Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 24-марты № 125-б
Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында экономикалык кызматташтыкты активдештирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Министрлер кеңешмесине катышуучу тышкы экономикалык жана тышкы соода иштери үчүн жооптуу улук кызмат адамдарынын комиссиясынын кыргыз бөлүгү, ошондой эле атайын жумушчу топтору тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.
2. Атайын жумушчу топтордун жетекчилерине көп тараптуу кызматташуунун тиешелүү багыттары боюнча маселелерди иштеп чыгуу жана материалдарды даярдоо менен байланышкан иштерге Кыргыз Республикасынын кызыкдар министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана административдик ведомстволорунун адистерин тартууга укук берилсин.
3. Атайын жумушчу топтордун иштерин жалпы координациялоо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жүктөлсүн.
4. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-декабрындагы № 678-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-июлундагы № 241-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-апрелиндеги № 171-б буйругу.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Рец Татьяна Борисовна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар башкармалыгынын начальниги, Комиссиянын жетекчиси. |
Заманбап маалыматтык жана телекоммуникациялык технологиялар боюнча атайын жумушчу топ | ||
Борубаева Айзада Таштанкуловна | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин байланыш жана маалыматташтыруу башкармалыгынын начальниги, жумушчу топтун жетекчиси; |
Ешеналиев Эмиль Усенович | - | "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун вице-президенти - административдик директор (макулдашуу боюнча); |
Рысалиев Нурболот Арстанбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Электрондук башкаруу борборунун эксперти. |
Транзиттик потенциалды өнүктүрүү боюнча атайын жумушчу топ | ||
Налобина Елена Владимировна | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчиси: |
Коңгурбаев Нурзаир Ашимович | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин тышкы байланыштар бөлүмүнүн башкы адиси; |
Бейшеналиев Руслан Куштарбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бажы иштерин уюштуруу башкармалыгынын бажылык контролдоо бөлүмүнүн начальниги. |
Инвестицияларга көмөктөшүү боюнча атайын жумушчу топ | ||
Абдырахманов Канат Жаныбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин инвестициялар жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк башкармалыгынын инвестициялык саясат жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчиси; |
Асанкулова Марина Сагыналиева | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин стратегиялык өнүктүрүү жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы; |
Батаева Эльмира Иманбековна | - | Кыргыз Республикасынын Соода өнөр-жай палатасынын тышкы экономикалык байланыштар бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча). |
Электрондук соода боюнча атайын жумушчу топ | ||
Байтереков Таалай Алымбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Электрондук башкаруу борборунун директору, жумушчу топтун жетекчиси; |
Мурзакматов Бекжан Мукаевич | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасынын маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн башчысы; |
Жумаков Жылдызбек Ажыбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ЕАЭБ иштери жана ДСУнун маселелери боюнча башкармалыгынын соода бөлүмүнүн башкы адиси. |
Бажы кызматташтыгы боюнча атайын жумушчу топ | ||
Бербаев Акылбек Табалдиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бажылык кызматташтык башкармалыгынын башкы инспектору, жумушчу топтун жетекчиси. |
Сооданы жөнөкөйлөтүү боюнча атайын жумушчу топ | ||
Момунжанова Мээрим Зарылбековна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ЕАЭБ иштери жана ДСУнун маселелери боюнча башкармалыгынын соода бөлүмүнүн башкы адиси, жумушчу топтун жетекчиси: |
Айдаралиев Кубан Исагалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин фискалдык саясат башкармалыгынын начальниги; |
Мамырбаев Канай Абдыракунович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын техникалык регламенттер жана стандарттар боюнча ишти координациялоо бөлүмүнүн башчысы; |
Оморбеков Бексултан Абибиллаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бажы иштерин уюштуруу башкармалыгынын бажылык тариздөө бөлүмүнүн башкы инспектору. |
Өнүктүрүү фондун түзүү тартиби жана иштөө принциптери жөнүндө сунуштарды даярдоо боюнча эксперттик жумушчу топ | ||
Кенжебаева Чынара Шаршеновна | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардам башкармалыгынын эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтык бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчиси: |
Сулайманбекова Жылдыз Сагыналиевна | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын лицензиялоо бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча); |
Булычева Жылдыз Душебековна | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн начальнигинин милдетин аткаруучу (макулдашуу боюнча). |