Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 17-ноябры № 558-б
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын имараттарын алардын профили боюнча иштөөсүн инвентаризациялоо жана мамлекеттик, муниципалдык органдар, мекемелер жана уюмдар жайгашкан мурунку саламаттык сактоо уюмдарынын имараттарын пайдалануунун натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Ведомстволор аралык комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия 2015-жылдын аягына чейин Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын имараттарын алардын профили боюнча иштөөсүн инвентаризациялоону жана мамлекеттик, муниципалдык органдар, мекемелер жана уюмдар жайгашкан мурунку саламаттык сактоо уюмдарынын имараттарын пайдалануунун натыйжалуулугуна талдоону жүргүзсүн жана жыйынтыгы боюнча тикелей арналышы боюнча колдонулбаган саламаттык сактоо уюмдарынын имараттарын андан ары пайдалануу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык комиссия зарыл болгон учурда иш процессинде келип чыгуучу маселелерди чечүү үчүн белгиленген тартипте министрликтердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Ведомстволор аралык комиссиянын курамы
Кудайбердиева Гульмира Каримовна | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; |
Жумадилде уулу Мурадил | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Мурзалиев Амангелди Жолдошбекович | - | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Бусурманкулов Эмилбек Бурканбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Кармышаков Улукбек Тойчуевич | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Халитов Михаил Гилфанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Шамканов Кумушбек Куручбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары; |
Джайчиев Кушбек Джайчиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директорунун орун басары; |
Уметалиев Нурбек Сейдакматович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин мамлекеттик менчик саясаты башкармалыгынын начальниги; |
Урманбетов Замир Кылычбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
Жаркуналиева Азият Шаболотовна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
Борбукеева Рита Нурмаметовна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
Абдыраимакунова Чынара Тургунбековна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
Юсупов Байыш Юсупович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
Анаркулов Бактыбек Кочкорович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
Абдрахманов Сейитбек Кутбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
Исаков Жеңиш Исакович | - | Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча); |
Семетеев Ашим Эргешович | - | Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча). |