Редакцияот 06.04.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2016-жылдын 6-апрели № 144-б

Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун камсыздоо боюнча тапшырмаларды аткарууга мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын даярдыктарын текшерүү, өзгөчө кырдаал режимин орнотууда жана камсыздоодо даярдыктын деңгээлин жогорулатуу, өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык:

1. 2016-жылдын 13-апрелинен 15-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, административдик ведомстволорунун башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Баткен облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен "Коопсуздук-2016" командалык-штабдык жана мобилизациялык биргелешкен машыгуу (мындан ары - машыгуу) өткөрүлсүн.

2. Машыгууну уюштуруу жана өткөрүү боюнча жетекчилик Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабына жүктөлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Баткен облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) машыгууга катышышсын.

4. Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы жана Баткен шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) өзүнчө резервдик роталар менен мобилизациялык машыгууну уюштуруу жана өткөрүү боюнча көмөк көрсөтүшсүн.

5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев