РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы № 333-б (Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 2-ФАЗА» долбоорун каржылоо үчүн Евразия экономикалык коомдоштугунун Кризиске каршы фондунун каражатынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралу) буйругу

Редакция14.07.2015 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2015-жылдын 14-июлу № 333-б

1. Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 2-ФАЗА" долбоорун каржылоо үчүн Евразия экономикалык коомдоштугунун Кризиске каршы фондунун каражатынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев