Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 11-апрели № 154-б
Кыргыз Республикасы менен Франция Республикасынын жарандарынын - дипломатиялык паспорттордун ээлеринин өз ара барып-келүү режимин тартипке салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Франция Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлерин кыска мөөнөттүү визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басарына Макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Франция Республикасынын Өкмөтү (мындан ары "Тараптар" деп аталуучу), эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнү жана өз мамлекеттеринин жарандарынын сапарларын жеңилдетүүгө көмөк көрсөтүүнү каалап, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-берене.
Жарактуу дипломатиялык паспортторго ээ болгон Кыргыз Республикасынын жарандары расмий же жеке иш менен Франция Республикасынын аймагына кыска мөөнөткө үзгүлтүксүз же бир нече жолу болуу үчүн киргенге визалык талаптардан бошотулат, аталган болуунун жалпы узактыгы Шенген зонасынын мүчө мамлекеттеринин аймагында же Франция Республикасынын аталган мейкиндикке кирбеген аймагынын каалаган бөлүгүндө жалпы мөөнөтү жүз сексен (180) күндүн ичинде токсон (90) күндөн ашпашы керек.
2-берене.
Жарактуу дипломатиялык паспортторго ээ болгон Франция Республикасынын жарандары расмий же жеке иш менен Кыргыз Республикасынын аймагына кыска мөөнөткө үзгүлтүксүз же бир нече жолу болуу үчүн киргенге визалык талаптардан бошотулат, ошол болуунун жалпы мөөнөтү жүз сексен (180) күндүн ичинде токсон (90) күндөн ашпашы керек.
3-берене.
1. Бир Тараптын дипломатиялык паспортторго ээ болгон жарандары ушул Макулдашуунун 1 жана 2-беренелеринде эске салынган мөөнөттөн ашык болсо, бир же бир нече жолу болуу үчүн виза алууга тийиш.
2. Тараптардын дипломатиялык паспортторго ээ болгон жарандары башка Тараптын мамлекетинин аймагына дипломатиялык миссия же консулдук функцияларды аткаруу үчүн жиберилсе же болбосо бир Тараптын жарандары башка Тараптын мамлекетинин аймагында жайгашкан эл аралык уюмга иштегени жөнөтүлсө, ушул Макулдашуу кабыл алуучу Тарапта аккредитациялоодон өтүүдө виза алуу милдетинен бошотпойт.
4-берене.
Ушул Макулдашууда эскертилген Тараптардын ар биринин дипломатиялык паспортторго ээ болгон жарандары башка Тараптын аймагында болгон учурда улуттук мыйзамдарды жана Тараптар мүчө болгон эл аралык келишимдердин жоболорун сактоого милдеттүү.
5-берене.
Тараптар дипломатиялык каналдар аркылуу учурда пайдаланылуучу дипломатиялык паспорттордун үлгүлөрү, жаңы киргизилген жана өзгөртүлгөн паспорттор жөнүндө маалыматтар менен алмашат жана ушул паспортторду берүүнүн жана пайдалануунун шарттары тууралуу маалымдашат. Тараптардын ар бири ушул паспортторду колдонууга, берүүнүн жана пайдалануунун шарттарына тиешелүү болгон бардык өзгөрүүлөр тууралуу аларды колдонууга чейин алтымыш (60) күн мурда башка Тарапка маалымдашы керек жана алардын үлгүлөрүн бериши керек. Дипломатиялык паспорттун уурдалгандыгы, жоголгондугу же жокко чыгарылгандыгы боюнча бардык фактылар жөнүндө башка Тарапка алтымыш (60) күндүн ичинде билдирилиши керек.
6-берене.
Ушул Макулдашууну чечмелөөдө жана колдонууда келип чыккан пикир келишпестиктер консультациялар жана дипломатиялык каналдар боюнча сүйлөшүүлөр аркылуу тынчтык жолу менен чечилет.
7-берене.
1. Ушул Макулдашуунун колдонулушун Тараптардын бири толук же жарым жартылай токтото турушу мүмкүн.
2. Бир Тараптын аталган пунктка ылайык токтотуу же токтото туруу жөнүндө билдирүү дипломатиялык каналдар аркылуу жөнөтүлүшү керек. Макулдашууну токтотуу же токтото туруу мындай билдирүүнү алган учурдан тартып күчүнө кирет.
8-берене.
1. Ушул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлдү.
2. Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. Бул өзгөртүүлөр Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет жана ушул Макулдашуунун 9-беренесине ылайык күчүнө кирет.
3. Тараптардын ар бири ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу жөнүндө чечимин дипломатиялык каналдар аркылуу каалаган убакта билдире алат, Макулдашуу мындай билдирүүнү алган күндөн отуз (30) күн өткөндөн кийин токтотулат.
9-берене.
Ушул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы тууралуу акыркы билдирүүнү алган күндөн отуз (30) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Муну күбөлөндүрүү үчүн төмөндө кол коюуга ыйгарым укуктуулар ушул Макулдашууга кол коюшту.
__________ шаарында ___-жылдын "__" __________ эки түп нускада, ар бири кыргыз, орус жана француз тилдеринде түзүлдү, мында бардык үч текст тең бирдей күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Франция Республикасынын Өкмөтү үчүн |