Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 31-июлу № 364-б
Төлөмдөрдү эсепке алуунун айкындыгын камсыз кылуу, бизнести ак ниет жүргүзүүгө дем берүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. 2015-жылдын 3-августу - 30-сентябрында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймактарында онлайн режиминде маалыматтарды берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды убактылуу колдонуу механизминин пилоттук (эксперименттик) режими (мындан ары - "ККМ онлайн режими" долбоору) жайылтылсын.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Онлайн режиминде маалыматтарды берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин жайылтуу боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоор жөнүндө убактылуу жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- "ККМ онлайн режими" долбоорунда колдонулуучу контролдук-кассалык машиналарга убактылуу талаптар, 2-тиркемеге ылайык.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "ККМ онлайн режими" долбоорун каржылоону камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы "ККМ онлайн режими" долбоорун ишке ашыруу оң натыйжа берген учурда, онлайн режиминде маалыматтарды берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында жайылтуу үчүн зарыл болгон тийиштүү актылардын долбоорлорун иштеп чыгышсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына белгиленген тартипте киргизишсин.
5. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына "ККМ онлайн режими" долбоорун ишке ашырууга көмөк көрсөтүшсүн.
6. Ушул буйрук расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
1-тиркеме
Онлайн режиминде маалыматтарды берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин жайылтуу боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоор жөнүндө убактылуу ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Убактылуу жобо Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймактарында маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин жайылтуу боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоорду (мындан ары - "ККМ онлайн режими" долбоору) жүргүзүүнүн тартибин жана шарттарын аныктайт.
2. Ушул Убактылуу жобонун күчү "ККМ онлайн режими" долбоорунун катышуучуларына таратылат.
3. "ККМ онлайн режими" долбоорунун катышуучулары төмөнкүлөр болуп саналат:
- ыйгарым укуктуу салык органы жана аймактык салык органдары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Айти-сервис" мамлекеттик мекемеси (акчалай эсептешүүлөр жөнүндө салык органдарына маалымат берүү боюнча техникалык коштоону камсыз кылуу үчүн);
- "ККМ онлайн режими" долбооруна катышууга өзүнүн макулдугун берген жана "ККМ онлайн режими" долбооруна катышуу үчүн ыйгарым укуктуу салык органдары тарабынан аныкталган салык төлөөчү катары Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймактарындагы салык органдарында каттоодо турган ишкердик субъекттери (мындан ары - ишкердик субъекттери);
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун Сыноолордун, сертификатташтыруунун жана метрологиянын Бишкек борбору тарабынан берилген сертификаттын негизинде ишин жүзөгө ашырган "ККМ онлайн режими" долбооруна катышууну каалаган жана "ККМ онлайн режими" долбооруна катышуу үчүн ыйгарым укуктуу салык органдары тарабынан аныкталган контролдук-кассалык машиналарды техникалык тейлөө борборлору (мындан ары - ТТБ).
2 "ККМ онлайн режими" долбоорунун негизги максаттары
4. "ККМ онлайн режими" долбоорунун максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:
- товарларды сатууда, жумуштарды аткарууда, кызматтарды көрсөтүүдө контролдук-кассалык машинаны колдонуу менен ишке ашырылуучу накта акчалай эсептешүүлөр жөнүндө, онлайн режиминде маалыматтарды берүүнүн экономикалык натыйжалуулугун жана технологиясын оптималдуу колдонууну аныктоо;
- контролдук-кассалык машинаны пайдалануунун техникалык мүмкүнчүлүктөрүн жана эсептешүүлөр жөнүндө маалымат берүүнүн технологиясын аныктоо;
- маалыматтарды берүүнүн жаңы технологиясын колдонууну эске алуу менен контролдук-кассалык машиналарды каттоонун, эсептен чыгаруунун жана башкаруунун жол-жоболорун иштеп чыгуу;
- маалыматтарды берүүнүн маалыматтык системасын жайылтууда салык төлөөчүлөр үчүн чыгашалардын реалдуу оордугун эсептөөнү аныктоо;
- ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасына эсептешүүлөр тууралуу маалымат берүүнү уюштуруу үчүн байланыш түйүндөрүн жана сервердик жабдууларды пайдалануунун мүмкүнчүлүгүн текшерүү;
- "ККМ онлайн режими" долбоорун киргизгенге чейин жана киргизгенден кийин алынган маалыматтардын финансылык көрсөткүчтөрүнө салыштырма талдоо жүргүзүү.
