Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 29-апрели № 189-б
Бишкек шаарында 2016-жылдын 10-12-майында болуучу Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын (мындан ары - Комиссия) кезектеги оп биринчи жыйынынын ишине катышуу үчүн:
1. Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасына республиканын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, административдик ведомстволорунун, ишканаларынын жана уюмдарынын жетекчилерин жана адистерин алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Бишкек шаарында 2016-жылдын 10-12-майында болуучу Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги он биринчи жыйынынын ишине катышуу үчүн Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн КУРАМЫ
Айдаров Замирбек Казакбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри, Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы; |
Курманова Айдай Эркиновна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы; |
Секимов Бактыбек Шайыкбекович | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы; |
Керималиев Жаныбек Калканович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары; |
Орозбаева Лада Джантаевна | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Утебаев Медер Шамшыбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Савин Вячеслав Валерьевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезиялык кызматынын директору; |
Байбосунов Нурлан Мокушевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын Аткаруучу кеңешинин мүчөсү; |
Давлеталиев Амангельды Сатарович | - | Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын улук вице-президенти (макулдашуу боюнча); |
Абдыжапарова Бубуйра Самыйбековна | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Азия жана Африка департаментинин директорунун орун басары; |
Чапаев Жаныбек Жумабекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун директорунун орун басары; |
Эшназаров Наби Асанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин геология башкармалыгынын начальниги; |
Калматова Бурул Калматовна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын камсыздандырууну өнүктүрүү саясаты бөлүмүнүн начальниги; |
Ирсалиев Дуйшен Исмаилович | - | "Бишкек" эркин экономикалык зонасынын башкы директору; |
Кудайбердиева Айзада Бердибековна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар башкармалыгынын башкы адиси, комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн жооптуу катчысы. |