Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 20-апрели № 177-б
Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-сентябрындагы № 400-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн "CASA-1000" долбоору боюнча даярдык иш-чараларын координациялоо боюнча жумушчу топтун курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Тиркеме
Джунушалиев Туратбек Шаршенкулович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчиси; |
Абасканов Нурбек Эсенканович | - | "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Орозбеков Алымбек Асылбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Инвестициялар жана МЖӨ башкармалыгынын начальниги; |
Анарбаев Анвар Арсланович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Тышкы саясатты талдоо, пландоо жана координациялоо департаментинин директору; |
Оскомбаев Марат Салмурзаевич | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардам программалары бөлүмүнүн башчысы; |
Жээнбеков Марат Арынбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин отун-энергетикалык комплексинин долбоорлорун ишке ашыруу боюнча бөлүмүнүн башкы адиси; |
Боркоев Бердибек Калыбекович | - | "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун башкы директорунун биринчи орун басары (макулдашуу боюнча); |
Тюменбаев Акылбек Рабаевич | - | "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун долбоорлорду ишке ашыруу боюнча аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Попов Леонид Григорьевич | - | "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун долбоорлорду ишке ашыруу тобунун эксперт-энергетиги (макулдашуу боюнча); |
Усеков Нурдин Насрединович | - | "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун энергияны сатуу бөлүмүнүн энергияны экспорттоо секторунун начальниги (макулдашуу боюнча); |
Джумалиев Кайрат Насерович | - | "CASA-1000" долбоорунун координатору (макулдашуу боюнча); |
Иманкулова Жанна Сатовна | - | "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун эл аралык кызматташуу жана долбоорлорду мониторингдөө секторунун башчысы (макулдашуу боюнча).". |