КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 6-июлу № 270-б
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 20-апрелиндеги № 176-б, 2016-жылдын 21-ноябрындагы № 498-б, 2018-жылдын 31 декабрындагы № 471-б буйруктардын редакцияларына ылайык)
"CASA-1000" долбоору боюнча өкмөттөр аралык кеңештин ишине мындан ары катышуу максатында:
"1. Комиссиянын кыргыз бөлүгү төмөнкү курамда түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы, комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн жетекчисинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
"Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Электр станциялар" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча).".
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-ноябрындагы № 498-б, 2018-жылдын 31 декабрындагы № 471-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-мартындагы № 100-б буйругу;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-январындагы № 29-б буйругу.
Премьер-министр | А. Атамбаев |