Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 30-декабры № 654-б
Бишкек шаарында 2016-жылдын 10-11-январында болуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кара-Суу шаарын суу менен камсыз кылуу жана канализация системаларын реабилитациялоо" жана "Чолпон-Ата шаарын суу менен камсыз кылуу жана канализация системаларын реабилитациялоо" долбоорлору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтык протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Бишкек шаарында 2016-жылдын 10-11-январында болуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кара-Суу шаарын суу менен камсыз кылуу жана канализация системаларын реабилитациялоо" жана "Чолпон-Ата шаарын суу менен камсыз кылуу жана канализация системаларын реабилитациялоо" долбоорлору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын КУРАМЫ
Мамбетов Турдубек Мамбетович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору, делегациянын башчысы; |
Байгончоков Мирланбек Конушбекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Джакыпов Кылычбек Джумадилович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Сулайманов Азамат Талапбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары; |
Айдралиева Расым Шаршекеевна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; |
Токтошев Аскарбек Сулейманович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментинин директору; |
Мурзаев Кубат Садырбекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардам башкармалыгынын начальниги; |
Имангазиев Алмаз Кулубекович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Интеграциялык бирикмелер департаментинин директорунун орун басары; |
Турганбаев Зарлык Тургунбаевич | - | Кара-Суу шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Бакиров Болот Саякович | - | Чолпон-Ата шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Турдукулов Хаятилла Мырзакматович | - | "Кара-Суу суу каналы" муниципалдык ишканасынын директору (макулдашуу боюнча); |
Турдакунов Махмуд Турдакунович | - | "Чолпон-Ата суу каналы" муниципалдык ишканасынын директору (макулдашуу боюнча). |