3. "ККМ онлайн режими" долбоорун жүргүзүүгө талаптар жана ишке ашыруу тартиби
5. Ыйгарым укуктуу салык органы "ККМ онлайн режими" долбоорун жайылтууну уюштурат, методологиялык коштоону жана "ККМ онлайн режими" долбоорунун катышуучулары менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат.
6. "ККМ онлайн режими" долбооруна катышуу ыктыярдуу негизде ишке ашырылат.
7. Ыйгарым укуктуу салык органы өзүнүн расмий сайтына "ККМ онлайн режими" долбоорун жүргүзүү жөнүндөгү маалыматты жайгаштырат.
8. Аймактык салык органдары ишкердик субъекттерине ушул Убактылуу жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча чакыруу кабарламасын тапшыруу жолу менен "ККМ онлайн режими" долбооруна катышууга чакырышат.
9. Ишкердик субъекти ушул Убактылуу жобонун 2-тиркемесине ылайык тийиштүү аймактык салык органына өзүнүн "ККМ онлайн режими" долбооруна катыша тургандыгын жазуу жүзүндө ырастайт.
10. Ыйгарым укуктуу салык органы "ККМ онлайн режими" долбоорунун техникалык колдоосун камсыз кылуу максатында ТТБны тартат.
11. "ККМ онлайн режими" долбооруна катышуу ниетин билдирген ТТБ "ККМ онлайн режими" долбооруна катышуу тууралуу, ошондой эле ушул Убактылуу жобонун талаптарын сактай тургандыгы жөнүндө расмий макулдук-катты ыйгарым укуктуу салык органына жөнөтөт.
12. Ыйгарым укуктуу салык органы "ККМ онлайн режими" долбоорун жайылтууда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймактарында жайгашкан ишкердик субъекттеринин, алардын ордунун (точкасын) тизмесин, ошондой эле "ККМ онлайн режими" долбооруна катышуучу ТТБны аныктайт.
13. Ыйгарым укуктуу салык органы "ККМ онлайн режими" долбоорунун катышуучусу-ишкердик субъектине акысыз, убактылуу пайдаланууга онлайн режиминде маалыматтарды берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналардын жаңы моделин берет.
14. "ККМ онлайн режими" долбооруна катышкан ишкердик субъектине онлайн режиминде маалыматтарды берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналардын жаңы моделин колдонууга же колдонуудагы контролдук-кассалык машиналардын моделин ыйгарым укуктуу салык органынын серверине онлайн режиминде маалыматтарды берүүчү түзүлүштөрдү орнотуу үчүн берүүгө милдеттүү.
Ишкердик субъекти тарабынан онлайн режиминде маалыматтарды берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналардын жаңы моделин колдонууда "ККМ онлайн режими" долбоорун киргизүү процессинде иш жүзүндө түшкөн бардык акча ушул адамдын келип түшкөн акчасы катары эсептелет.
Эсепке алынган акчанын суммасы тууралуу маалымат ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасына түшөт.
