Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 8-апрели № 150-б
Кыргыз Республикасы менен Швейцария Конфедерациясынын жарандарынын - дипломатиялык паспортторунун ээлеринин өз ара барып-келүү режимин тартипке салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Федералдык Кеңешинин ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлерин виза алуудан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жактырылсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Швейцария Федералдык Кеңеши (мындан ары "Макулдашуучу тараптар" деп аталып);
Дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн Кыргыз Республикасы менен Швейцария Конфедерациясынын (мындан ары - "мамлекеттер") ортосундагы барып-келүүлөрдү жеңилдетүү боюнча жалпы каалоосун жетекчиликке алышып;
ишеним жана тилектештикке негизделген өз ара кызматташууну бекемдөө кызыкчылыгы менен,
төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Дипломатиялык жана консулдук кызматкерлер
1. Штаб-квартира жөнүндө макулдашуу түзүлгөн уюмдагы өз мамлекетинин дипломатиялык миссиясынын, консулдук мекемесинин же туруктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери болуп саналган жарактуу улуттук дипломатиялык паспорттору бар Макулдашуучу тараптардын мамлекеттеринин жарандары кызмат өтөгөн бүткүл мөөнөтүнүн ичинде Макулдашуучу тараптардын башка мамлекетинин аймагына визасыз кирүүгө жана ал аймакта жүрүүгө укуктуу болушат. Жөнөтүп жаткан мамлекет кабыл алып жаткан мамлекетке жогоруда аталган кызматкерлердин дайындалгандыгы жана алардын иш милдеттери тууралуу дипломатиялык каналдар аркылуу алдын ала кабарлайт.
2. Жөнөтүп жаткан мамлекеттин жарандары болуп саналган жана жарактуу улуттук дипломатиялык паспорттору бар ушул Макулдашуунун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдардын үй-бүлөрүнүн мүчөлөрү, эгерде алар ушул Макулдашуунун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар менен бирге жашаса жана кабыл алып жаткан мамлекет тарабынан алар менен чогуу жашоого укугу бар үй-бүлөлөрүнүн мүчөлөрү катары таанылса, ушундай эле мүмкүнчүлүктөр менен пайдаланышат.
2-берене. Барып келүүлөрдүн башка максаттары
1. Жарактуу улуттук дипломатиялык паспорттору бар, ушул Макулдашуунун 1-беренесинин 1-пунктунун күчүнө тийиштүү эмес Макулдашуучу тараптардын мамлекеттеринин биринин жарандары башка мамлекеттин аймагына 180 күн ичиндеги 90 (токсон) күндөн ашпаган мөөнөткө кирүүгө же жүрүүгө укуктуу же эгерде алар башка мамлекеттин аймагында өз алдынча эмгектенип же пайда көрүү максатында башка иш менен алектенбесе, ушул аймактан визасыз чыгып кете алышат.
2. Шенген макулдашуусунун чек арадан өтүү жана виза маселелери боюнча жоболорун толук колдонгон бир же бир нече мамлекеттердин аймагы аркылуу транзит менен Швейцария Конфедерациясынын аймагына кирүүдө, Шенген макулдашуусундагы өлкөлөрдүн аймактарынын зонасын камтыган тышкы чек арадан өтүү датасы ушул зонада жүрүүнүн биринчи күнү катары каралат (90 күндөн ашпоого тийиш), ал эми ушул зонадан чыгуу датасы ушул жерде жүрүүнүн акыркы күнү болуп саналат.
3-берене. Улуттук мыйзамдарды аткаруу
1. Макулдашуучу тараптардын мамлекеттеринин жарандары кирүү жана анда жүрүү эрежелерин, ошондой эле башка Макулдашуучу тараптын колдонуудагы улуттук мыйзамдарын анын аймагында жүргөн бүткүл убакыттын ичинде аткарууга тийиш.
2. Ушул Макулдашууда көрсөтүлгөн паспорттор кабыл алып жаткан мамлекеттин улуттук мыйзамдарында аныкталган жарактуулуктун бардык критерийлерине жооп бериши керек.
