Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 23-марты № 124-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына караштуу Түрк эл аралык кызматташтык боюнча агенттигинин ортосундагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоо жөнүндө Протоколдун мамлекеттик тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан аталган Протоколго принциптүү эмес мүнөздөгү толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына караштуу Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин башкармалыгы (мындан ары - ТИКА),
музейдин маданий өнүгүүнүн фактору катары маанилүүлүгүн таанып, эки өлкөнүн ортосунда болгон достук мамилелердин негизинде социалдык, маданий жана экономикалык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү максатында,
2014-жылдын 3-июнундагы Түркия Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы Үчүнчү стратегиялык кызматташуунун Башкы кеңешинин жыйынтыктары боюнча биргелешкен билдирүүгө ылайык, Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаев жактырган долбоордун эскизинин (1-этап - Музейдин имаратынын тышкы каптоосун оңдоп-түзөө, жарыктандыруу жана алдыңкы фасаддык аянтынын оңдоп-түзөө долбоору жана 2-этап - Музейдин имаратынын реконструкциясы, модернизациясы, көргөзмө-таанытуу стенддерин жасоо жана чөйрөнү уюштуруу долбоору) жана,
Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин Программаларынын Кыргыз Республикасындагы координациялык кеңсесинин иши тууралуу макулдашуунун негизинде,
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоо, модернизациялоо жана заманбап техникалык материалдар менен жабдуу боюнча Кыргыз тараптын сунушун колдоого алып,
төмөнкү беренелер боюнча макулдашты:
1-берене. Максаты
Бул Протоколдун максаты болуп Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Тарых музейин (мындан ары - Музей) Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаев жактырган долбоордун эскизи негиз катары алынып, 2 этапта (1-этап - Музейдин имаратынын тышкы каптоосунун оңдоп-түзөөсү, жарыктандыруу жана алдыңкы фасаддык аянтынын оңдоп-түзөө жана 2-этап - Музейдин имаратынын реконструкциясы, модернизациясы, көргөзмө-таанытуу стенддеринин жасалышы жана чөйрөнү уюштуруу) реконструкциялоо долбоорун (мындан ары - Долбоор деп аталат) даярдоо жана бул долбоорго жараша курулуш иштеринин жүрүшүнө тиешелүү иш программасын түзүү жана принциптерин аныктоо эсептелет.
2-берене. Принциптери
1. Тараптар Музейге тиешелүү Долбоорду даярдоо жана куруу ишин өз ара кызматташуу принцибине таянып алып барышат.
2. Долбоорду даярдоо жана куруучулукка тиешелүү иштер бул Протоколдун 2-беренесинин 6 жана 9-пункттары жана 3-беренесинин 3-пунктунан сырткары Түрк тарабынан каржыланат.
3. 1-этапка тийиштүү Аткаруу долбоорлору чийилип, ар бир Тараптын макулдугу менен бекитилгенден кийин, 2-этаптын Аткаруу чиймелерин аягына чыгуусу күтүлбөстөн, 1-этаптын куруучулук иши башталат. Бул процессте 2-этаптын Аткаруу долбоорун даярдоо улантылат.
4. Салыктардан мыйзамдуу түрдө бошотууну камсыз кылуу мүмкүн болбогон учурда мындай чыгымдарды Кыргыз тарабы төлөйт.
5. Музей имаратынын жер кыртышынын жана статикалык абалын баалоо боюнча тийиштүү сейсмикалык жана техникалык илимий изилдөөлөрдү кыргыз тарабы жүргүзөт жана каржылайт.
6. Кыргыз тараптын координациялык комиссиясы Аткаруу долбоорлорун даярдай турган долбоордук фирманын суроо-талаптарына бир жумадан кечиктирбестен жооп берет.
7. Музейдин ичинде жана фасаддын айланасында уюштуруу пландалган көргөзмө/таанытуу залдары, стенддер жана башка фасаддык иштер, чөйрөнү уюштуруу жана жарыктандырууга тийиштүү архитектуралык чийимдер Кыргыз тарабы менен сүйлөшүлүп чийилет. Чиймелердин долбоору Кыргыз тарабынын кароосуна сунушталгандан кийин 1 (бир) жуманын ичинде бекитилет. Бул мөөнөттөн кечиктирилген учурда сунушталган долбоорлор бекитилген болуп эсептелинет.
8. Музейдин баштапкы архитектуралык долбоору менен бирге чыгармаларга берилүүчү тийиштүү автордук укуктар тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү уруксат жана макулдуктардын алынышы Кыргыз тарабынын жоопкерчилигинде болот.
9. Долбоордун жүрүшүндө Кыргызстандын кандайдыр бир мыйзамдарынын өзгөртүлүшүнөн же күтүлбөгөн өзгөчө кырдаалдын чыгышынан пайда болгон, Долбоорду чийүүчү жана аткаруучу фирманын ишине тоскоолдук жараткан маселелерди чечүүдө Кыргыз тарап жардам берет.
10. Курулуш ишинде керектелүүчү ар түрдүү материалдарды сактоого жана урандылар үчүн жайлар Кыргыз тарабынан даярдалып, курулуш иштери башталганга чейин көрсөтүлөт.
11. Музейдин фасадын оңдоо иши башталганга чейин, иш коопсуздугун жана экспонаттардын/чыгармалардын коопсуздугун сактоо максатында музейдин көргөзмө-таанытуу аянтын уюштуруу иштери бүтүрүлгөнгө чейин музей коомчулукка жабык болот.
12. Долбоорду даярдоо жана ишке ашыруу учурунда кандайдыр бир көйгөйлүү маселенин келип чыгышына жол бербөө үчүн, зарыл болгон учурда башка кыргыз бийлик органдарынан (Бишкек шаарынын мэриясы, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы, Сейсмология институту, электроэнергия жана жаратылыш газ мекемелери ж.б.) керектүү кат, макулдук, уруксат кагаздарынын алынышына Кыргыз тарап жооп берет. Өлкө ичиндеги уруксат кагаздарынын алынышы, тиешелүү документтердин бекитилиши белгиленген мөөнөттөрдө аткарылбаган учурлардан улам келип чыккан кечигүүлөр үчүн Кыргыз тарап жооптуу болот.
13. Координациялоо комиссиясынын мүчөлөрү зарыл болгон учурда техникалык иштер менен үчүнчү өлкөлөргө иш сапарга барат. Ар бир тарап өзүнүн мүчөлөрүнүн иш сапарга байланыштуу чыгымдарын каржылайт.
3-берене. Ишке ашыруу жол-жоболору
1. Протоколго кол коюлгандан күндөн тартып 15 күндөн кечиктирилбей Координациялык комиссия түзүлөт, ага ар бир Тарап 2ден мүчө дайындайт. Кыргыз тарап өз мүчөлөрүнүн финансылык каражатын камсыздайт. Координациялык комиссиянын мүчөлөрү өзгөргөн учурда тараптар эки иш күндүк мөөнөттө жазуу түрүндө билдирүү жасайт. Координациялык комиссия мүчөлөрү төмөндө белгиленген иш-чараларды координациялайт:
1.1. Долбоордун негизги программасын түзүүнү (көргөзмө, лаборатория, сактоочу жай жана башка жерлерге тиешелүү болгон орун тартибин уюштуруу иштерин кошуп) жана керек болгон учурларда чет өлкөгө техникалык иш сапарларга катышууну камсыз кылат.
1.2. Долбоорду чийүүдө аны курулуш ишине тиешелүү стандарттарга жана инженердик эрежелерге ылайык аткарылышын камсыз кылат.
1.3. Долбоордун эң кыска убакытта бүткөрүлүшү үчүн өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты жана координацияны камсыз кылат.
2. Бул Протоколдун максаттарына ылайык Түрк тарап төмөндөгү иштерди аткарат:
2.1. Ишке ашырылуучу долбоорду чие турган фирманы дайындайт.
2.2. Ишке ашырылуучу долбоордун эки тараптын тең тиешелүү уюмдарынын координациясынын негизинде белгиленген программага жана Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттерине жана курулуш ченемдерине ылайык даярдалышын камсыз кылат.
2.3. Долбоорду ишке ашыруучу аткаруучу фирманы дайындайт.
2.4. Долбоорду ишке ашырууга дайындалган уюм долбоордун Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттерине, курулуш ченемдерине жана эрежелерине ылайык ишке ашырууну камсыз кылат.
