Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 11-апрели № 156-б
2016-жылдын 12-15-апрелинде Россия Федерациясынын Москва шаарында болуучу Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Панкратов Олег Михайловичке Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жогоруда аталган жыйынынын чечимдерине кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-апрелиндеги № 141-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Расмий делегация: | ||
Панкратов Олег Михайлович | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, делегациянын башчысы; |
Кайкиев Эмил Абдыкалыевич | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары; |
Усупов Усен Макаевич | - | Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигиндеги өкүлү; |
Уезбаев Улан Калмурзаевич | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; |
Айдарбеков Айбек Акматбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысынын орун басары. |
Коштоочу адамдар: | ||
Азимов Алмазбек Курбаналиевич | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Мамбеткулов Алишер Шамильевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Исабаева Зина Беккелдиевна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары; |
Чыныбаев Исламбек Адамкулович | - | Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигиндеги өкүлүнүн катчылыгынын башкы эксперти; |
Урмат уулу Мират | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти; |
Толонов Расул Арапбаевич(*) | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн протокол секторунун эксперти; |
Джусунова Джаныл Джусуновна | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин башкы директорунун биринчи орун басары; |
Киселева Римма Хаджимуратовна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Евразия экономикалык бирлиги менен иш жүргүзүү жана Дүйнөлүк соода уюму маселелери боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Рец Татьяна Борисовна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар башкармалыгынын начальниги; |
Дусумбаев Нурлан Джапсарбаевич | - | "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын экономика, стратегиялык өнүктүрүү жана тариф саясаты башкармалыгынын начальниги; |
Маматов Адылбек Самаганович(*) | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын протоколдук иш-чаралар бөлүмүнүн референти; |
Урматов Ренат Урматович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик протокол департаментинин экинчи катчысы; |
Маметов Рустам Асхатович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ингеграциялык бирикмелер департаментинин үчүнчү катчысы. |
Күзөт: | ||
Кособаев Сеит Бейшембекович(*) | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин 9-кызматынын кызматкери. |
Эскертүү:
(*) - 2010-жылдын 2-7-апрелинде Армения Республикасынын Ереван шаарына, ошондой эле 2016-жылдын 7-15-апрелинде Россия Федерациясынын Москва шаарына командировкага жиберилет.