15. "ККМ онлайн режими" долбооруна катышкан ТТБ төмөнкүлөргө милдеттүү:
- "ККМ онлайн режими" долбооруна катышкан ишкердик субъекттерин жумасына 7 күн, суткасына 24 саат бою техникалык колдоону камсыз кылууга;
- "ККМ онлайн режими" долбоорунда колдонулуучу контролдук-кассалык машиналарды каттоого (кайра каттоого);
- "ККМ онлайн режими" долбоорунда колдонулуучу контролдук-кассалык машиналардан алынган маалыматтарды ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасына онлайн-берүү кызматы үчүн уюктук байланыштын операторлоруна өз убагында жана толук көлөмдө акы төлөөгө;
- "ККМ онлайн режими" долбоорунда колдонулуучу контролдук-кассалык машиналардагы фискалдык маалыматтарды өзгөртүү максатында пломбасы бузулган же тыштан кийлигишүүлөр билинип калган учурлар жөнүндө токтоосуз ыйгарым укуктуу салык органына маалымдоого.
16. "ККМ онлайн режими" долбоорун жайылтуу мезгилинде мобилдик байланыш операторлоруна транзакция (байланыш) үчүн акы төлөө ишкердик субъекттерин тейлеген ТТБ тарабынан жүргүзүлөт.
17. "ККМ онлайн режими" долбоорунун аякташы менен пайдаланылган контролдук-кассалык машиналар ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан туруктуу пайдалануу үчүн ишкердик субъектисине акысыз түрдө берилиши мүмкүн.
|
| Онлайн режиминде маалыматтарды берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин жайылтуу боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоор жөнүндө убактылуу жобого 1-тиркеме |
|
| _______________________________________ |
|
| (ишкердик субъекттин толук аталышы, ИСН) |
20___-ж. "__" __________ |
| № ________ |
"ККМ онлайн режими" долбооруна катышуу тууралуу КАБАРЛОО
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын "___" ___________ №_______________ буйругуна ылайык,
____________________________________________________________________
(аймактык салык органынын аталышы)
онлайн режиминде маалыматтарды берүү функциясы бар коктролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин жайылтуу боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоорго ("ККМ онлайн режими долбооруна) катышууга чакырат.
"ККМ онлайн режими" долбоору тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына (www.sti.gov.kg) кайрылса же телефонуна чалса болот.
(телефон номери) ___________________________________
Аймактык салык органынын жетекчиси | ______________ | __________________ |
| (колу) | (аты-жөнү) |
|
| Онлайн режиминде маалыматтарды берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин жайылтуу боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоор жөнүндө убактылуу жобого 2-тиркеме |
|
| _______________________________________ |
|
| (ишкердик субъекттин толук аталышы, ИСН) |
20___-ж. "__" __________ |
| № ________ |
"ККМ онлайн режими" долбооруна катышууга макулдугу тууралуу ЫРАСТАМА
Онлайн режиминде маалыматтарды берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин жайылтуу боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоорго катышуу тууралуу Сиздин 2015-жылдын "__"_________ № _________ кабарлооңузга
____________________________________________________________________
(ишкердик субъектин аталышы)
"ККМ онлайн режими" долбооруна катышууга даяр экенимди билдирем (даяр экендигин билдирет) жана онлайн режиминде маалыматтарды берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмдерин жайылтуу боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоор жөнүндө убактылуу жобонун ченемдерин сактоо милдеттенмесин кабыл алам (кабыл алабыз).
Ишкердик субъекттин жетекчиси | ________________________________ |
| (аты-жөнү, колу) |
МО
2-тиркеме
"ККМ онлайн режими" долбоорунда колдонулуучу контролдук-кассалык машиналарга карата убактылуу ТАЛАПТАР
1. Ушул талаптар Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймактарында онлайн режиминде маалыматтарды берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин жайылтуу боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоордо (мындан ары - "ККМ онлайн режими" долбоору) колдонулуучу, онлайн режиминде маалыматтарды берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарга колдонулат.
