Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 25-марты № 127-б
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 131-б, 2017-жылдын 2-майындагы № 133-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Тарыхый-маданий мурас объекттеринин сакталышын, корголушун жана ар тараптан натыйжалуу пайдаланылышын камсыз кылуу максатында, Бишкек шаарында 2016-жылдын 24-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына караштуу Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин ортосундагы протоколго, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 131-б буйругунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейин (мындан ары - Музей) жарыш долбоорлоо жана реконструкциялоо боюнча бирдиктүү заказчы болсун;
- белгиленген тартипте Музейди реконструкциялоонун жумушчу долбоорун адаптациялоону жүргүзсүн;
- Түркия Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына караштуу Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (мындан ары - ТИКА) менен бирге Музейди капиталдык оңдоонун биринчи этабын аяктасын.
- Музейди долбоорлоо жана капиталдык оңдоо үчүн башкы подрядчы уюмду аныктоо боюнча ведомстволор аралык конкурстук комиссия түзсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 131-б, 2017-жылдын 2-майындагы № 133-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги:
- реконструкциялоо жүргүзүү убагында Музейди 2016-жылдын 25-мартынан тартып 2017-жылдын сентябрына чейин келүүчүлөр үчүн жапсын;
- ТИКА тарабынан берилген жардамдын эсебинен лениндик тематика боюнча шыпка тартылган сүрөттөрдү, барельефтерди, айкелдерди жана айкелдик композицияларды демонтаждоо боюнча иш-чараларды жүргүзсүн.
- жаңы экспозициянын Концепциясы жана тематикалык түзүмү бекитилсин;
- жаңы экспозицияны Концепцияга ылайык жайгаштыруу уюштурулсун.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 131-б буйругунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан берилген сметага ылайык акча каражатын издеп тапсын;
- "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин;
- тиешелүү оңдоолор кабыл алынганга чейин ушул буйруктан келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин параметрлерин өзгөртүүнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашсын.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-майындагы № 133-б буйругунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Музейди реконструкциялоо мезгилинде Музейдин имаратын жана аймагын кайтарууну камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 135-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т. А. Сариев |