыл.
Биринчи - бардык инвестициялык долбоорлорду айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин иликтөө боюнча дыкат экспертизадан өткөрүү керек, атап кетсек, бул көбүнчө кен казып алуу тармагындагы долбоорлорго тиешелүү. Ар бир макулдашууда берилген жерлерди жана айлана-чөйрөнү рекультивациялоо боюнча инвесторлордун жетиштүү милдеттенмелери каралууга тийиш. Жалпысынан экологиялык фактор чечимдерди кабыл алууда эске алынышы жана айлана-чөйрөгө зыян келтирилген учурда нарктык баага ээ болушу керек. Ошондой эле экосистемалык кызмат көрсөтүүлөр үчүн экономикалык жактан эсептелген төлөөнү киргизүү үчүн ченемдик актыларды кабыл алуу зарыл.
Экинчи - жаратылыштагы ресурстардын бардык түрүн рационалдуу пайдалануу. Өлкөбүздүн ресурстарын рационалдуу пайдалануу жана табигый тазалыгын сактоо боюнча улуттук программаны демилгелөө керек. Кыргызстандын уникалдуу жаратылышын анын биотүрдүүлүгү менен сактап калуу зарыл. Өлкөнүн ичинде суу ресурстарын рационалдуу жана этият пайдалануу, ошондой эле биздин коңшуларыбыздан да тиешелүү мамилени талап кылуу өтө маанилүү.
Үчүнчү - энергияны үнөмдөө жана энергиялык натыйжалуулук маданиятын демилгелөө зарыл, ошондой эле энергиянын альтернативдүү булактарын пайдалануу үчүн шарттар түзүлүшү керек. Альтернативдүү энергетиканы өнүктүрүүгө баардык инвестициялар үчүн жер участокторун берүү, продукциясын сатып алуу кепилдиктери, туруктуу баа коюу түрүндө преференциялар берилүүгө тийиш.
Төртүнчү - "жашыл" экономика үчүн олуттуу элементтердин бири болуп өлкөнүн экономикасынын бүтүндөй материалдык базасын технологиялык модернизациялоо эсептелет. Эски жабдуулар табигый ресурстарды пайдалануу жана айлана-чөйрөнүн булганышын минималдаштыруу жаатында көп натыйжалуу эмес. Ушуга байланыштуу айлана-чөйрө үчүн зыяны азыраак жабдуулардын импорту үчүн өбөлгөлөөчү чаралар көрүлүүгө тийиш.
2.11. Адам өнүгүүсүнүн коопсуз чөйрөсү
Мамлекеттин негиз салуучу милдети болуп мамлекеттүүлүктү чыңдоо, мыйзамдуулукту, тартипти, улуттук жана коомдук коопсуздукту камсыздоо эсептелет.
Коомдун укук коргоо системасына болгон ишенимин кайрадан калыбына келтирүү зарыл.
Биринчи - Өкмөт аймактык бүтүндүктү жана мамлекеттик чек аранын бузулгустугун камсыздоо боюнча интенсивдүү иштерди улантышы зарыл.
Чек ара кызматынын потенциалын чыңдоо жана Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программаны талаптагыдай каржылоо мурдагыдай эле артыкчылыктуу багыттардан болуп калат.
Экинчи - Ички иштер министрлигинин (ИИМ) структурасы ондогон жылдардан бери өзгөрүүсүз калууда, ошол эле учурда өлкө тездик менен өзгөрүүдө. Жалпы укук коргоо системасын терең реформалоо талап кылынууда. Келечекте криминалдык кылмыштуулукка каршы туруучу криминалдык милиция кызматын жана коомдук тартипти, коомдук коопсуздукту сактоону камсыздоочу коомдук коопсуздук кызматын түзүү сунушталууда.
Ошондой эле ИИМ системасын борборлоштуруу жана ички иштер органдарынын аймактык бөлүнүштөрүн чыңдоо пландалууда. Облустук башкармалыктарда өзгөчө талдоо жана контролдоо функциялары калтырылмакчы.
Үчүнчү - Жол-кайгуул кызматы түп-тамырынан өзгөрөт жана кайгуул милициясы болуп кайра түзүлөт. Кайгуул милициясынын иш практикасына жол кыймылынын кызматкерлерин жана ага катышкандарды тартипке чакырууга мүмкүндүк түзүүчү портативдик видеокаттоочуну (видеорегистратор) милдеттүү түрдө пайдалануу киргизилмекчи. Айдоочулук күбөлүктөрдү алып койгон учурлар азайтылып, айдоочулардын айып төлөөсү үчүн төлөө тармактары кеңейтилет. "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу аркылуу ири шаарларда жол кыймылын контролдоонун автоматташтырылган системасын киргизүү камсыздалган. Инспекторлор жолдун конкреттүү участокторуна же кварталдарына туруктуу негизде бекитилет. Аларга жол кырсыктарынын абалы, оперативдүү кырдаал жана өзү тейлеген участоктогу калк менен өз ара аракеттенүү боюнча жеке жоопкерчилик жүктөлмөкчү.
Ошентип, кайгуул милициясы заманбап технологияларды пайдалануу менен жарандардын укуктарын камсыздоо жана жолдордо коопсуздуктун абалын жакшыртуу боюнча шарттарды түзөт.
