Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
АППАРАТ ЖЕТЕКЧИСИ - МИНИСТР
БУЙРУК
2016-жылдын 15-февралы № 20
Банк секторун өтүмдүүлүктүн керектүү деңгээли менен финансылык жактан камсыз кылууга талдоо жүргүзүү жана айыл чарба секторун кошумча кредиттөөнүн мүмкүндүктөрүн өзгөртүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 23-пунктуна ылайык:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ бир айлык мөөнөттө:
- төмөнкүлөрдү иликтесин:
банк секторун финансылык жактан камсыздоонун маселелерин;
өтүмдүүлүктүн деңгээлине болгон керектөөлөрдүн реалдуу көлөмүн;
- жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча:
конкреттүү жыйынтыктар менен маалымдама даярдасын;
айыл чарба секторун жана экономиканы кошумча кредиттөө мүмкүндүктөрүн өзгөртүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси мамлекеттик органдардын, ишканалардын, уюмдардын адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга, ошондой эле керектүү маалыматты талап кылып алууга укуктуу деп белгиленсин.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун жетекчилери ведомстволор аралык жумушчу топтун ишине көмөк көрсөтүшсүн, керектүү документтерди, маалыматтарды өз убагында беришсин.
5. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
Н.С. Момуналиев |
Тиркеме
Ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун тең төрагасы.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары;
"Айыл банк" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
"РСК Банк" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармасынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн эксперти.