Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2016-жылдын 20-апрели № 176-б
Кыргыз Республикасынын "САSА-1000" долбоору боюнча өкмөттөр аралык кеңештин ишине мындан аркы катышуусу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июлундагы № 270-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Комиссиянын кыргыз бөлүгү төмөнкү курамда түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын Экономика министри, комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары, комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн жетекчисинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
"Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Электр станциялар" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча).".
Премьер-министр | С.Жээнбеков |