Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 15-октябры № 517-р
Улуу ойчул, илимпоз, акын жана Карахандар каганатынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Жусуп Баласагындын 1000 жылдык мааракесине арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы Юбилейлик иш-чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. Улуу ойчул, илимпоз, акын жана Карахандар каганатынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Жусуп Баласагындын 1000 жылдык мааракесине арналган иш-чаралардын даярдалышын жана өткөрүлүшүн камсыздоо боюнча уюштуруу комитетинин (мындан ары - уюштуруу комитети) курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Уюштуруу комитети Иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча планды иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдар мамлекеттик бюджеттин каражатынын эсебинен төлөнсүн.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Улуу ойчул, илимпоз, акын жана Карахандар каганатынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Жусуп Баласагындын 1000 жылдык мааракесине арналган иш-чаралардын даярдалышын жана өткөрүлүшүн камсыздоо боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ
Ниязалиева Дамира Абаскановна | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Сариева Эльвира Кубанычбековна | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; |
Максутов Алтынбек Аскарович | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; |
Эркебаев Абдыганы | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча). |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Касымалиев Адылбек Алешович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри; |
Исаков Сапар Джумакадырович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басарынын рангында тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Карыбаева Мира Аскеровна | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басарынын рангында этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Кудайбердиева Гульмира Каримовна | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Бакиров Шейшенкул Турдумамбетович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору; |
Кулматов Кубанычбек Кенешевич | - | Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Кудайбергенов Бактыбек Жапарович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Имамадиев Болот Кадырбекович | - | Чүй облусунун Токмок шаарынын мэринин милдетин аткаруучу (макулдашуу боюнча); |
Корчуева Эльнура Асылбековна | - | Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиянын жооптуу катчысы (макулдашуу боюнча); |
Садыков Тургунбай Садыкович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук сүрөт академиясынын ректору (макулдашуу боюнча); |
Адамкулова Чинара Усенбековна | - | Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору; |
Акматалиев Абдылдажан Амантурович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академик, филология илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча); |
Жуманалиев Акылбек Жуманалиевич | - | тарых илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча); |
Какеев Аскар Чукутаевич | - | коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); |
Жекшеев Жыпар | - | коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); |
Иманалиев Кайрат Олжобаевич | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); |
Балбаков Эрнис | - | "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору - башкы редактор; |
Слащева Тамара Михайловна | - | "Слово Кыргызстана" басма үйүнүн директору - башкы редактор; |
Осмонов Кыргызбай Арапбаевич | - | Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын башкы директору; |
Бакашова Жылдыз Кемеловна | - | А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын директору; |
Чоротегин Тынчтыкбек Кадырмамбетович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын алдындагы "Мурас" фондунун төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Молдокасымов Кыяс Сатарович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын алдындагы "Мурас" фондунун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Бекжанов Талант Бекжанович | - | "Токтогул - маданий Мурас" коомдук фондунун тең төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Сарыбаев Эдилбек Азимович | - | "Кыргыз Жер" илимий-агартуу коомунун төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Козубеков Төлөгөн Козубекович | - | коомдук ишмер (макулдашуу боюнча). |