2. Ушул талаптарда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
- контролдук тасма - контролдук-кассалык машина жана накта акчалай эсептешүүлөр жөнүндө маалыматты камтыган кагаз же электрондук түрдө алып жүрүүчүдө контролдук-кассалык машина тарабынан аткарылган алгачкы эсеп документи;
- фискалдык эстутумду топтогучтар - жазуулар жүргүзүлгөн датадан тартып 6 жылдан кем эмес мезгилде азыктандыруу булактарынан энергияны керектебестен өзгөртүлбөгөн түрдө фискалдык белгилерди, жазууларды түзүүнү, системалаштырууну, топтоону, сактоону камсыз кылуучу, фискалдык маалыматтарды жана контролдук-кассалык машинанын колдонуучусу тууралуу маалыматтарды алуучу жана салык органдарына мындай маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгүн берүүчү фискалдык эстутумдун программалык-аппараттык каражаттары;
- колдонуучу - товар сатууда, жумуштарды аткарууда же кызмат көрсөтүүдө калк (кардар) менен накта акчалай эсептешүүлөрдү ишке ашыруу учурунда контролдук-кассалык машинаны колдонуучу жак;
- фискалдык белги - касса чегинде чагылдырылган жана электрондук түрдө салык органдарына берилген накта акчалай эсептешүүлөр жөнүндө маалыматтын шайкештигин жана тууралыгын камсыз кылуучу накта акчалай эсептешүүлөр жөнүндө маалыматтарды кайра өзгөртүүнүн натыйжасында түзүлгөн маалымат.
3. "ККМ онлайн режими" долбоору иштеп жаткан мезгилде онлайн режиминде маалыматтарды берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналардын жаңы модели пайдаланылат.
4. "ККМ онлайн режими" долбоорунда колдонулуучу контролдук-кассалык машиналар накта акчалай эсептешүүлөр ишке ашырылып жаткан учурда:
- маалыматтарды кабыл алуучу-өткөрүп берүүчү түзүлүшү жана корпусу болууга тийиш;
- фискалдык эстутуму, фискалдык эстутумду топтогучу жана контролдук тасмасы болууга тийиш;
- электрондук түрдөгү накта акчалай эсептешүүлөр жөнүндө маалымат кассалык чекте чагылдырылып, онлайн режиминде салык органдарына өткөрүп берүү камсыз кылынышы керек;
- электрондук түрдө фискалдык белги кабыл алынышы жака ал кассалык чекте чагылдырылышы керек;
- кассалык чектердин басылышы камсыз кылынышы керек;
- сааттын реалдуу убактысы көрсөтүлүшү керек;
- пайдалануучу жүргүзгөн накта акчалай эсептешүүлөр жөнүндө маалыматка пайдалануучунун жетүүсү камсыз кылынышы керек;
- байланыш убактылуу жок болгон учурларда байланыш токтогон учурдан тартып, байланыш калыбына келтирилген учурга чейинки ишке ашырылган накта акчалай эсептешүүлөр тууралуу кассалык чекте чагылдырылган маалыматтардын электрондук түрдө салык органдарына берилиши камсыздалышы керек;
- кассалык чекте төмөнкү милдеттүү реквизиттер басылышы керек:
документтин аталышы - кассалык чек;
ишкердик субъекттин аталышы;
салык төлөөчүнүн идентификациялык номери;
контролдук-кассалык машинанын номери;
кассалык чектин катар номери;
товар (жумуш аткаруу, кызмат көрсөтүү) сатып алынган дата жана убактысы;
сатуудан салыктын жана кошумча наркка салыктын суммаларын көрсөтүү менен товардын (жумуштун, кызмат көрсөтүүнүн) наркы;
салык салуунун колдонулган системасы;
эсептешүү формасы (накталай же накталай эмес);
фискалдык белгиси (байланыш убактылуу жок болгон учурда фискалдык белги кагаз жүзүндө аткарылган кассалык чекте чагылдырылбайт);
фискалдык режим;
кассалык чек, кассалык чектин реквизиттери жана электрондук түрдө кассалык чектин берилиши тууралуу маалыматтардын маалымат базасында болуу фактысын текшерүүнү ишке ашыруу мүмкүн болгон ыйгарым укуктуу салык органынын расмий сайтынын дареги.