3. Бул Протоколдун максаттарына ылайык Кыргыз тарап төмөнкүлөрдү аткарат:
3.1. Бул Протоколго кол коюлган күндөн баштап 15 күндүк мөөнөттө музейге тиешелүү экспонаттардын мүнөздөмөлөрүн жана инвентардык тизмесин деталдуу түрдө электрондук форматта Түрк тарапка тапшырат.
3.2. Музейдин имаратынын жер кыртышынын сейсмикалык жана техникалык абалын баалоо үчүн илимий-изилдөө иштерин жүргүзөт жана анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү материалдарды жана сунуштарды Протоколго кол коюлган күндөн тартып 20 күндүк мөөнөттө түркчө котормолору менен Долбоордун координациялык комиссиясына берет.
3.3. Музейдин имаратында (ачыкта жана сактоочу жайда) орун алган бардык экспонаттарды жыйнайт, Лениндик/советтик айкелдерди демонтаждайт жана музейдин имаратынан башка жерге жайгаштырат.
3.4. Музейдин имаратынын реконструкциясы бүткөндөн кийин экспонаттарды көргөзмө стендине жайгаштырат жана Лениндик/советтик айкелдерди монтаждайт.
3.5. Долбоор чийүү жана курулуш иштеринин алкагында керек болгон бардык лицензиялык-уруксат документтеринин алынышын камсыздайт.
4-берене. Реконструкция иштерин бүтүрүү мөөнөтү
1. Түрк тарап музейдин фасадын (сырткы каптоо бөлүгүн) реконструкциялоо иштерин тараптар бекиткен пландын негизинде 2016-жылдын 31-августуна карата бүтүрөт.
2. Кыргыз тарап Түрк тараптын каржылоосунун эсебинен музейдеги Лениндик/советтик айкелдерди демонтаждоо/монтаждоо иштерин жүргүзөт. Демонтаж/монтаж иштери ТИКА тарабынан туура деп эсептелинген ыкмага ылайык түзүлгөн сметанын негизинде аткарылат.
3. Кыргыз тарап музейдин имаратын (ичиндеги экспонаттар жана айкелдер) толугу менен бошоткондон жана даярдала турган архитектуралык долбоорлордун эки өлкөнүн тиешелүү органдарынын макулдугу алынгандан кийин долбоорду ишке ашыруу боюнча тендерди Түрк тарап жүргүзөт. Тендер бүткөндөн жана Кыргыз тарап музейдин имаратын бошотуп, даяр кылып тапшыргандан - 1 жылдан кийин музейдин ичи реконструкцияланып, экспонаттарды жайгаштыруу үчүн даярдалып берилет. Айкелдин монтаждалышы Кыргыз тараптын жоопкерчилигинде болуп, ал бул мөөнөткө кирбейт.
5-берене. Талаш-тартыштарды жөнгө салуу
1. Ушул Протоколду ишке ашыруунун жүрүшүндө келип чыккан талаш-тартыштар тикелей сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
2. Ушул Протоколдун жоболору Тараптардын башка эл аралык макулдашууларынан келип чыккан укуктарын жана милдеттенмелерин чектебейт.
6-берене. Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
1. Тараптар ушул Протоколго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизе алат. Жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алгандан кийин 15 күндүк мөөнөттө Тараптар өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
2. Тараптар макулдашкан жана жазуу жүзүндө тариздеген өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул Протоколдун 6-беренесине ылайык күчүнө кирет.
3. Сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жаткан учурда Тараптар ушул Протоколдо каралган милдеттерди аткарууну улантышат.
7-берене. Бекитүү жана күчүнө киргизүү
1. Ушул Протокол дайындалган органдар кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет.
8-берене. Колдонуу мөөнөтү жана токтотуу
1. Ушул Протокол долбоор жана иш-аракеттер бүткөнгө чейин күчүндө болот.
2. Тараптардын бири ушул Протоколдо каралган милдеттерди аткарбаган учурда, бул Протоколдун күчү бир тараптуу жокко чыгарылат. Мындай учурда, биринчи тарап экинчи тарапка Протоколду жокко чыгаруу ниети тууралуу кат аркылуу жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү, мындан кийин Протокол күчүн жоготот.
9-берене. Текст жана кол коюу
Ушул Протокол _______________ шаарында "__" __________ 2016-ж. кыргыз жана түрк тилдеринде ар бири эки нускада кол коюлду жана экөө тең бирдей күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү |
| Түркия Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына караштуу Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин башкармалыгы (ТИКА) |