КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 28-декабры № 635-б
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 437-б буйругунун редакциясына ылайык)
Биометрикалык технологияларды колдонуу менен Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун жана Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык жаңы муундагы паспортторун киргизүү жана алардын негизинде заманбап технологияларды колдонуу менен документтерди жекелештирүүнүн автоматташтырылган тутумун түзүү максатында:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ бир айлык мөөнөттө биометрикалык технологияларды колдонуу менен Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун жана Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык жаңы муундагы паспортторун киргизүү жана алардын негизинде заманбап технологияларды колдонуу менен документтерди жекелештирүүнүн автоматташтырылган тутумун түзүү маселесин изилдесин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизсин.
3. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук жана техникалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына жүктөлсүн.
4. Жумушчу топко белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын, мекемелердин адистерин жана көз карандысыз эксперттерди ишке тартууга, ошондой эле зарыл маалыматтарды сурап алууга укук берилсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| Т. Сариев |
Тиркеме
Жумушчу топтун КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 437-б буйругунун редакциясына ылайык)
Панкратов Олег Михайлович | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, жумушчу топтун жетекчиси; |
Сарпашев Тайырбек Дуйшекеевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Дооталиев Улан Тимурович | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Аттокуров Данияр Бексултанович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Бакчиев Джаныбек Абдукапарович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Орозалиев Алмазбек Кыдырмаевич | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары; |
Кармышаков Улукбек Тойчуевич | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Усенов Азамат Эркинбекович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары; |
Чокморов Тилек Есенжанович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын директорунун орун басары; |
Байтереков Таалай Алымбекович | - | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; |
Исаков Курманбек Байдалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары; |
Джуматаева Гульнура Муратовна | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары. |