4-берене. Киргизүүдөн баш тартуу
Макулдашуучу тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары мамлекеттик коопсуздукту, коомдук тартипти, ден соолукту сактоо максатында же башка олуттуу себептердин негизинде ушул Макулдашуунун 1 жана 2-беренелеринде көрсөтүлгөн Макулдашуучу тараптын башка мамлекетинин жарандарына өз мамлекетинин аймагына кирүүгө жана жүрүүгө уруксат берүүдөн баш тартуу укугун өзүнө калтырышат.
5-берене. Тийиштүү документтер жөнүндө билдирүү
1. Макулдашуучу тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары дипломатиялык каналдар аркылуу өздөрүнүн паспортторунун жекелештирилген үлгүлөрү менен бул Макулдашууга кол коюлган күндөн тартып 30 (отуз) күндүн ичинде алмашат.
2. Эгерде жаңы дипломатиялык паспорттор киргизилсе, же мурунку паспорттор өзгөртүлсө, Макулдашуучу тараптар бири-бирине дипломатиялык каналдар аркылуу жаңы же өзгөртүлгөн паспорттордун жекелештирилген үлгүлөрүн, аларды колдонууга байланыштуу бардык тийиштүү маалыматтар менен бирге киргизилген күндөн тартып 30 (отуз) күндөн кечиктирбей жөнөтүшөт.
6-берене. Талаштарды жөнгө салуу
1. Макулдашуучу тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары бул Макулдашууну колдонууга же чечмелөөгө байланыштуу ар кандай талаштар тууралуу бири-бирине консультация беришет.
2. Бул Макулдашууну колдонууда же чечмелөөдө келип чыккан ар кандай талаштарды Макулдашуучу тараптар дипломатиялык каналдар аркылуу чечишет.
7-берене. Түзөтүүлөр
Ушул Макулдашууга болгон бардык түзөтүүлөр Макулдашуучу тараптардын ортосунда дипломатиялык каналдар аркылуу макулдашылууга тийиш. Алар акыркы билдирмени алган күндөн 30 (отуз) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет, аларга ылайык Макулдашуучу тараптар мамлекет ичиндеги жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө бирин бири кабардар кылышат.
8-берене. Башка милдеттенмелерге карата колдонулбастыгы
Бул Макулдашуу Макулдашуучу тараптардын мамлекеттеринин башка эл аралык келишимдеринен, анын ичинде 1961-жылдын 18-апрелиндеги Дипломатиялык карым-катнаштар жөнүндө Вена конвенциясынан жана 1963-жылдын 23-апрелиндеги Консулдук карым-катнаштар жөнүндө Вена конвенциясынан келип чыккан башка милдеттенмелерди козгобойт.
9-берене. Колдонуу мөөнөтү жана күчүнө кирүүсү
Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт. Ал Макулдашуучу тараптардын тиешелүү мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы тууралуу акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн алган күндөн 30 (отуз) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
10-берене. Убактылуу токтотуу
1. Ар бир Макулдашуучу тарап мамлекеттик коопсуздукту, коомдук тартипти, ден соолукту сактоо максатында же башка олуттуу себептердин негизинде ушул Макулдашуунун күчүн толугу менен же жарым-жартылай убактылуу токтотуу укугун өзүнө калтырат.
2. Убактылуу токтотуу тууралуу чечим башка Макулдашуучу тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу ал чечим күчүнө киргенге 48 (кырк сегиз) саатка чейинки убакытта жөнөтүлөт. Бул Макулдашуунун пайдалануусун убактылуу токтоткон Макулдашуучу Тарап, убактылуу токтотуу үчүн себептер жок болгон учурда, башка Макулдашуучу тарапка ал тууралуу дароо билдирет. Убактылуу токтотуу жогоруда аталган билдирүүнү алган күндөн тартып алып салынууга тийиш.
11-берене. Күчүн токтотуу
Макулдашуучу тараптардын ар бири бул Макулдашуунун күчүн токтотуу тууралуу өзүнүн чечими жөнүндө башка Макулдашуучу тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу ар убакта билдирүүгө укуктуу. Ушул Макулдашуунун иш мөөнөтү башка Макулдашуучу тараптан билдирме алгандан күндөн 30 (отуз) күн өткөндөн кийин токтотулат.
______________ шаарында 201__-жылдын __ ________ эки нускада, ар бири кыргыз, орус, француз жана англис тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Швейцария Федералдык Кеңеши үчүн |