Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 25-марты № 127-б
Бишкек шаарында 2016-жылдын 24-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Туркия Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына караштуу Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин ортосундагы протоколго ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейин (мындан ары - Музей) жарыш долбоорлоо жана реконструкциялоо боюнча бирдиктүү заказчы болсун;
- белгиленген тартипте Музейди реконструкциялоонун жумушчу долбоорун адаптациялоону жүргүзсүн;
- Түркия Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына караштуу Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (мындан ары - ТИКА) менен бирге Музейди реконструкциялоонун кадамдык планын иштеп чыксын жана бекитсин.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги:
- реконструкциялоо жүргүзүү убагында Музейди 2016-жылдын 25-мартынан тартып 2017-жылдын сентябрына чейин келүүчүлөр үчүн жапсын;
- ТИКА тарабынан берилген жардамдын эсебинен лениндик тематика боюнча шыпка тартылган сүрөттөрдү, барельефтерди, айкелдерди жана айкелдик композицияларды демонтаждоо боюнча иш-чараларды жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан берилген сметага ылайык акча каражатын издеп тапсын.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Музейди реконструкциялоо мезгилинде Музейдин имаратын жана аймагын кайтарууну камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 135-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 25-марты № 127-б
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 131-б, 2017-жылдын 2-майындагы № 133-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Тарыхый-маданий мурас объекттеринин сакталышын, корголушун жана ар тараптан натыйжалуу пайдаланылышын камсыз кылуу максатында, Бишкек шаарында 2016-жылдын 24-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына караштуу Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин ортосундагы протоколго, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 131-б буйругунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейин (мындан ары - Музей) жарыш долбоорлоо жана реконструкциялоо боюнча бирдиктүү заказчы болсун;
- белгиленген тартипте Музейди реконструкциялоонун жумушчу долбоорун адаптациялоону жүргүзсүн;
- Түркия Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына караштуу Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (мындан ары - ТИКА) менен бирге Музейди капиталдык оңдоонун биринчи этабын аяктасын.
- Музейди долбоорлоо жана капиталдык оңдоо үчүн башкы подрядчы уюмду аныктоо боюнча ведомстволор аралык конкурстук комиссия түзсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 131-б, 2017-жылдын 2-майындагы № 133-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги:
- реконструкциялоо жүргүзүү убагында Музейди 2016-жылдын 25-мартынан тартып 2017-жылдын сентябрына чейин келүүчүлөр үчүн жапсын;
- ТИКА тарабынан берилген жардамдын эсебинен лениндик тематика боюнча шыпка тартылган сүрөттөрдү, барельефтерди, айкелдерди жана айкелдик композицияларды демонтаждоо боюнча иш-чараларды жүргүзсүн.
- жаңы экспозициянын Концепциясы жана тематикалык түзүмү бекитилсин;
- жаңы экспозицияны Концепцияга ылайык жайгаштыруу уюштурулсун.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 131-б буйругунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан берилген сметага ылайык акча каражатын издеп тапсын;
- "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин;
- тиешелүү оңдоолор кабыл алынганга чейин ушул буйруктан келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин параметрлерин өзгөртүүнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашсын.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-майындагы № 133-б буйругунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Музейди реконструкциялоо мезгилинде Музейдин имаратын жана аймагын кайтарууну камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 135-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т. А. Сариев |