Төртүнчү - кесиптик жана моралдык-этикалык сапаттардын негизинде кадрларды сапаттуу тандоону камсыздоо максатында ички иштер органдарынын кызматкерлеринин айрым категорияларын конкурстук негизде тандоонун жол-жоболору киргизилген. Ошону менен бирге кызматкерлердин эмгек акысы жана аларды материалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча адилеттүү шарттар камсыздалышы керек.
Милициянын ар түрдүү бөлүнүштөрүнүн жаңы функциялык милдеттерине негизденип, ИИМ системасынын кызматкерлерин даярдоо процессин түп-тамырынан кайрадан карап чыгуу зарыл.
Бешинчи - жакын арада укук коргоо органдарынын ортосундагы тергөөгө караштуулугун бөлүштүрүү боюнча конкреттүү чаралар көрүлөт. Экономикалык кылмыштуулук менен бир орган иш жүргүзүп калат, ал аталган блок үчүн жоопкерчилик тартат. Коррупциялык багыттагы кылмыштар, ошондой эле баңги кылмыштары жөнүндө маселе каралмакчы.
Алтынчы - 2016-жылы Өкмөт укук коргоо органдарында, анын ичинде прокуратура органдарында кылмыштарды электрондук эсепке алууну, мындайча айтканда - Кылмыштарды электрондук эсепке алуу китебин колдонууга киргизет (маалымат үчүн: Кылмыштарды эсепке алуу китеби - КЭК).
Бул долбоорду ишке ашыруу кылмыштар жана кырсыктар жөнүндө баардык маалыматтарды системага салууга, ошондой эле аларды өз убагында каттоого алууга мүмкүндүк берет. Кылмыштарды электрондук эсепке алуу китебин киргизгенде бир да кылмыш катталбастан калбайт.
Жетинчи - диний экстремизмдин жана терроризмдин көрүнүштөрүнө байланышкан акыркы фактыларды эске алуу менен Өкмөт ведомстволордун арасындагы өз ара байланышта иштешүүнү, региондук жана эл аралык терроризмге каршы түзүмдөр, терроризмге, сепаратизмге жана диний экстремизмге каршы чара көрүү чөйрөсүндөгү өнөктөштүк боюнча атайын кызматтар менен кызматташтыкты күчөтөт.
Болуп өткөн трагедиялуу окуяларды эске алуу менен жазаларды аткаруу системасында соттолгондорду жазасынын түрүнө жана коомго коркунучтуулук даражасына жараша бөлөк-бөлөк кармоо багытындагы олуттуу өзгөртүүлөр болот. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жана жаңы колонияларды курууга кошумча каражат бөлүнөт.
Окуу жайларда жана стратегиялык маанидеги объекттерде терроризмден сактануу боюнча биринчи кезектеги чаралар көрүлөт. Ал үчүн терроризмге каршы паспорт иштелип чыгып, колдонууга киргизилет. Башка мамлекеттик органдарда да ушундай эле паспорттор киргизилет.
2016-жылы Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоолор киргизилип, ага ылайык терроризмге жана экстремизмге байланышкан кылмыштарды тергөө иши альтернативдүү катары аныкталат, башкача айтканда, мындай түрдөгү кылмыштарды аныктоо жана тергөө боюнча функциялар УКМКдан тышкары ички иштер органдарына да тапшырылат.
Белгиленген 11 приоритеттүү багыт оперативдүү режимде ишке ашырылат.
Алар менен катар Өкмөт 2017-жылга чейинки Туруктуу өнүктүрүү стратегиясында белгиленген калган баардык багыттар боюнча да ишти улантат.
Өкмөттүн Программасынын бир топ эле орчундуу багыттары бар, аларды ишке ашыруу үчүн мамлекеттик бийликтин баардык бутактарынын, коомдук уюмдардын жана бизнестин күч-аракеттерин бириктирүү керек болот.
Коомдук-саясий туруктуулукту камсыздоо, иштин практикалык натыйжаларын өнүктүрүү жана демонстрациялоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана пайдалануу жолу менен элдин ишенимине ээ болуу - Өкмөттүн фундаменталдуу принциптеринин бири болуп саналат.
Мамлекеттин жана коомдун иш-аракетти баш коштуруп бириктирүү жөндөмдүүлүгү биздин пландарыбызды ишке ашыруунун сапатын жана мөөнөтүн аныктайт.
Өкмөт өлкөдө сапаттуу өзгөрүүлөргө иш жүзүндө жетишүүнү пландоодо:
- ИДПнын жылдык орточо иш жүзүндөгү өсүүсү - 5-7 пайыздан кем эмес;
- ИДПдагы жалпы инвестициялардын үлүшү - 30 пайыздан кем эмес;
- инфляциянын жылдык орточо деңгээли - 6-7 пайыз интервалында;
- ИДПга карата бюджеттин дефицити - 5 пайыздан көп эмес;
- ИДПга карата мамлекеттик тышкы карыз - 60 пайыз интервалында;
- жалпы жакырчылыктын деңгээлинин төмөндөшү - жыл сайын 3 пайызга.